ТоктомКүчүндө

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы № 187 «Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому

Редакция26.12.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2013-жылдын 26-декабры № 187

Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө 

“Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктуна, “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 3-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 2014-жылдын 15-январына дайындалсын.

2. Бишкек жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын төрагасы

 

 

Т. Абдраимов