Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-майы № 216-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлык кызмат бөлүмүнүн башчысы Иминов Махамаджан Саитовичке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Н.Исанованын Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамын, "Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги № 254 "Бишкек шаарында 2009-жылдын № 4 апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги № 181-б буйругун конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 4-пунктунун экинчи бөлүгүнө, 11-беренесинин 3-пунктуна, 22-беренесине, 58-беренесинин 1-пунктунун 22-пунктчасына, 74-беренесинин 1-пунктуна каршы келет деп табуу жөнүндө сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун заседаниелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы Иминов Махамаджан Саитовичке ишеним кат берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |