КР 2013-жылдын 24-майындагы N 80 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2010-жылдын 1-июлу УӨ № 90 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүлөрүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууну токтото туруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелин-деги №1 Декретине ылайык, коррупциялык аракеттер жолу менен алынганкирешелерди жана мүлктү декларациялоону болтурбоо максатында КыргызРеспубликасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат: 1. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык деклараци-ясын берүүлөрүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынколдонуу токтотула турсун. 2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги "КыргызРеспубликасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүлөрүнөдаярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын колдонулуумөөнөтүн кайра карасын жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүнкароосуна тиешелүү чечимдин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин. 3. Бул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева