Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 29-апрелиндеги № 147-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 19-ноябры № 177-р
Даректүү материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын проблемаларына коомчулуктун көңүлүн буруу, ошондой эле Майыптардын эл аралык күнүнө карата иш-чараларды өткөрүү максатында:
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоонун жана мээримдүүлүктүн «Биз биргебиз!»аттуу бир айлыгы 2010-жылдын 20-ноябрынан баштап 20-декабрына чейин өткөрүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоонун жана мээримдүүлүктүн «Биз биргебиз!»аттуу бир айлыгын Майыптардын эл аралык күнүнө карата өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы (1-тиркеме);
- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн министрликтерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга бекитип берилген интернат-үйлөрдүн жана мектеп-интернаттардын тизмеси (2-тиркеме).
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоонун жана мээримдүүлүктүн «Биз биргебиз!»аттуу бир айлыгын өткөрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтүү Кыргыз Республикасында кайрымдуулук иштерин жүргүзүүчү юридикалык жана жеке жактарга, эл аралык жана коомдук уюмдарга сунуш кылынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, облустук телерадиокомпаниялар жана жалпыга маалымдоо каражаттары республиканын бүткүл региондорунда бир айлыктын өткөрүлүшүн чагылдырууну уюштурушсун.
5. Министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоонун жана мээримдүүлүктүн бир айлыгынын алкагындагы иш-чаралардын өткөрүлүшүн бекитилген Иш-чаралар планына ылайык камсыз кылышсын;
- аталган тизмеге ылайык финансылык жардам көрсөтүшсүн, интернат-үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарда жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өзгөчө көңүл бурушсун;
- аткарылган иштер жөнүндө маалыматты 2010-жылдын 30-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине беришсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги жалпыланган маалыматты 2011-жылдын 15-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-октябрындагы № 572-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Президент Кыргызской Республики |
Р.Отунбаева |
1-тиркеме
№ | Иш-чаралардын аталышы | Жооптуу аткаруучулар |
1 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акысыз медициналык консультация берүү, акысыз медициналык текшерүүлөрдү жүргүзүү (буга акысы кымбат диагностикалык изилдөөлөр жана манипуляциялар кирбейт), зарыл болгон учурда бул иш-чараларды ал адамдардын үйүнө барып жүргүзүү жана аларды диспансерге жаткызуу | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду, өкмөттүк эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) |
2 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды музейлерге, циркке жана театрларга акысыз алып барууну уюштуруу | Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги |
3 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кинотеатрларга акысыз алып барууну уюштуруу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематография мамлекеттик агенттиги |
4 | Мамлекеттик социалдык мекемелерде турган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга туугандары жана жакындары менен байланыштуу үчүн акысыз телефон байланышын берүү | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги, уюлдук операторлор (макулдашуу боюнча) |
5 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга укуктук жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү | Министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (макулдашуу боюнча), эл аралык жана коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
6 | Муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга акысыз турмуш-тиричилик кызматтарын көрсөтүү (алардын үйлөрүнө барып бут кийим оңдоо, кийим тигүү, химиялык тазалоо, кир жууп тейлөө, чач тарач кызматтарын көрсөтүү) | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
7 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон, жалгыз бой адамдарга акысыз кайрымдуулук түшкү тамактарын уюштуруу | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
8 | Интернат-үйлөрүндө жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мыйзамда белгиленген тартипте финансылык жардам көрсөтүү менен баруу жана аларды куттуктоо | Министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), эл аралык жана коомдук уюмдар, бизнес-коомчулук (макулдашуу боюнча) |
9 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой адамдардын кышкы мезгилге даярдык көрүүсүнө жардам берүү үчүн жаштардан жана студенттерден волонтерлордун баруусун уюштуруу | Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
10 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн арзандатылган баалар боюнча айыл чарба продукттарын жана биринчи зарылдыктагы товарларды сатуу боюнча жармаңкелерди уюштуруу | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), коомдук уюмдар, бизнес-коомчулук (макулдашуу боюнча) |
11 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жасаган элдик-кол өнөрчүлүк, көркөм өнөр буюмдарын жана көркөм иштерди сатуу боюнча жармаңкелерди өткөрүү | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, (макулдашуу боюнча), эл аралык жана коомдук уюмдар, бизнес-коомчулук (макулдашуу боюнча) |
12 | Төмөнкүлөрдү өткөрүү: - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана жаштардын спорттук мелдештерин; - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусу менен шахматтык турнирлерди | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), коомдук уюмдар (макулдашуу боюнча) |
13 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын проблемаларын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык жана башка жардамдарды көрсөтүүчү бардык кызматтардын жакшы тажрыйбаларын басма сөздө, радиодо, телекөрсөтүүдө кеңири чагылдыруу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоонун жана мээримдүүлүктүн »Биз биргебиз!»аттуу бир айлыгын өткөрүү | Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, облустук телерадиокомпаниялар, жалпыга маалымдоо каражаттары (макулдашуу боюнча)
|
2-тиркеме
№ | Интернат-үйлөрдүн жана мектеп-интернаттардын аталышы | Аткаруу үчүн жооптуулар |
1 | Төмөнкү-Серафимов карылар жана майыптар үчүн интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлиги |
2 | Токмок эркектердин психоневрологиялык № 1 интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
3 | Токмок аралаш психоневрологиялык № 2 интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги |
4 | Сокулук карылар жана майыптар үчүн интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги |
5 | Ак-Суу балдардын психоневрологиялык интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык жөнгө салуу министрлиги |
6 | Бишкек карылар үчүн интернат-үйү | Бишкек шаарынын мэриясы |
7 | Жайыл аялдардын психоневрологиялык интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги |
8 | Покров ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги |
9 | Бакай-Ата реабилитациялык мүнөздөгү интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
10 | Кадамжай аралаш психоневрологиялык интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду |
11 | Жалал-Абад балдардын психоневрологиялык интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
12 | Сузак карылар жана майыптар үчүн интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
13 | Ак-Суу аялдардын психоневрологиялык интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
14 | Сүлүктү жалгыз бой карылар үчүн интернат-үйү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
15 | Кызыл-Суу аң-сезими өспөй калган балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган майып-жетим балдар үчүн мектеп-интернат | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
16 | Төмөнкү Чүй лПсихикалык жактан өспөй калган» диагнозу бар балдар үчүн республикалык адистештирилген интернат | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
17 | Токмок республикалык адистештирилген балдар үйү | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги
|