Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы № 281-б буйругу менен бекитилген |
Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобо
(КР Өкмөтүнүн
2009-жылдын 29-октябрындагы № 622-б буйругунун
редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты жана милдеттери
III. Ведомстволор аралык комиссиянын иш милдеттери
IV. Ведомстволор аралык комиссиянын укуктары
V. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
1. Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) "Ишкердик иш-аракетин жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын, Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы № 344 "Кыргыз Республикасында уруксат берүү жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык түзүлгөн.
2. Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын заседаниелерин уюштуруучулук жактан даярдоону жана өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги камсыз кылат.
II. Ведомстволор аралык комиссиянын максаты жана милдеттери
4. Ведомстволор аралык комиссиянын иш-аракетинин максаты ишкердикти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу болуп саналат.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын негизги милдети ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишине талдоо жүргүзүү болуп саналат.
III. Ведомстволор аралык комиссиянын иш милдеттери
6. Ведомстволор аралык комиссия:
- ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылар боюнча мониторинг жүргүзүүнү жана сунуштарды чогултууну, даярдоону координациялоону ишке ашырат;
- жөнгө салуу таасирин талдоонун негизинде аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары даярдаган ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды жана аларга негиздемелерди карайт;
- сунушталган нормативдик укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши жөнүндө корутунду даярдайт жана аларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген ишкердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды кайра кароо же күчүн жоготту деп табуу жөнүндө сунуш киргизет;
- жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн зарыл болгон башка иш милдеттерин аткарат.
IV. Ведомстволор аралык комиссиянын укуктары
7. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ведомстволор аралык комиссия төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Ведомстволор аралык комиссиянын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнча аткаруу бийлигинин органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл документтерди, материалдарды жана маалыматтарды сурап алууга;
- уруксат берүүчү нормативдик укуктук актыларды кайра кароо маселелери боюнча аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү жумушчу топтордун жетекчилерин өзүнүн заседаниелеринде угууга;
- аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди, бизнес жамааттарынын өкүлдөрүн тартуу менен эксперттик жумушчу топторун түзүүгө;
- Ведомстволор аралык комиссиянын заседаниесине мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш жүргүзүүчү кызыкдар тараптардын өкүлдөрүн чакырууга;
- Ведомстволор аралык комиссиянын алдына коюлган милдеттерге жетишүү үчүн башка зарыл иш-аракеттерди жүргүзүүгө.
V. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу
8. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин заседаниелерди өткөрүү аркылуу жүргүзөт. Ведомстволор аралык комиссиянын заседаниеси анын бекитилген пландарына ылайык өткөрүлөт, анда маселелердин чөйрөсү жана заседаниелерди өткөрүү мөөнөттөрү аныкталат.
Ведомстволор аралык комиссиянын биринчи заседаниеси Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги тарабынан чакырылат.
9. Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги даярдайт жана заседание өткөнгө чейин беш жумушчу күнүнүн ичинде Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрүнө берилет.
10. Ведомстволор аралык комиссиянын заседаниесин комиссиянын төрагасы алып барат.
11. Ведомстволор аралык комиссиянын заседаниеси ага мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышканда укуктуу болуп саналат. Комиссиянын төрагасы жок учурда анын милдетин орун басарларынын бири аткарат (макулдашуу боюнча).
12. Маселелерди талкуулоо ачык формада жүргүзүлөт. Чечим Ведомстволор аралык комиссиянын жалпы курамынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу аныктоочу болуп саналат.
13. Заседаниенин протоколун комиссиянын катчысы заседание өткөндөн кийинки үч күндүн ичинде тариздейт, ага комиссиянын төрагасы менен катчысы кол коет.