Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 71
2016-жылдын 27-мартындагы Жалал-Абад облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Көңүл буруңуздар!
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 28-июлундагы № 133 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 4-октябрындагы № 144 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16, 2016-жылдын 11-февралындагы № 29 Жарлыктары менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Аксы районунун Авлетим, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн.
Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Майлуу-Суу шаардык кеңешинин аймагында бирдиктүү 1 шайлоо округу жана 8 шайлоо участогу, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 6 шайлоо округу жана 6 шайлоо участогу, Тогуз-Торо районунун Атай айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу түзүлгөн.
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Аксы районунун Авлетим, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, добуш берүүнүн жыйынтыгына карата даттануулар (арыздар) түшкөн эмес.
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Аксы районунун Авлетим, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Майлуу-Суу, Аксы, Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Аксы районунун Авлетим, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык, Аксы районунун Авлетим, Торгуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Майлуу-Суу шаардык, Аксы районунун Авлетим, Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим айылдык кеңештеринин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын.
4. Майлуу-Суу, Аксы, Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белгисин берсин.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Майлуу-Суу, Аксы, Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
| |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 71 токтомуна тиркеме | |
Жалал-Абад облусу
Майлуу-Суу шаардык кеңеши
31 мандаттуу шайлоо округу боюнча
№ | Саясий партиясынын аталышы | № | Фамилиясы, аты, атасынын аты |
1 | "Республика - Ата-Журт" саясий партиясы | 1 | Бакалаев Рахатбек Кенжегулович |
2 | Атамырзаев Данияр Акпаралыевич | ||
3 | Асанов Алымбек Сагындыкович | ||
4 | Кебекбаев Аширбек Раджапович | ||
5 | Сагындыков Алмазбек Нурмырзаевич | ||
6 | Истамбаев Дамирбек Маматбекович | ||
7 | Умаров Нурланбек Эшмаматович | ||
8 | Шадманов Дамир Нурматович | ||
9 | Усманова Шахзодахон Гапаржановна | ||
10 | Жаркулов Майрамбек Раимкулович | ||
11 | Бостонов Нургазы Алымжанович | ||
12 | Асанова Толгонай Абдураимовна | ||
13 | Базарбаев Каныбек Суйунучбекович | ||
2 | "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы | 14 | Барбиев Бекболот Караевич |
15 | Нурматов Кыязбек Камилович | ||
16 | Колдаров Раушанбек Абдимиталипович | ||
17 | Айдаралиев Иметбек Маматбекович | ||
18 | Айдарбеков Сапарбек Ашырбекович | ||
19 | Токтобаев Мурзажан Абдиевич | ||
20 | Ибрагимов Хасанбай Абдихалилович | ||
21 | Мурзамаметов Алмазбек Мойдунович | ||
22 | Агабеков Кубаныч Турсунович | ||
23 | Долотов Маматжан Анарбаевич | ||
24 | Батыркулов Аскарбек Нуракаевич | ||
25 | Токталиев Калмурза Орозович | ||
3 | "Өнүгүү-Прогресс" cаясий партиясы | 26 | Байтаев Акылбек Аттакурович |
27 | Баратова Гульзина Джаныбековна | ||
28 | Мадиев Чубак Мамасыдыкович | ||
4 | "Ата-Мекен" cаясий социалисттик партиясы | 29. | Токтоназаров Казбек Юнусалиевич |
30. | Малабеков Талайбек Эркинбекович | ||
31 | Бакиров Талантбек Нышанбаевич |
Аксы району
Авлетим айылдык кеңеши
4 мандаттуу № 1 "Мукур" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштарынын саны |
1 | Шырдаков Анаркул Тойчуевич | 207 |
2 | Шарипов Турсунбек Сманович | 135 |
3 | Боробаев Бактыбек Сапарбекович | 118 |
4 | Калматов Кубанычбек Апсаматович | 118 |
Авлетим айылдык кеңеши
2 мандаттуу № 2 "Итагар" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштарынын саны |
1 | Жолдош уулу Кыязбек | 121 |
2 | Чынасылов Абдыразак Орунбекович | 116 |
Авлетим айылдык кеңеши
5 мандаттуу № 3 "Авлетим" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштарынын саны |
1 | Асаналиев Эрмек Досматович | 283 |
2 | Атантаев Сардарбек Рахманбердиевич | 273 |
3 | Абдиев Амангелди Садыралиевич | 203 |
4 | Шабданов Кененбай Муктарович | 193 |
5 | Турдалиев Нурман Жакыпович | 168 |
Авлетим айылдык кеңеши
3 мандаттуу № 4 "Коргон" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштарынын саны |
1 | Сатыбалдиев Муратбек Меңдалиевич | 138 |
2 | Төлөбаев Ажыбалы Абдуллаевич | 107 |
3 | Барпыбаев Абдимамит Рыскулович | 105 |
Авлетим айылдык кеңеши
4 мандаттуу № 5 "Байгашка-Терек" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштарынын саны |
1 | Узенов Данияр Рысбекович | 217 |
2 | Назаралиев Жолдошбек Кожобекович | 166 |
3 | Жоробеков Мунарбек Ташбаевич | 154 |
4 | Тургуналиев Кенжебек Оросбекович | 143 |
Авлетим айылдык кеңеши
3 мандаттуу № 6 "Дейрес" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштарынын саны |
1 | Ибраимов Смайылбек | 125 |
2 | Абдыраманов Нурмырза Абасович | 118 |
3 | Орозалиев Адилет Акпарович | 88 |
Тогуз-Торо району
Атай айылдык кеңеши
8 мандаттуу "Атай" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштарынын саны |
1 | Жумабаев Эсенаман Дербишович | 209 |
2 | Шерипов Уланбек Бекмаматович | 195 |
3 | Ташматов Замирбек Кыязбекович | 177 |
4 | Өмүралиев Айтмарек Жолборсович | 159 |
5 | Жалилов Бакай Жакыпбекович | 158 |
6 | Кенжебеков Маратбек Акимбаевич | 141 |
7 | Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбекович | 134 |
8 | Асанбеков Бектурсун Назырбекович | 128 |
Атай айылдык кеңеши
3 мандаттуу "Карл-Маркс" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштарынын саны |
1 | Манапбаева Кардыгач Медеткановна | 67 |
2 | Шайырбек уулу Умид | 63 |
3 | Акунова Гулнара | 55 |
Тогуз-Торо району
Кок-Ирим айылдык кеңеши
7 мандаттуу "Арал" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштарынын саны |
1 | Асанбекова Айзат Идирисовна | 296 |
2 | Эпеев Кадырбек Молдожумаевич | 238 |
3 | Көчкөнбай уулу Айдарбек | 227 |
4 | Секелеңов Рыскулбек Самидинович | 220 |
5 | Борончиев Нурак Шамырбекович | 207 |
6 | Айдаралиев Кемелказы Раякунович | 203 |
7 | Топоев Сталбек Медетканович | 192 |
Кок-Ирим айылдык кеңеши
4 мандаттуу "Бирдик" шайлоо округу боюнча
№ | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Алган добуштарынын саны |
1 | Абдыракманова Сарагүл Сагыналиевна | 199 |
2 | Апыкеев Эркинбек Турсунбекович | 165 |
3 | Чоялиев Өскөнбай Сыдыкбекович | 144 |
4 | Мурзакимов Мыктыбек Акматбекович | 142 |