Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б буйругуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 4-апрели № 129-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б, 2012-жылдын 29-декабры № 607-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тарткан займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу максатында:
1. Займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия бир айлык мөөнөттө:
- 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тарткан займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер менен түзүлгөн кырдаалды талдап чыксын;
- жабыр тарткан займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер көтөргөн маселелерди жөнгө салуу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Комиссиянын Секретариаты болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Комиссия зарыл болгон учурда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын адистерин ишке тартууга укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Зайым алуучулардын, күрөө берүүчүлөрдүн жана коммерциялык банктардын, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын
Курамы
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б, 2012-жылдын 29-декабры № 607-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстандын Банктар союзунун" президенти (макулдашуу боюнча);
"Чакан финансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
"Адилетке жол" коомдук бирикмесинин юристи (макулдашуу боюнча);
"Жалал-Абад колдоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).