МыйзамКүчүн жоготту

КР 2013-жылдын 14-февралындагы № 18 «Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 193 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 14-февралы № 18

"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 5, 262-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4 жана 14-статьялардын 2-бөлүгүн кошпогондо, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 4-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 14-статьянын 2-бөлүгүндөгү "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 16-статьянын 2-бөлүгүндөгү "эл аралык келишимдерге" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү ", жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр алып салынсын.

6. 23-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү" деген сөздөр "Жергиликтүү" деген сөзгө алмаштырылсын.

7. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"25-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү

Кыргыз Республикасында музейлер мекемелер формасында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте түзүлөт.".

8. 27-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

9. 28-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

10. 34-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"34-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

А.Атамбаев