Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-декабры № 155
Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана
добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 28-июнундагы № 111 токтомуна ылайык бул токтомдун айрым талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп табуу жагынан Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш, Ивановка жана Кең-Булуң айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 24-июлундагы № 128 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү жокко чыгарылды.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 6-августундагы № 134 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 16-октябрындагы № 157 токтомуна ылайык бул токтомдун айрым талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары болуп шайланды деп табуу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 22-октябрындагы № 158 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 23-декабрындагы № 183 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 10-январындагы № 4 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 31-январындагы № 15 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 12-февралындагы № 23 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 18-февралындагы № 28 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 7-мартындагы № 43 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-мартындагы № 48 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 27-майындагы № 77 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 17-июнундагы № 80 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-июнундагы № 86 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 20-августундагы № 103 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 28-августундагы № 160 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 111 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 22-октябрындагы № 119 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 29-декабрындагы № 138 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 27-январындагы № 12 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 11-февралындагы № 16 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 3-мартындагы № 21 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 20-мартындагы № 27 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 40 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 43 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 22-майындагы № 48 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын каттоосу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 9-июнундагы № 58 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын каттоосу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 30-июнундагы № 67 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 29-августундагы № 128 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 17-февралындагы № 37 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 81 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү.
Шайлоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Ош облусу боюнча 3 бирдиктүү жана 350 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 1633 мандатка 5022 талапкер көрсөтүлүп, алардын ичинен 4627 талапкер катталган. Каттоодон өткөндөрдүн ичинен 842 талапкер саясий партиялардан, 99 талапкер шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн, 3686 талапкер өзүн-өзү көрсөткөн.
Добуш берүүгө 327670 шайлоочу катышкан, бул облустагы жалпы шайлоочулардын санынын 57,80%ын түзөт.
Добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин өкүлдөрү катышты. Добуш берүүнүн жүрүшүнө бардыгы болуп 5892 байкоочу байкоо жүргүздү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессинин катышуучуларынан шайлоо комиссияларынын чечимдерине бардыгы болуп 23 жазуу жүзүндөгү кайрылуу (арыздар, даттануулар) келип түшкөн.
Даттануулардын негизги мүнөзү: шайлоо комиссияларынын аракеттерине, жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин аракеттерине, шайлоочулардын добуштарын кайра эсептөө боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу жөнүндө.
Арыздарды карап чыгуунун натыйжалары боюнча Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн катышуусунда Ош облусунун Кара-Суу районунун № 5198, № 5169, № 5170 шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөөнү жүргүздү.
Кара-Суу районунун № 5198 шайлоо участкасында шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептөө учурунда көрсөтүлгөн шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген укук бузуулар белгиленди.
Кара-Суу районунун № 5245 шайлоо участкасында М.Жолдошевдин, М.С.Арстанбековдун арызын карап чыгуунун жыйынтыктары, ошондой эле № 5352 шайлоо участкасында К.Сидиковдун арызын карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча бул шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген укук бузуулар белгиленди.
Депутаттыкка талапкерлер Д.Рахманованын, Д.Рахмановдун арызында баяндалган иш жүзүндөгү жагдайларды айкындоо үчүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө жол берилген шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө материалдар "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына даярдалды.
Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы № 5011 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо мыйзамдарын бузуу менен жараксыз деп тапкан.
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын бирдей сандагы добуштарын алган эки талапкердин ортосунда чүчүкулак өткөрүү боюнча 2012-жылдын 30-ноябрында чечим кабыл алгандыгы жөнүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер А.Акжоловдун арызы боюнча арыз ээсинин далилдери ырасталды.
Шайлоонун жыйынтыктары боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдоруна ылайык 1633 талапкер жергиликтүү кеңештердин депутаттары болуп шайланды.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай, Араван, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесиндеги 4-бөлүккө, 40-беренесиндеги 4-бөлүккө, 56-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу жөнүндө маалымат эске алынсын (1-тиркеме).
2. Алай району боюнча:
1) Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Дөбө, Алай, Бүлөөлү, Ленин, Жошолу, Корулуу, Гүлчө, Жаңы-Алай, Сары-Могол айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын;
2) Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш, Талды-Суу, Үч-Добө, Алай, Бүлөөлү, Ленин, Жошолу, Корулуу, Гүлчө, Жаңы-Алай, Сары-Могол айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Араван району боюнча:
1) Токтогул шайлоо округунун № 5352 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана Токтогул шайлоо округу боюнча Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп табылсын.
2) Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо, Мангыт, Алля-Анар, С.Юсупов, Чек-Абад, Төө-Моюн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
3) Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо, Мангыт, Алля-Анар, С.Юсупов, Чек-Абад, Төо-Моюн айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
4. Кара-Суу району боюнча:
1) Учар шайлоо округунун № 5245 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана Учар шайлоо округу боюнча Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп табылсын;
2) Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешиндеги Мамажанов шайлоо округунун № 5198 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын;
3) Мамажанов шайлоо округу боюнча Кара-Суу районунун Жоош айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо жараксыз деп табылсын;
4) Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк, Кызыл-Суу, Мады, Жоош, Кашгар-Кыштак, Кызыл-Кыштак, Катта-Талдык, Жаңы-Арык, Савай, Ак-Таш, Нариман, Папан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын;
5) Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк, Кызыл-Суу, Мады, Жоош, Кашгар-Кыштак, Кызыл-Кыштак, Катта-Талдык, Жаңы-Арык, Савай, Ак-Таш, Нариман, Папан айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
5. Кара-Кулжа району боюнча:
1) (КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 10-январындагы № 6 токтомуна ылайык жокко чыгарылды)
2) Ош облусунун районунун Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа, Кара-Көз, Ылай-Талаа, Сары-Булак, Чалмаз, Капчыгай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын;
3) Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө өз протоколдорун ушул токтомго ылайык келтирсин;
4) (КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 10-январындагы № 6 токтомуна ылайык жокко чыгарылды)
5) Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол, Кара-Кочкор, Кара-Кулжа, Кара-Көз, Ылай-Талаа, Сары-Булак, Чалмаз, Капчыгай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
(КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 10-январындагы № 6 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ноокат району боюнча:
1) Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш, Кыргыз-Ата, Зулпуев, Мирмахмудов, Кара-Таш, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Шакар-Кыштак, Найманбаев, Бел, Көк-Жар, Найман, Он Экибел, Төөлөс, Кулатов, Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын;
2) Ош облусунун Ноокат районунун Кеңеш, Кыргыз-Ата, Зулпуев, Мирмахмудов, Кара-Таш, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Шакар-Кыштак, Найманбаев, Бел, Көк-Жар, Найман, Он Экибел, Төөлөс, Кулатов, Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
7. Өзгөн району боюнча:
1) Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинин, Кара-Таш, Кызыл Октябрь, Жалпак-Таш, Куршаб, Кароол, Баш-Дөбө, Торт-Көл, Жылалды, Ийри-Суу, Чангет, Зергер, Дөң-Булак, Жазы, Кызыл-Тоо, Салам-Алик, Көлдүк, Ак-Жар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын;
2) Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңешинин, Кара-Таш, Кызыл Октябрь, Жалпак-Таш, Куршаб, Кароол, Баш-Дөбө, Төрт-Көл, Жылалды, Ийри-Суу, Чангет, Зергер, Дөң-Булак, Жазы, Кызыл-Тоо, Салам-Алик, Көлдүк, Ак-Жар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин;
3) Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 37 чечиминин 2- жана 3-пункттары жокко чыгарылсын;
4) Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө өз протоколдорун ушул токтомго ылайык келтирсин;
5) Жазы айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол ушул токтомдун 7-пунктунун 3-пунктчасын эске алуу менен бекитилсин.
8. Чоң-Алай району боюнча:
1) Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай, Кашка-Суу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын;
2) Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди, Чоң-Алай, Кашка-Суу айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
9. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (2-тиркеме).
2-тиркемге Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 19-январындагы № 10 "Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 155 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна ылайык өзгөртүүлөр киргизилди
10. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
11. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|