Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 26-фералы № X-16
Ноокат шаарынын аймагындагы Чек көчөсүнө Мамитов Позилжон Ажынын атын коюу жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагындагы Чек көчөсүнө Мамитов Позилжон Ажынын атын коюу жөнүндөгү Ноокат шаарынын аймагындагы Чек көчөсүндө жашаган атуулдардын 2014-жылдын 25-февралындагы протоколун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү 2008-жылдын 21-июлундагы №159 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин атын атоо, атын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке жана каттоого алуунун тартиби жөнүндөгү” жобону, угуп жана талкуулап, депутаттардын Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниясынын сунушунун негизинде депутаттардын Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Чек көчөсүндө жашаган атуулдардын 2014-жылдын 25-февралындагы жалпы чогулушунун протоколунун негизинде Чек көчөсүнө Мамитов Позилжон Ажынын аты коюлсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Депутаттардын Ноокат Шаардык кеңешинин төрагасы: |
А.Гафаров |