Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-октябры № 158
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык мандаттары токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге жана пропорциялуу система боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы Ош облусунун Алай районундагы Үч-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Алмаматов Калыбек Аманбаевич боюнча шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун бекитүүдөгү, аны аталган айылдык кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндөгү № 155 токтомунун бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 5-сентябрындагы Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттар "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынан - Шаятов Фарахиддин Абдусаттарович, Молошова Санабархан, "Бир-Бол" Либералдуу-демократиялык партиясы" саясий партиясынан - Маруфжанов Акбаржан, Жуманазаров Ильяс Токтомушович, Чынасылова Тахмина Эргешовна, Мурзабаев Советбек Маамытович боюнча шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды шаардык кеңештин шайланган депугаттары деп таануу жөнүндөгү № 145 токтомунун бөлүктөрү күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 28-мартындагы Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Милянфан айылдык кеңешинин депутаты Вушьи Давуру боюнча шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун бекитүүдөгү, аны аталган айылдык кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндөгү № 54 токтомунун бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Мамбетказиев Айбек Жусуевич боюнча шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун бекитүүдөгү, аны аталган айылдык кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндөгү № 153 токтомунун бөлүгү күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү төмөнкү аймактык шайлоо комиссияларынын
- Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 3-октябрындагы № 2;
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 27/41;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 5-октябрындагы № 2;
- Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 19-октябрындагы № 1,
- чечимдери бекитилсин.
6. № 2 тиркемеде аталган талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
7. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана төш белгини берсин.
8. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
9. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары П.П.Баженовко жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 22-октябрындагы № 158 токтомунун № 1 тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. | Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Ош облусу | |||
Алай району | |||
1 | Үч-Дөбө | Алмаматов Калыбек Аманбаевич | |
Кара-Суу району | |||
2 | Кара-Суу шаардык кеңеши | Шаятов Фарахиддин Абдусаттарович | |
3 |
| Молошова Санабархан |
|
4 |
| Маруфжанов Акбаржан |
|
5 |
| Жуманазаров Ильяс Токтомушович |
|
6 |
| Чынасылова Тахмина Эргешовна |
|
7 |
| Мурзабаев Советбек Маамытович |
|
Чүй облусу | |||
Ысык-Ата району | |||
8 | Милянфан | Вушьи Давуру | |
Ысык-Көл облусу | |||
Тоң району | |||
9 | Күн-Чыгыш | Мамбеказиев Айбек Жусуевич | |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 22-октябрындагы № 158 токтомунун № 2 тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки депутатынын Ф.А.Ж. |
Ош облусу | ||
Алай району | ||
1 | Үч-Дөбө | Ойчуев Сапарбек Айлыкулович |
Kapa-Суу району | ||
2 | Кара-Суу шаардык кеңеши | Мирзаджанов Илхомжан Ибрагимджанович |
3 |
| Мажитов Бахрам |
4 |
| Исраилов Юсупжан |
5 |
| Танаев Саматбек Нурмаматович |
6 |
| Сатвалдиева Феруза Хасанбаевна |
7 |
| Разаков Тариэл Мамаджанович |
Чүй облусу | ||
Ысык-Ата району | ||
8 | Милянфан | Кинвалун Реджеб Мухамеевич |
Ысык-Көл облусу | ||
Тоң району | ||
9 | Күн-Чыгыш | Муратбек уулу Дуулат |