Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б буйругуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 25-декабры № 599-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- 3-пункттагы «жана монополияга каршы саясат» деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктта:
«мамлекеттик комитеттердин,» деген сөздөр алып салынсын;
«жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.».
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
«Тиркеме
Зайым алуучулардын, күрөө берүүчүлөрдүн жана коммерциялык банктардын, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын
Курамы
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
«Кыргызстандын Банктар союзунун» президенти (макулдашуу боюнча);
«Чакан финансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
«Адилетке жол» коомдук бирикмесинин юристи (макулдашуу боюнча);
«Жалал-Абад колдоо» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).