Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 11-августундагы № 434-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 9-октябры № 525-б
Чүй облусунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык:
1. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы:
- Чүй облусунун мамлекеттик администрациясына "Ак-Жол-Ито-704" маркасындагы 20 тракторду Чүй облусунун айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө товардык кредит түрүндө бөлүштүрүү үчүн белгиленген тартипте өткөрүп берсин;
- тракторлорду берүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонддун алуучу кредиттик жана күрөөлүк келишимдер менен кошо тапшырган катынын негизинде ишке ашырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты енүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасынын катышуусу менен "Ак-Жол-Ито-704" маркасындагы 20 трактордун наркын аныктасын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондго кредиттик документтерди тариздөө үчүн берсин.
3. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- тракторлор айылдык товар өндүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, трактордун наркынын 20 процентинен кем эмес өлчөмдөгү баштапкы акыны төлөгөн агротехникалык сервистик борборлорго, айыл чарбалык кооперативдерге, үрөн чарбаларга артыкчылыктуу укук берүү менен бөлүштүрүүнү камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондго Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын комиссиясынын 20 трактор конкурстук негизде бөлүштүрүлгөнү жөнүндө чечимин берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд трактор алуучулар менен келишимдерди ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик-күреөлүк документтерди тариздеп, төмөнкүдөй талаптарды эске алуу менен түзсүн:
- тракторлордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик аныктаган баасын көрсөтсүн;
- трактордун наркынын 20 процентинен кем эмес өлчөмдөгү баштапкы акыны төлөгөн субъекттерди көрсөтсүн;
- кредит 10 жылдын ичинде, ар жылдын III-IV кварталдарында, карыз каражатты пайдалангандык үчүн процент алынбастан акчалай гана телөнөөрүн белгилесин;
- төлөөнү кечиктиргенде ар бир күн үчүн 0,05 процент өлчөмдө айып белгилесин;
- тракторлордун наркын эске алуу менен 130 проценттен кем эмес ликвиддүү күрөө менен камсыздасын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
|
|