Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 10-майындагы № 78 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 30-апрели № 146
Лотереялар жөнүндө
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
1-берене. Негизги түшүнүк
Лотерея иши - лотереяны уюштурууга жана ойнотууга байланышкан, товарларды сатуу (иштер жана кызмат көрсөтүүлөр) болуп саналбаган иштин атайын түрү.
Лотерея - лотерея белеттерин сатуу жолу менен калктын акча каражаттарын тартуунун формасы, мында чогулган каражаттардын бөлүгү (байге фонду) акча же буюм утуштары түрүндө ойнотулат.
Лотерея белети - атайын таратуу, же лотереянын ойнолуучу тутумун белгиленген жекече идентификациялык номери (коду) бар атайын даярдалган жана ойнотулуп жаткан лотереяга катышууга жана эгерде ал белетке утуш туш келген учурда утуп алууга адамдын укугун күбөлөндүргөн маалыматтарды алып жүрөт.
Лотерея уюштуруучу - Кыргыз Республикасында катталган, ушул Мыйзамга ылайык лотерея ойнотуу укугун алган, лотерея уюштуруу жана ойнотуу боюнча финансы-чарбалык иштерди жүзөгө ашырган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтерди алып жүргөн юридикалык жак.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендей өзүнчө (жеке) ишкер катары катталган жеке адам, ошондой эле юридикалык жак кызыктыруучу лотереяларды уюштуруучу боло алат.
Лотереянын катышуучусу - лотереянын байге фондунун оюнуна катышууга укук берген лотерея белетинин менчик ээлигине укуктуу адам.
Утуш - лотерея белетинен түшкөн жана акча түрүндө төлөнүүчү же болбосо менчикке натуралай формада же лотереянын шарттарына ылайык утуп алуучу деп таанылган лотереянын катышуучусуна берилүүчү байге фондунун бир бөлүгү. Мында лотерея белетине түшкөн утуш кокусунан гана болуучу иш жана ал кимдир бирөөлөр тарабынан атайын жасалышы мүмкүн эмес.
Лотереянын байге фонду - лотерея ойнотуунун шарттарында билдирилген жана утуштарды төлөө (өткөрүп берүү, берүү) үчүн арналган каражаттардын, буюмдардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйындысынын жана лотерея белетин саткандыгы үчүн акы алуунун эсебинен, же лотерея уюштуруучусунун өз каражаттарынын эсебинен түзүлгөн акча формасындагы көрүнүшү.
Тез (тиражсыз) лотерея - лотереянын катышуучусу лотерея белетин түздөн-түз сатып алгандан кийин эле лотерея белетинин утуштуу же утуштуу эместигин аныктоого мүмкүндүк берген лотерея.
Тираждык лотерея - айрым тираждар менен ойнолуучу лотерея (лотерея белеттерин партия менен тараткан, лотереянын байге фондунун бир бөлүгүн ойнотууну жана утуштардын бөлүгүн төлөөнү, өткөрүп берүүнү жана берүүнү жүргүзүү), мында лотереянын катышуучусу тиешелүү тираж ойнотулгандан кийин гана анын лотерея белетинин утуштуу же утуштуу эместигин аныктоого мүмкүндүк алат.
Комбинирлешкен лотерея - уткан лотерея белеттери алар сатылып алынгандан кийин жана лотереянын байге фонду ойнотулгандан кийин да түздөн-түз аныкталуучу лотерея.
Лотереянын байге фондун ойнотуу - анын жүрүшүндө (лотерея жабдууларын же аларды пайдаланбай туруп) лотереянын утушка ээ болгон катышуучусу жана ал катышуучуларга тиешелүү утуштарды төлөө, өткөрүп берүү, берүү аныкталган процедура.
Тираждык лотереянын байге фондун ойнотуу - анын жүрүшүндө лотерея жабдууларын пайдалануу менен уткан лотерея белеттери аныкталуучу жана ойнотулган тираждын утушка ээ болгон катышуучуларынын арасында таратылууга жаткан байге фондунун үлүш өлчөмү белгиленүүчү процедура.
Лотерея белеттерин таратуучу - лотереянын катышуучулары болууну каалаган жактар арасында лотерея белеттерин таратууну, лотерея ставкаларын кабыл алууну, төлөөнү, өткөрүп берүүнү же лотереянын уюштуруучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде утуштарды берүүнү жүзөгө ашыруучу адам.
Лотерея ойнотуудан түшкөн акча - лотерея белеттерин сатуудан алынган акча каражаттарынын жана иш жүзүндө сатылган лотерея белеттеринин санынан жана алардын лотереянын катышуучулары болгон жактарга лотереянын шарттарында көрсөтүлгөн баа боюнча эсептеп чыгарылган акча каражаттарынын жалпы көлөмү.
Лотерея кирешеси - лотерея ойнотуудан түшкөн акча каражаттары менен лотереянын байге фондунун акчалай эквивалентинин ортосундагы бул түшкөн пайдага туура келген айырмасы.
Атайын эсеп - лотереяларды уюштуруучулардын акча каражатынын бөлүгүн депонирлөө үчүн арналган (кызыктуруучу лотереяларды уюштуруучуларды кошпогондо) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган эсеп, ал республикалык бюджетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөгөн учурда айрым гарантия болуп саналат.
Лотереяны өткөрүү токтотулган учурда жана бюджеттин алдында карызы болбосо каражат лотереяны уюштуруучуларга кайтарылып берилет.
Лотерея жабдуулары - лотерея ойнотуу үчүн атайын даярдалуучу жана колдонулуучу жабдуулар же лотерея программалары менен жабдылган жабдуулар.
Лотерея ставкасы - акысы төлөнгөн ойнолуучу комбинация.
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-1-берене. Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул мыйзам мамлекеттик жана мамлекеттик эмес лотереяларды уюштурууда жана өткөрүүдө келип чыккан мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негизин аныктайт, лотереялардын милдеттүү ченемдерин, алардын уюштурулушуна жана өткөрүлүшүнө, ошондой эле лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышкан адамдардын укуктарына, милдеттерине жана жоопкерчиликтерине көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу тартибин белгилейт.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-2-берене. Лотереялар жөнүндө мыйзамдар
Лотереялар жөнүндө мыйзамдар Конституциядан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерден турат.
Лотереяларды түзүүчүлөрдүн жана уюштуруучулардын иши терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланышкан жосундардын алдын-алуу, табуу жана бөгөт коюу бөлүгүндө терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Лотереялардын атайын түрлөрү
1. Электрондук лотерея (мындан ары - лотерея) - төмөндөгү бир же бир нече саналган белгилер колдонулуучу оюн:
- лотерея ставкаларын жана катышуучулардын божомолдоолорун жазуу маалыматтарды өзүнүн эсинде сактаган же каттоо үчүн аларды башкы компьютерге берген электрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен жүргүзүлөт;
- ойнолуучу маалымат байланыштын атайын каналдары боюнча оюнга катышуу үчүн башкы маалымат борборуна жөнөтүлөт;
- лотерея ставкаларын жана башка ойнолуучу маалыматтарды, ошондой эле байгелердин түзүмдөрү жана алардын ойнотулушун эсепке алуу электрондук түзүлүштөр аркылуу программалык каражаттардын жардамы менен жүргүзүлөт.
2. Лотереянын уюштуруучусу лотерея жабдууларынын жана оюндарды өткөрүүнүн ыкмаларынын лотереянын шарттарында баяндалган талаптарга ылайык пайдаланылышына жана иштетилишине кепилдик берүүлөрү тийиш жана каттоого алган мамлекеттик органга лотереянын уюштуруучусу пайдаланган маалыматтарга, документацияларга жана башкаларга кирүүгө тете эле программалык камсыздоого, техникалык жабдууларга жана байланыш каражаттарына кирүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек.
3. Электрондук лотерея деген түшүнүккө интеллектуалдык-телефондук же байланыштын компьютердик тармагын (Интернет) пайдалануу менен аны өткөрүү процессинде атайын бөлүнгөн телефон номерлери же электрондук почта боюнча оюндун катышуучуларынын телекөрсөтүү студиясына же фирма-уюштуруучуга телефон чалуусу аркылуу лотерея ставкасын коюу лотереясы туура келет. Мында оюнга катышуу үчүн оюнчу тарабынан байланыш кызматы катары акы төлөнөт жана телефон компаниясы тарабынан берилген эсеп менен акы төлөө тастыкталат же болбосо банкта өзүнчө эсеп ачуу же жекече код менен катышуучунун карточкасын сатып алуу жолу же болбосо лотереянын шарттарында айтылган башка ыкма менен, авансалык төлөм менен акы төлөнөт.
Оюнга катышуу шарттары жана оюнга катышканы үчүн акынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата белгиленген формада ченемдер жана талаптар менен телевизордун же компьютердин экранында көрсөтүлүүсү тийиш.
4. Электрондук лотереяларды каттоо медия-кызматтарын көрсөткөн уюштуруучулар жана фирмалар тарабынан ак ниеттүүлүк, адептүүлүк жана мыйзамдуулук принциптери сакталганда гана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Кызыктуруучу лотерея - жарнактык же башка максаттарда лотереянын уюштуруучусу тарабынан өткөрүлүүчү лотерея. Буга катышууда атайын белетти сатып алуу же болбосо кошумча акы төлөө талап кылынбайт.
6. Кызыктуруучу лотерея, товарларды сатууну же кызмат көрсөтүүнү кызыктурууга багытталган. Мындай лотереяга катышуу кандайдыр бир товарды сатып алууга же кызмат көрсөтүүгө байланышкан. Лотереянын катышуучусу тарабынан ал лотереялардын эрежелеринде жазылган шарттардын аткарылышы, же товарда жазылган ойнолуучу маалыматтардын (анын ичинде газеталарда, журналдарда, коштолуучу документацияларда, атайын кошумча баракчаларда, квитанцияларда жана б.у.с.) болушу лотереяны уюштуруучу менен андай товарды кандайдыр бир башка ыкмада сатып алган же жарыяланган байгелерди (тиражында) ойнотууга катышуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр, укуктук мамилелер берилген кардардын ортосунда келип чыгуу үчүн негиз болуп саналат.
7. Кызыктуруучу лотерея белеттери жалпы кабыл алынган лотерея белеттерине же тираждык жана тез (тиражсыз) лотереялардын ойнолуучу купондоруна окшош маалыматтарды алып жүрүүчү сыяктуу эле, кириш белеттеринин, квитанциялардын, айрылып алынуучу купондордун, кошумча баракчалардын ар кандай түрлөрү, коштолмо документациялардын нускалары, таңгагы, таңгактагы же буюмдагы маркировка жана ушул сыяктуулар ойнолуучу маалыматтарды алып жүрүүчү катары да боло алат.
Кызыктуруучу лотереяга катышуу үчүн акы өзүнчө алынбайт жана сатылуучу товарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу түрүндө (формасында) көрүнөт.
8. Лотерея өткөрүүнүн шарттарына ылайык ойнолуучу маалыматтардын товардын нускаларында болушу (анын ичинде газетада, журналда, көрсөтүлгөн кызмат үчүн берилген квитанцияда жана б.у.с.) аларды шарттуу лотерея белеттери катары кароо үчүн негиз болуп саналат.
9. Эгерде юридикалык жак тарабынан өткөрүлүүчү маркетингдик, жарнактык же башка иш чараларда каттоочу орган кызыктуруучу лотерея ойнотуунун белгилерин тапса, анда көрсөтүлгөн иш-чаралардын лотереялык элементтеринин жыйындысы аны уюштуруучулардын бул маселе боюнча кандай по-
зицияны ээлегендигине карабастан кызыктуруучу лотерея деп таанылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан өндүрүлгөн (берилүүчү) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга, алардын маалымат орду, кызыктуруучу лотереяларды өткөрүүнүн тиешелүү шарты болсо, төмөнкүдөй шарттарда жол берилет:
- кызыктуруучу лотереянын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын аймаганда иш жүргүзүү үчүн лотерея өткөрүүнүн аныкталган (дайындалган) шарттарына, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген лотерея өткөрүү укугуна уруксат алганда.
Кызыктуруучу лотереянын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын резиденти гана чыга алат. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан өндүрүлгөн (берилүүчү) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу Кыргыз Республикасынын аймагында кызыктуруучу лотереяларды өткөрүү шарттарына карата тийиштүү маалыматты камтууга тийиш. Башка учурларда Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан өндүрүлгөн (берилүүчү) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга, алардын маалымат орду, кызыктуруучу лотереяларды өткөрүүнүн шарттарына дал келүүчү маалыматы болсо да тыюу салынат;
- Кыргыз Республикасынын аймаганда жүргүзүлүүчү утуштун кызыктуруучу лотереянын уюштуруучусу тарабынан мурда түзгөн байге фондунун үлүшүн (квотасын) аныктоого. Кызыктуруучу лотереянын байге фонду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн кеминде 1000 өлчөмүн түзүүгө тийиш.
10. Кызыктуруучу лотереянын байге фонду лотереяны уюштуруучу тарабынан өз каражаттарынын эсебинен түзүлөт.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ойнотуусуна чек коюлган лотереялар
1. Мамлекеттик лотерея - атайын түзүлгөн органдын (юридикалык жактын) атынан уюштуруучусу мамлекет болуп эсептелген лотерея. Мамлекеттик лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн каражаттардын баардыгы, милдеттүү төлөмдөрдөн тышкары, мамлекеттин менчиги болуп саналат жана республикалык бюджетке түшөт же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген программаларга максаттуу түрдө чыгымдалат.
Муниципалдык лотерея - уюштуруучу болуп жергиликтүү өз алдынча башкаруунун атынан атайын түзүлгөн (юридикалык жак) органдын лотереясы. Муниципалдык лотереяны өткөрүүнүн каражаттары жергиликтүү бюджетке түшөт.
2. Мамлекеттик жана муниципиалдык лотереялар билим берүү, дене тарбия жана спорт, саламаттык сактоо, маданият, илим, калкты социалдык коргоо, айлана-чөйрөнү жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, башка республикалык программаларды максаттуу каржылоо, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин кирешелерин толуктоо максатында өткөрүлөт.
3. Мамлекеттик жана муниципиалдык лотереяларды ойнотуу Кыргыз Республикасында лотерея ишин жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган пландарга, ченемдерге жана мөөнөттөргө ылайык мамлекеттик мекеме, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик жана муниципалдык лотереяларды өткөрүү боюнча мамлекеттик ишкананын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоболору жана уюштуруу документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.
5. Мамлекеттик, муниципалдык лотереяларды ойнотуу боюнча мамлекеттик мекеменин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалат.
6. Мамлекеттер аралык лотерея - эки жана андан көп мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү лотерея.
7. Мамлекеттер аралык лотереяларды ойнотуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.
8. Кыргыз Республикасында мамлекеттер аралык лотереяларды ойнотууну мамлекеттик мекеме жүзөгө ашырат.
9. Мамлекеттер аралык лотереяларды ойнотууга көзөмөлдү түздөн-түз ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Шайлоо өнөктүгүнүн, референдум өнөктүгүнүн мезгилинде лотереяларды ойнотууну чектөө
Шайлоо өнөктүгүнүн, референдум өнөктүгүнүн мезгилинде добуш берүүнүн жыйынтыгына, шайлоолордун, референдумдун натыйжаларына таасир тийгизе турган же болбосо шайлоолорго, референдумдарга байланышкан башка шарттардан улам байге утуп алууга ойнотулуучу же байгелерди ойнотууга катышуу лотереяларын өткөрүүгө жол берилбейт.
5-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары
1. Кыргыз Республикасында лотерея ишинин чөйрөсүндө лотереяны уюштурган жарандардын жана мамлекеттин укуктары менен кызыкчылыктарын жөнгө салууну, көзөмөл жүргүзүүнү, коргоону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:
- лотерея ишин жөнгө салуу жана көзөмөл жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзөт;
- лотерея ишине лицензия берет, токтото турат, кайра жандандырат;
- мамлекеттик лотереяларды уюштуруу жана ойнотуу маселелери боюнча чечим кабыл алат;
- лотереяларды каттоону жүзөгө ашырат жана лотерея ишине лицензиялардын реестрин жүргүзөт;
- лотереяларды уюштурууга жана ойнотууга карата нормативдерди жана талаптарды иштеп чыгат;
- лотерея уюштуруучулары тарабынан лотерея ойнотуунун шарттарынын жана колдонуудагы мыйзамдардын талаптарынын аткарылышы үчүн көзөмөл жүргүзүүнү жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;
- лотерея ишинин маселелери боюнча консультацияларды берет.
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Лотерея ишин каттоо жана ага лицензия берүүнүн шарттары
(Статьянын аталышы КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын аймагында ойнотулуучу лотереялар алардын тибине жана түрүнө карабастан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоого алынат.
2. Ушул Мыйзамга ылайык каттоосу жок лотереяларды Кыргыз Республикасынын аймагында ойнотууга тыюу салынат.
3. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
12. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
13. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
14. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15. Лотереянын шарттарында төмөндөгүлөр болууга тийиш:
- лотереянын аталышы;
- лотереянын түрүн жазып көрсөтүү;
- лотерея ойнотуунун мөөнөттөрү;
- лотереяга катышуу укугу;
- белеттердин (ставкалардын) баасы;
- байге фондусун, анын түзүмүн жана көлөмүн түзүүнүн тартиби;
- байге фондун утуштар боюнча бөлүштүрүү;
- оюндарды өткөрүүнүн тартиби;
- утуштарды алуунун тартиби.
16. Лотерея уюштуруучу лотереяны уюштуруу жана ойнотуу технологияларын толук ачык көрсөткөн лотереянын шарттарына толуктоолорду киргизүүгө укуктуу.
17. Бөлөк лотереялар деп эсептелиши мүмкүн болгон лотереянын шарттарына толуктоолорду киргизүүдө лотерея уюштуруучу бул шарттарды бөлүп көрсөтүүгө жана аларды жаңы лотерея катары каттоого милдеттүү.
Лотереянын шарттарына, анын ичинде лотереялык белеттердин сырткы түрүнө толуктоолорду же болбосо өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып лотереянын уюштуруучусу 5 күндүк мөөнөттө жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүүгө милдеттүү.
18. Лотереянын уюштуруучусу лотереянын финансылык абалын төмөндөгүдөй үч стадиясында мүнөздөөчү кеңири экономикалык эсептерди берүүгө тийиш:
- чыгаруу алдында - лотереянын баштапкы инвестицияларын, уюштуруу мезгилиндеги чыгымдар кредиттердин өлчөмдөрү жана шарттары активдерин калыптандыруу;
- эсептик көрсөткүчтөргө чыгаруу жана чыгышы;
- лотереяны пландаштыруу деңгээли жана өнүгүү тенденциялары.
19. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
21. Лотереялык белетте төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
- лотереянын аталышы жана түрү;
- логотип;
- лотерея уюштуруучунун почталык (юридикалык) дареги;
- оюнду өткөрүүнүн шарттары;
- лотерея ишине лицензия берген органдын аталышы;
- лотерея ишине лицензиянын номери жана анын берилген датасы;
- тираж (утуш) ойнотуунун номери жана датасы;
- белеттин баасы.
22. Лотерея белетинде 6дан (алты) кем эмес коргоо даражасы болууга тийиш, анын тизмеги колдонулган технологияларга байланыштуу өзгөрүшү мүмкүн.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Лотерея ойнотуу укугуна күбөлүк берүүдөн баш тартуу
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене. Лотерея ойнотуу укугуна берилген күбөлүктүн колдонуу шарттарынын сакталышын көзөмөлдөө
1. Лотерея ишине лицензиянын колдонуу шарттарынын лотерея уюштуруучу тарабынан сакталышын көзөмөлдөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерүү жолу менен ишкердик субъекттери тарабынан текшерүүлөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Лотерея уюштуруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын ишин текшерүүнүн жүрүшүндө талап кылынган баардык зарыл документтерди, ошондой эле өз ишинин маселелери боюнча тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
9-берене. Лотерея ойнотуу укугуна берилген күбөлүктүн колдонулушун токтотуу
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10-берене. Лотерея ойнотуу укугуна күбөлүктү кайра чакырып алуу
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
11-берене. Лотереяны жарнактоо өнөктүгүн жүргүзүүгө карата коюлуучу талаптар
1. Конкреттүү лотереяны өткөрүү боюнча жарнактоо өнөктүгү лотерея ишине лицензия алынгандан кийин гана башталышы керек. Ушул Мыйзамдын бул беренесин бузгандык үчүн жоопкерчиликти лотерея уюштуруучу тартат.
2. Лотереяны жарнактоо өнөктүгү токтототулгандан, тыюу салынгандан же токтото турулгандан кийин ал токтотулууга же токтото турулууга тийиш.
3. Лотереяны жарнактоо аны өткөрүүнүн шарттарын бурмалабашы керек.
4. Жарнактоо материалдары мамлекеттик жана расмий тилдерде таратылат. Бул талап катталган товардык белгилерге (тейлөө белгилерине) жайылтылбайт.
5. Лотереяны же лотереялык иштин субъектилерин жарнактоо өнөктүктөрүн жүргүзүү лотереялык иш болуп саналбайт.
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Лотереяларды сатып өткөрүү
1. Лотерея белеттерин сатуунун тартиби аларды сатып алуунун абсолюттук ыктыярдуулук принцибине негизделет.
2. Кыргыз Республикасында катталган лотерея белеттерин сатуунун төмөндөгүдөй тартиби жана эрежеси белгиленет:
- адистешкен күркөлөрдүн тутуму аркылуу;
- жекече таратуучулар аркылуу;
- атайын автоматташтырылган түзүлүштөр (диспенсерлер) аркылуу;
- телекоммуникациянын (телефон, Интернет) жекече каражаттары аркылуу;
- чек квитанциялары аркылуу.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамга ылайык катталбаган лотереялык белеттерди сатууга, ошондой эле бюджеттик уюмдар аркылуу лотерея сатууга тыюу салынат.
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Тиражды өткөрүүнүн тартиби
1. Тиражды өткөрүүнүн тартиби лотерея өткөрүү укугуна күбөлүк алуу учурунда бекитилүүчү шарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Тираждык комиссиянын курамына лотереяны уюштуруучунун өкүлдөрү, коомчулуктун өкүлдөрү жана башка адамдар киргизилет. Тираждык комиссия үчтөн кем эмес адамдан турууга тийиш.
3. Тиражды өткөрүүгө байланышкан лотерея зоогун телекөрсөтүү аркылуу алып берген учурда лотереянын уюштуруучулары утуштарды аныктоо процедураларын көрсөтүү менен туз ободо ошол тираждын өзүн алып берүүнү камсыз кылат.
4. Тиражды өткөрүү тираждын башталышына чейин лотереянын уюштуруучусу тарабынан сатылбаган лотереялык белеттери жок кылынгандан жана аларды жок кылуу жөнүндө актыга тираждык комиссия кол койгондон кийин гана мүмкүн.
Лотереялык белеттерди жок кылуу жөнүндө актыга кол коюучу комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү кирүүгө тийиш.
5. Тиражды өткөрүүнүн натыйжалары боюнча протокол түзүлөт, ага тираждык комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана ал бир жумалык мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-берене. Лотереянын байге фонду
1. Лотереянын шарттарында билдирилген жана лотереяга катышуучулардын каражаттарынын бөлүштүрүлбөгөн бөлүгүн көрсөткөн лотереянын байге фонду лотереяны уюштуруучунун активи болуп саналбайт жана аларды утуп алган катышуучуларга төлөөдөн жана берүүдөн тышкары ал тарабынан башка эч кандай максатка колдонулушу мүмкүн эмес.
2. Байге фонду лотереяны түзүүчүнүн же уюштуруучунун менчиги болуп саналбайт жана алардын милдеттенмелери боюнча өндүрүп алуу ага карата коюлушу мүмкүн эмес.
3. Байге фондунун каражаттары конкреттүү лотереяны каттоодо бекитилген шарттарында белгиленген эрежелер боюнча толук ойнотулууга тийиш.
4. Лотереяны өткөрүүнүн шарттарына ылайык утуштарды төлөөнүн жана берүүнүн мөөнөттөрү аяктагандан кийин байге фондунун алынбай калган бөлүгү лотереяны уюштуруучунун менчиги деп таанылат.
5. Лотереянын байге фонду ойнотууну жүргүзүү башталганга чейин кулактандырылат.
6. Тез ойнотулуучу лотереянын байге фонду лотерея ишине лицензия алганга чейин, байге фондунун жалпы көлөмүнүн 30 пайызынан кем эмес өлчөмдө түзүлүүгө тийиш, анын түзүлгөндүгү жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга документ түрүндө берилиши керек.
7. Тираждык лотереянын байге фонду билдирилген байгелик түзүмгө ылайык, лотереянын тиражын ойнотуу башталганга чейин толук түзүлүүгө тийиш.
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-берене. Утуштарды төлөөнүн, берүүнүн же ыйгаруунун тартиби
1. Утуштуу белеттин ээсине лотереяны уюштуруучу тарабынан утуштарды төлөө, берүү же ыйгаруу ар бир конкреттүү лотереяны өткөрүүнүн шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
2. Утуштуу белеттер лотереяны өткөрүүнүн шарттарында көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде төлөп берүүгө кабыл алынат. Бул мөөнөт тираждын (ойнотуунун) натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып 3 айдан кем болбоосу керек.
3. Бардык учурларда утуштар утуштуу лотерея белети көрсөтүлгөндөн кийин 10 күндөн кечиктирилбестен бир жолу төлөнөт же берилет.
4. Лотереяны уюштуруучу утуштардын тиражынын натыйжалары аныкталган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен утуштардын тиражынын жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого милдеттүү.
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Лотереяга катышуучулардын укуктарына кепилдиктер
1. Лотерея белетин сатып алуу жарандык-укуктук милдеттенмелердин келип чыгышы үчүн негиз болуп саналат, ага ылайык лотереянын катышуучусу лотереяны уюштуруучудан төмөндөгүлөрдү талап кылууга укуктуу:
- лотереянын шарттарын жана эрежелерин сактоону;
- лотерея белетине түшкөн утуштарды төлөөнү, берүүнү же ыйгарууну;
- утуш фактысы жана анын өлчөмдөрү жөнүндөгү маалыматтардын купуялыгын сактоону;
- лотереянын эрежелерине ылайык лотерея жөнүндөгү маалыматтарды алууну;
- утуш жөнүндө маалымкатты;
- сотто талаштарды жана дооматтарды кароону.
2. Лотереяга катышуучу - лотерея белетинин ээси лотереяга катышуучунун мүлктүк укугу, аны жүргүзүүнүн шарттары жана эрежелери бузулган лотереяны токтотуу жөнүндө сунуштоого жана лотереяны уюштуруучунун эсебинен өздөрүнүн мүлктүк укуктарын калыбына келтирүү максатында лотереянын уюштуруучусуна таасир көрсөтүү чараларын көрүүнү мамлекеттик органдардан талап кылууга укуктуу.
17-берене. Лотерея белеттерин сактоонун, төлөөнүн жана жок кылуунун тартиби
1. Лотереяны уюштуруучунун колунда болгон лотерея белеттери, ошондой эле төлөнгөн утуштуу лотерея белеттери тыкыр эсепке алынуу аркылуу, күзөт жана өрт сигналдарын билдирүүчү каражаттары менен жабдылган складдарда сакталууга тийиш.
2. Утуштары төлөнүп берилген бардык белеттер лотереяны уюштуруучунун штампы коюлуу менен сактоого алынууга жатат.
3. Ар бир тираждык чыгарылышты сатуунун мөөнөттөрү аяктагандан кийин сатылбай калган бардык лотерея белеттери лотереяны уюштуруучунун чечими менен түзүлгөн тираждык комиссия тарабынан жок кылынат.
4. Лотереяны өткөрүү аяктагандан жана аны аяктоо жөнүндө лотереяны уюштуруучунун жалпыга билдирүүсүнөн кийин, жок кылуу актысына тиркеме болуп эсептелүүчү реестрлерге ылайык, утуштуу лотерея белеттерин инвентаризациялоо жүргүзүлөт.
5. Утуштуу жана сатылбай калган лотерея белеттерин жок кылуу актысы комиссия тарабынан түзүлөт жана кол коюлат. Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү милдеттүү тартипте киргизилет.
6. Лотереяны өткөрүүнүн жүрүшүндө төлөнүп берилген утуштуу белеттерди жана сатылбай калган лотерея белеттерин жок кылуу лотерея белеттерин майдалоо менен жүзөгө ашырылат, алар кийин кайра иштетилет же өрттөлүп салынат.
7. Лотерея боюнча бардык отчеттук документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилгенден жана аны өткөрүүнүн жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялагандан кийин гана жок кылуу жүргүзүлөт.
Ушул бөлүктүн нормасы ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган лотереялык белеттерди жок кылууга карата жайылтылбайт.
18-берене. Лотерея боюнча отчеттуулукту берүүнүн тартиби
1. Лотереялар боюнча отчеттуулуктун тартиби, жүргүзүү шарттары жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. Лотерея боюнча отчет ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ай сайын, отчеттон кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирилбестен берилет.
3. Бүткөрүлгөн ар бир лотерея боюнча отчет ал аяктаган күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
4. Кезектеги ойнотуунун натыйжалары, жеңүүчүлөрү жана алар утуп алган байгелер жөнүндө ыйгарым укуктуу орган бир жуманын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирет.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Лотереялык ишти жүзөгө ашыруу укугуна акы төлөөнүн тартиби
(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
20-берене. Милдеттүү нормативдер
1. Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүүчү лотереялар үчүн милдеттүү нормативдер болуп төмөндөгүлөр саналат:
- лотереялар үчүн байге фондунун көлөмү лотерея өткөрүүдөн түшкөн каражаттардын 50 пайыздан кем эмес жана 75 пайыздан көп эмес өлчөмүндө белгиленет. Тираждык лотереялар үчүн байге фондунун минималдык өлчөмү 5000ден кем эмес эсептик көрсөткүчтү, ал эми тез ойнотулуучу лотереялар үчүн - 10000ден кем эмес эсептик көрсөткүчтү түзүшү керек. Мындай болбогон учурда лотереяны уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат. Лотереяны уюштуруучуда байге фондунун көлөмүнө карата минималдуу талаптарга дал келбегендик ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган учурда бул дал келбөөнүн айырмасы жергиликтүү бюджетке алынып коюлууга (төлөнүүгө) жатат;
- кызыктыруучу лотереяларда байге фондунун өлчөмү байге компаниясынын пландарына ылайык, бирок 1000 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес өлчөмдө лотереянын уюштуруучусу тарабынан аныкталат. Башка учурда ушундай лотереяны уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салынат;
- атайын эсепте жайгаштырылган резервдик каражаттардын өлчөмдөрү лотерея белеттеринин билдирилген санына ылайык лотерея уюштуруучулар үчүн төмөндөгүдөй болууга тийиш:
1) 500 миңге чейинки лотерея белеттери - эсептик көрсөткүчтүн 3000 өлчөмүндө;
2) 500 миңден ашык лотерея белетттери - эсептик көрсөткүчтүн 5000 өлчөмүндө.
2. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Атайын эсепти толтуруунун мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпоого тийиш. Аталган эсеп белгиленген өлчөмдөргө чейин толтурулбаган учурда лотерея ишине лицензиянын колдонулушу 3 айлык мөөнөткө токтотулат.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Лотерея өткөрүү укугуна күбөлүк албастан лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү лотереяларды уюштуруучулардан лотереяны өткөрүүдөн түшкөн пайданын бүткүл суммасын аны балдар үйлөрүндө жана интернаттарда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды жана жетим-балдарды багуу максатына багыттоо менен республикалык бюджетке алып коюуга, бул лотереяны кийин жок кылуу менен сатуудан алып салууга жана лотереяны уюштуруучуларды, анын ичинде анын кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жана башка жоопкерчиликке тартууга алып келет.
2. (КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Лотереяга катышуучулардын жана лотереяны уюштуруучулардын ортосунда келип чыккан бардык талаш-тартыштар сот тартибинде каралат.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187, 2016-жылдын 22-мартындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
22-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин 3 айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |