Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июлу № 133
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
4. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
| |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 28-июлундагы № 133 токтомунун 1-тиркемеси | |
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
1 | Жалал-Абад шаардык | Абидова Зарифахан Режабаевна ("Ата Журт" мекенчил партиясы" саясий партиясы) | Өз арызы | 15.12.2012-ж. |
2 | Жусупов Эмильбек Балтабаевич ("Ата Журт" мекенчил партиясы" саясий партиясы) | Өз арызы | № 43, 7.03.2014-ж. | |
Аксы району | ||||
3 | Авлетим айылдык | Абдыраманов Нурмырза Абасович | Өз арызы | № 71, 11.04.2016-ж. |
Токтогул району | ||||
4 | Токтогул шаардык | Орозов Айбек Талантбекович ("Бир Бол" саясий партиясы) | Өлгөндүгүнө байланыштуу | № 64, 24.04.2014-ж. |
5 | Чолпон-Ата айылдык | Куланбаев Урматбек Кожонович | Муниципалдык кызматка дайындалган | 15.12.2012-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
6 | Нарын шаардык | Байгубатов Болот Осмонович ("Мекен ынтымагы" саясий партиясы) | Өз арызы | 15.12.2012-ж. |
7 | Эсеналиев Сарбагыш Абдыраевич ("Мекен ынтымагы" саясий партиясы) | Өз арызы | ||
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
8 | Военно-Антоновка айылдык | Бокомбаев Нурсуланбек Мамыркожоевич | Өз арызы | 15.12.2012-ж. |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 28-июлундагы № 133 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Ээлеген кызматы, кызмат орду | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Жалал-Абад шаары | ||||
1 | Жалал-Абад шаардык | Абдыкулов Дастанбек Аманбаевич ("Ата Журт" мекенчил партиясы" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 6, 15.07.2016-ж. |
2 | Нуржанов Эрмек Осконбаевич ("Ата Журт" мекенчил партиясы" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | № 7, 15.07.2016-ж. | |
Аксы району | ||||
3 | Авлетим айылдык | Момунбеков Асанбек Байыскулович | Жеке ишкер | № 10, 11.07.2016-ж. |
Токтогул району | ||||
4 | Токтогул шаардык | Жаманкулов Алмазбек Кудайбергенович ("Бир Бол" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 3, 12.07.2016-ж. |
5 | Чолпон-Ата айылдык | Мураталиев Шаймерден Эсенканович | Убактылуу иштебейт |
|
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
6 | Нарын шаардык | Жумаева Сыйнабүбү Өзүбековна ("Мекен ынтымагы" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | № 4, 13.06.2016-ж. |
7 | Мамырбаев Жумабек Рыскулович ("Мекен ынтымагы" саясий партиясы) | Жеке ишкер | № 5, 13.06.2016-ж. | |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
8 | Военно-Антоновка айылдык | Зайнидинов Алманбет Мансурович | Сокулук райондук балдардын, жаш өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби, тренер | № 13, 26.07.2016-ж. |