Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-декабры № 153
Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 19-январындагы № 9, 2013 жылдын 11-июнундагы № 108, 2013-жылдын 4-июлундагы № 116, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 157, 2013-жылдын 22-октябрындагы № 158, 2014-жылдын 6-февралындагы № 19,
2014-жылдын 18-февралындагы № 28, 2014-жылдын 7-мартындагы № 43,
2014-жылдын 26-мартындагы № 48, 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58,
2014-жылдын 24-апрелиндеги № 63, 2014-жылдын 16 майындагы № 72,
2014-жылдын 27-майындагы № 77, 2014-жылдын 26-июнундагы № 86,
2014-жылдын 4-июлундагы № 89, 2014-жылдын 5-августу № 101 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 11-июнундагы № 108 токтомуна ылайык бул токтомдун төмөнкү бөлүктөрү күчүн жоготту:
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитүү тууралуу;
айрым талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары болуп шайланды ден табуу жөнүндө бөлүктөрү
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 4-июлундагы № 116 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 16-октябрындагы № 157 токтомуна ылайык бул токтомдун айрым талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары болуп шайланды деп табуу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 22-октябрындагы № 158 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 23-декабрындагы № 183 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 6-февралындагы № 19 токтомуна ылайык ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 18-февралындагы № 28 токтомуна ылайык ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 7-мартындагы № 43 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-мартындагы № 48 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 63 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 16-майындагы № 72 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 27-майындагы № 77 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-июнундагы № 86 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 4-июлундагы № 89 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 5-августу № 101 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 22-октябрындагы № 119 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 126 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 29-декабрындагы № 138 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 3-мартындагы № 21 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 40 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 43 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 22-майындагы № 48 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын каттоосу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 9-июнундагы № 58 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын каттоосу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 8-июлундагы № 71 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 143 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 12-февралындагы № 31 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 81 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 90 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 6-майындагы № 96 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 1-июнундагы № 106 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Чолпон-Ата, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң, Түп райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү.
Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 1 бирдиктүү, 177 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлдү.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 870 мандатка 3619 талапкер көрсөтүлдү, анын ичинен 3511 талапкер катталды. Каттоодон өткөндөрдүн ичинен 1514 талапкер саясий партиялардан, 243 талапкер шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн, 1754 талапкер өзүн-өзү көрсөткөн.
Катталган 190641 шайлоочунун жалпы санынын ичинен добуш берүүгө 96144 шайлоочу катышты, бул облус боюнча 50,43%ды түзөт.
Добуш берүүнүн жүрүшүнө 4091 байкоочу, анын ичинде саясий партиялардан - 705, коммерциялык эмес уюмдардан - 227, депутаттыкка талапкерлерден 2962 байкоочу байкоо жүргүздү.
Шайлоонун жыйынтыктары боюнча Ысык-Көл облусунун участкалык, аймактык шайлоо комиссияларына (мындан ары - АШК) 49 арыз жана акт, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - БШК) добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүү учурундагы дал келбестиктерге 16 арыз жана добуштарды кайра эсептөө өтүнүчтөрү келип түшкөн.
Келип түшкөн даттануулар менен арыздар белгиленген тартипте каралды.
Ысык-Көл районунда: Чолпон-Ата шаардык кеңешине, Абдрахманов, Ананьево, Бостери, Кумбел, Өрүктү, Садыр-Аке, Семеновка, Темир, Тору-Айгыр жана Чоң-Сары-Ой айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо өткөрүлдү.
Шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир эткен укук бузуулар, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген укук бузуулар жөнүндө арыздарды карап чыгып, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесиндеги 5-бөлүктүн 1- жана 2-пункттарына ылайык Ысык-Көл АШК Ысык-Көл облусунун Кара-Ой шайлоо округунун № 3026 шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты.
"Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө" БШКнын 2012-жылдын 6-декабрындагы № 23 чечими менен Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттыкка талапкерлер Д.Б.Иманалиевдин, М.А.Исмаиловдун, К.Т.Тюлегеновдун, С.К.Кыдыралиевдин жана башкалардын арызында көрсөтүлгөн Кара-Ой айылдык кеңешине депутаттарды болуп өткөн шайлоону анык деп таануу талаптарын канааттандыруудан баш тартылды.
"Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Семеновка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө" БШКнын 2012-жылдын 6-декабрындагы № 24 чечими менен Семеновка айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер А.Казиевге, А.Джамгырчиевге, А.М.Кийизгаповго № 3041 шайлоо участкасы боюнча шайлоо бюллетендерин кайталап саноодон баш тартуу жагынан Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 28-ноябрындагы № 40 чечими жокко чыгарылды. Добуштарды кайра санагандан кийин мандатты бөлүштүрүү бир талапкер боюнча алмаштырылды. Кайрадан саноонун натыйжалары 2012-жылдын 25-ноябрындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколунун маалыматтарына дал келген жок.
Ак-Суу районунда: Тепке, Каракол, Отрадное, Ак-Чий, Ак-Булуң, Боз-Учук, Кереге-Таш, Эңилчек, Шахта-Жыргалаң, Теплоключенка, Октябрь, Кара-Жал, Бөрү-Баш жана Челпек айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо өткөрүлдү.
БШКнын 2012-жылдын 6-декабрындагы "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууларды карап чыгуу жөнүндө" № 26 жана "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууларды карап чыгуу жөнүндө" № 27 чечимдери менен №№ 3122, 3135 жана 3137 шайлоо участкалары боюнча добуштарды кайра саноо жүргүзүлдү. Андан кийин мандаттарды бөлүштүрүү өзгөргөн жок, бирок добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколундагы маалыматтар өзгөрдү.
Ак-Суу районунун Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын үчтөн биринен ашыгын камтыган № 3134 шайлоо участкасында участкалык комиссиянын мүчөлөрү депутаттыкка талапкерлер боюнча добуш берүүнүн ар кандай жыйынтыктарын белгиледи, ал ар бир талапкер алган добуштардын санын ишенимдүүлүк менен аныктоого мүмкүндүк бербейт.
Жети-Өгүз районунда: Ырдык, Липенка, Жети-Өгүз, Ак-Дөбө, Светлая Поляна, Кызыл-Суу, Саруу, Дархан, Жаргылчак, Барскоон, Тамга жана Ак-Шыйрак айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо өткөрүлдү.
Келип түшкөн арыздардын негизинде № 3195 добуштарды кайрадан саноо жүргүзүлдү, андан кийин 2012-жылдын 25-ноябрындагы протоколдун маалыматтары өзгөрүүсүз калды.
"Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча даттанууну карап чыгуу жөнүндө" БШКнын 2012-жылдын 6-декабрындагы № 25 чечими менен, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2, 26-пункттарын жетекчиликке алып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин № 4 "Батыш" көп мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер Т.Сулайымбековдун, Р.К.Байдолотовдун, М.С.Иманалиевдин, Б.Ж.Жакыпалиевдин, К.А.Мамыркановдун арызында көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыруудан баш тартылды.
Түп районунда: Ысык-Көл, Сары-Булак, Арал, Чоң-Таш, Сан-Таш, Ак-Булуң, Түп, Михайловка, Ак-Булак, Тогуз-Булак, Кутургу, Талды-Суу жана Карасаев айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо өткөрүлдү.
Түп райондук сотунун 2012-жылдын 25-ноябрындагы чечими менен Түп айылдык кеңешинин депутаттыкка талапкерлер Ш.У.Ишемолдоевдин, Ж.М.Клычевдин, М.Т.Иманалиевдин жана башкалардын арыздарындагы талаптар жарым-жартылай канааттандырылды. №№ 3063, 3064, 3066 участкалык шайлоо комиссиялары боюнча жайдан тышкары жерде добуш берүүнүн натыйжалары жараксыз деп табылды.
Тоң районунда: Тоң, Күн-Чыгыш, Төрт-Күл, Б.Мамбетов, Көл-Төр, Ак-Терек, Улахол жана Көк-Мойнок айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо өткөрүлдү.
Келип түшкөн арыздардын негизинде № 3220 шайлоо участкасында добуштарды кайрадан саноо жүргүзүлдү. 2012-жылдын 25-ноябрындагы протоколдун маалыматтары өзгөрүүсүз калды.
Шайлоонун жыйынтыктары боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдоруна ылайык төмөнкүлөр шайланды: Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты болуп - 21 талапкер, айылдык кеңештердин депутаты болуп 837 талапкер шайланды.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң, Түп аймактык шайлоо комиссияларынын келип түшкөн протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарын, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесиндеги 4-бөлүктү, 40-беренесиндеги 4-бөлүктү, 56-1-беренесин, 62-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча АШКларга жана БШКга келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды карап чыгуу жөнүндө маалымат эске алынсын (1-тиркеме).
2. Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол бекитилсин.
3. Ысык-Көл районундагы Абдрахманов, Ананьево, Бостери, Кум-Бел, Өрүктү, Садыр-Аке, Семеновка, Тамчы, Темир, Тору-Айгыр, Чоң-Сары-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
1) Ысык-Көл районундагы Кара-Ой шайлоо округунун № 3026 шайлоо участкасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын. Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаттары шайлоо өткөн жок деп эсептелсин;
2) Ысык-Көл районундагы Кара-Ой шайлоо округунун № 3026 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн;
3) Ысык-Көл районундагы Чолпон-Ата шаардык кеңешинин, Абдрахманов, Ананьево, Бостери, Кум-Бел, Өрүктү, Садыр-Аке, Семеновка, Тамчы, Темир, Тору-Айгыр, Чоң-Сары-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
4. Ак-Суу районундагы Тепке, Каракол, Отрадное, Ак-Чий, Ак-Булуң, Боз-Учук, Кереге-Таш, Эңилчек, Шахта-Жыргалаң, Теплоключенка, Октябрь, Кара-Жал, Челпек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
1) Ак-Суу районундагы № 3134 шайлоо участкасы жана Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча шайлоо жараксыз деп табылсын;
2) Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш шайлоо округунун № 3134 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн;
3) Ак-Суу районундагы Тепке, Каракол, Отрадное, Ак-Чий, Ак-Булуң, Боз-Учук, Кереге-Таш, Эңилчек, Шахта-Жыргалаң, Теплоключенка, Октябрь, Кара-Жал, Челпек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдop бекитилсин.
5. Жети-Өгүз районундагы Ырдык, Липенка, Жети-Өзүз, Ак-Дөбө, Светлая Поляна, Кызыл-Суу, Саруу, Дархан, Жаргылчак, Барскоон, Тамга, Ак-Шыйрак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Жети-Өгүз районундагы Ырдык, Липенка, Жети-Өзүз, Ак-Дөбө, Светлая Поляна, Кызыл-Суу, Саруу, Дархан, Жаргылчак, Барскоон, Тамга, Ак-Шыйрак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
5-пункттун Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону таануу жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү бөлүгү КР БШКнын 2013-жылдын 19-январындагы № 9 токтомуна ылайык жокко чыгарылды
6. Түп районундагы Ысык-Көл, Сары-Булак, Арал, Чоң-Таш, Санташ, Ак-Булуң, Түп, Михайловка, Ак-Булак, Тогуз-Булак, Кутургу, Талды-Суу, Карасаев айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Түп районундагы Ысык-Көл, Сары-Булак, Арал, Чоң-Таш, Санташ, Ак-Булуң, Түп, Михайловка, Ак-Булак, Тогуз-Булак, Кутургу, Талды-Суу, Карасаев айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
7. Тоң районундагы Тоң, Күн-Чыгыш, Төрт-Күл, Б.Мамбетов, Көл-Төр, Ак-Терек, Улахол, Көк-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
Тоң районундагы Тоң, Күн-Чыгыш, Төрт-Күл, Б.Мамбетов, Көл-Төр, Ак-Терек, Улахол, Көк-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
8. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (2-тиркеме).
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
9. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо БШКнын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов |