Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2023-жылдын 27-ноябры № 01-13/238
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин буйругу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 14-мартындагы № 2 «Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, “Электр энергетика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, жылуулук энергиясына тарифтерди белгилөө үчүн эсептөөлөрдүн жол-жоболорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында буйрук кылам:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 14-мартындагы № 2 «Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасын бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Продукциянын (жумуштардын, кызматтардын) өздүк наркын аныктоо жана жылуулук энергиясына тарифтерди түзүү методикасында:
- 30-пункттун 8-пунктчасынын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- ушул буйрук катталгандан кийин үч күн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чаралар көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде ченемдик укуктук актылардын малекеттик реестрине киргизүү үчүн басылманын булагын көрсөтүү менен мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада кагаз жана электрондук түрдөгү буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күн ичинде көчүрмөсүн маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министрдин м.а. | Н.Ж. Усенова |