Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-апрели № 81
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
4. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Шайымкулова |
|
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Васильевка айылдык | Туракулов Тынчтык Тахирович | Өз арызы | |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
2 | Бакай-Ата айылдык | Казакбаев Бакмурат Тойчубекович | Өз арызы | |
Жалал-Абад облусу | ||||
3 | Жалал-Абад шаардык | Азимов Ахмад Мирхакимович ("Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы) | Өз арызы | |
4 | Ботокараев Кумарбек Пазылович ("Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы) | Өз арызы | ||
Сузак району | ||||
5 | Ырыс айылдык | Юлдашев Хамравай | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
Ош облусу | ||||
Чоң-Алай району | ||||
6 | Кашка-Суу айылдык | Бурканов Акылбек Ниматович | Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору болуп дайындалган | |
Баткен облусу | ||||
7 | Кызыл-Кыя шаардык | Тагаев Курманбек Назарбаевич ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Бишкек шаарына туруктуу жашоо үчүн көчүп кеткен | |
Лейлек району | ||||
8 | Исфана шаардык | Камалов Зафаржан Шухратжанович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Өз арызы | |
Нарын облусу | ||||
9 | Нарын шаардык | Чыңгышов Жанарбек Сатыгулович ("Республика" саясий партиясы) | Өз арызы | |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 81 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Ээлеген кызматы, кызмат орду | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
Аламүдүн району | ||||
1 | Васильевка айылдык | Волков Петр Алексеевич | Пенсионер | № 6, 12.04.2016-ж. |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
2 | Бакай-Ата айылдык | Омурбекова Азия Абдыжапаровна | № 1 Балдар бакча, методист | № 7, 04.04.2016-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
3 | Жалал-Абад шаардык | Абдурасулова Гулбара Абдурасуловна ("Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы) | Жалал-Абад санаториясы, мед.айым | № 1, 30.03.2016-ж. |
4 | Назаралиев Каниет Арапбаевич ("Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы) | "Элтранс Строй" ЖЧК, директордун орун басары | № 2, 30.03.2016-ж. | |
Сузак району | ||||
5 | Ырыс айылдык | Тешебаев Бахтиёр Икрамжанович | Сузак РЭТ, мастер | № 3, 31.03.2016-ж. |
Ош облусу | ||||
Чоң-Алай району | ||||
6 | Кашка-Суу айылдык | Исков Салайдин Мамажунусович | "Дос" дыйкан чарбасы, мүчө | № 2, 29.03.2016-ж. |
Баткен облусу | ||||
7 | Кызыл-Кыя шаардык | Аширкулов Замирбек Тойганович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Аймактык оорукана, дарыгер | № 3, 3.03.2016-ж. |
Лейлек району | ||||
8 | Исфана шаардык | Мамаражапов Эргашали Дадабаевич ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | пенсионер | № 12, 15.03.2016-ж. |
Нарын облусу | ||||
9 | Нарын шаардык | Асанова Динара Иманакуновна ("Республика" саясий партиясы) | № 4 Ибраев атындагы орто мектеп, мугалим | № 3, 12.04.2016-ж. |