Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 1-сентябры № 2-Д
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары – Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тизмеде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери туруктуу негизде төмөнкү иштерди жүргүзүшсүн:
– орун алган коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча;
– баш ийген кызматкерлердин коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатуу боюнча;
– баш ийген бөлүмдө коррупциялык тобокелдиктер бар учурларды жана кырдаалдарды төмөндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башчысы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Укуктук камсыздоо жана коррупцияны алдын алуу башкармалыгынын башчысы:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешке маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин укуктук камсыздоо жана коррупцияны алдын алуу башкармалыгынын башчысына жүктөлсүн.
6. Буйрук тиешелүү адамдарга жеткирилсин.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды
Министри | Б.Э. Ажикеев |