Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 31-январындагы ПЖ №24 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 21-январы №8
Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасында улуттар аралык ынтымакты андан ары чыңдоо, жарандык коомду баш коштуруу жана социалдык мобилизациялоого көмөк көрсөтүү максатында, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын Президентинин өлкөнү Жаңылоо багытына ылайык Кыргыз Республикасы өнүгүүнүн жаңы баскычына киргендигин белгилеп,
өлкө бардык жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусу аркылуу чечиле турган жаңы глобалдык көйгөйлөрдүн жана проблемалардын босогосунда турганын назарга тутуп,
бардык улуттарды жана этносторду кыргыз улутунун айланасына баш коштуруу, этностор жана диндер аралык ынтымакка жетишүү максатын аркалап жана жаңы саясый улуттун калыптанышынын жана маданияттын, жаратылыш комплекстеринин, турмуш ыңгайларынын көп түрдүүлүгүн сактоо, демократияны өнүктүрүүгө шарт түзө турган адам укуктарынын, коомдун, табияттын, ата-бабалар менен урпактардын укуктарынын тең салмактуулугу сакталган өлкөнү башкарууга анын катышуусунун натыйжасы катары жалпы улуттук диалогду камсыз кылуунун зарылдыгы бышып жетилгендигин таанып,
жарандык ынтымак-ырашкерликти жана чечимдерди кабыл алууда таламдардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн тең салмактуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайын түзүү зарылчылыгын эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23- жана 47-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын биринчи Ынтымак Курултайы (мындан ары Курултай) 2010-жылдын 23-мартында чакыртылсын.
2. Курултай жөнүндө тиркелген Жобо жана биринчи Курултайды өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин курамы бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети:
- администрациялык-аймактык бирдиктерден, эмгек мигранттарынан, конфессиялык жамааттардан жана Кыргыз Республикасынын Президентинен делегаттарды көрсөтүүнү уюштуруу боюнча тийиштүү иш жүргүзсүн;
- биринчи Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл чараларды көрсүн;
- кийин Курултайдын бекитүүсүнө киргизүү менен Курултайды өткөрүүнүн регламентин иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Курултайды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан финансылык маселелерди чечсин;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте биринчи Курултайды даярдоо жана өткөрүүдө Уюштуруу комитетине көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын уюштуруу жана контролдук иштер кызматына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы ПЖ № 8 жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын биринчи Ынтымак Курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Жороев Каныбек Таирович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппара- тынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Аблесов Садыкбек Аблесович | - Кыргыз Республикасынын Коомдук ордо кеңешинин төрагасы; |
Ботобеков Уран Токтоназарович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппара- тынын уюштуруу жана контролдук иштер кызма- тынын Жетекчисинин орун басары;
|
Дикамбаев Азамат Шамильевич | - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестици- ялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин Жетекчисинин орун басары;
|
Жумагулов Султанбек Жумагулович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчы- лыгынын эксперттик-талдоо жагынан камсыз кылуу кызматынын жетекчиси;
|
Исаков Жумадыл Ырысбаевич | - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиктин директору;
|
Калимбетова Тажикан Борбугуловна | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; |
Карашев Аалы Азимович | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси;
|
Карыпбеков Илим Майрамбекович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчы- лыгынын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси; |
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна | - Кыргыз Республикасынын юстиция Министринин орун басары;
|
Султанов Марат Абдыразакович | - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
|
Тарбинский Олег Станиславович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары - администрациялык реформалар башкармасынын начальниги;
|
Түмөнбаева Жаңыл Түмөнбаевна | - «Кыргызстан калкы Ассамблеясы» коомдук бирикмелер ассоциациясынын төрайымы;
|
Турапов Каримберди Ырысалиевич | - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору;
|
Турдумаматов Алмас Имамидинович | - Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын басма сөз-кызматынын жетекчиси.
|