Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-марты № 54
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
7. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Шайымкулова |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 54 токтомунун 1-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
1 | Бакай-Ата айылдык | Исабеков Мирлан Тынымбекович | Өз арызы | |
Талас району | ||||
2 | Калба айылдык | Байдыралиев Марат Калыбекович | Өз арызы | |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
3 | Кум-Дөбө айылдык | Көчөкбаев Жумгалбек Жумакадырович | Өз арызы | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
4 | Жалал-Абад шаардык | Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич ("Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы) | Өз арызы | |
Ала-Бука району | ||||
5 | 1-Май айылдык | Көчөрбаев Иманалы Эргешалыевич | Өз арызы | |
6 | Ала-Бука айылдык | Курманбаева Гульназ Эшенкуловна | Мамлекеттик кызматка дайындалган | |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 16-мартындагы № 54 токтомунун 2-тиркемеси |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Ээлеген кызматы, кызмат орду | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Талас облусу | ||||
Бакай-Ата району | ||||
1 | Бакай-Ата айылдык | Турдубаев Мыктыбек Арынович | Түндүк электр тармагы, Бакай-Ата райондук бөлүмү, диспетчер | № 5, 22.02.2016-ж. |
Талас району | ||||
2 | Калба айылдык | Төлөева Замира Жеңишовна | Убактылуу иштебейт | № 3, 10.03.2016-ж. |
Нарын облусу | ||||
Кочкор району | ||||
3 | Кум-Дөбө айылдык | Ибраев Үсөналы Сыдыгалиевич | Дыйкан чарба, мүчө | № 3, 5.03.2016-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
4 | Жалал-Абад шаардык | Дуйшеев Автандил Салиевич ("Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы) | "Резина Продукт" ЖЧК, директор | № 24, 29.02.2016-ж. |
Ала-Бука району | ||||
5 | 1-Май айылдык | Ажиев Эрлан Каныбекович | Алымбеков атындагы орто мектеп, мугалим | № 2, 14.03.2016-ж. |
6 | Ала-Бука айылдык | Базарбаев Курманбай Камчиевич | Пенсионер | № 3, 14.03.2016-ж. |