Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-июлу № 299-б
Кыргыз Республикасынын энергетика секторунда ачык-айкындыкты күчөтүү жана реформа өткөрүү максатында:
1. Тиркелген: 2013-2014-жылдарга энергетика секторун реформалоо боюнча иш-аракеттердин планы (мындан ары - Иш-аракеттер планы) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду:
- министрликтер, ведомстволор жана энергетикалык компаниялар (макулдашуу боюнча) менен бирдикте Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча жоболорду аткарууну камсыз кылышсын;
- энергетика компаниялары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте көз карандысыз эсептөө борборун түзүү үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук базаны 2013-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө даярдашсын;
- көз карандысыз эсептөө борборун мамлекеттик каттоо үчүн уюштуруучу документтерди 2014-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө даярдашсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июлундагы № 299-б буйругу менен бекитилген |
N | Максаттары жана милдеттери | Иш-чаралар | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Ишке ашыруу формасы | Каржылоо булактары | Жооптуу | Мөөнөтү |
1 | Энергетика секторун реформалоо жана жакшыртуу | 1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодекси, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы") өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун төмөнкү максаттарда иштеп чыгуу: - отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү саясатын түзүү, секторду көз карандысыз жөнгө салуу боюнча иш-милдеттерди так бөлүштүрүү, ошондой эле мамлекетке зыян келтирүүгө алып келүүчү аракети (аракетсиздиги) үчүн мамлекеттик катышуу үлүшү менен акционердик коомдордун директорлор кеңештериндеги мамлекеттик өкүлдөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу; - тармактык жөнгө салуучу органдын көз карандысыздыгын камсыз кылуу; - керектөөчүлөрдүн жана энергетика боюнча компаниялардын жооптуу кызматкерлери- нин электр энергиясын жана жаратылыш газын уурдоолорго карата жоопкерчилигин, анын ичинде кылмыш, административдик, тартип жоопкерчилигин катаалдатуу; - сектордун бардык энергетика компанияларынын ортосундагы акча каражаттарын электр энергиясынын факт жүзүндөгү агымынын жана бекитилген бааларынын негизинде ачык жана негиздүү бөлүштүрүүнү камсыз кылуу максатында көз карандысыз эсептик борборду түзүү. 2) Энергетика компанияларынын ортосун электр энергиясынын агымы боюнча эсептердин эрежесинин жана жол-жоболорунун долбоорун иштеп чыгуу. | Энергетика секторун реформалоо үчүн ченемдик-укуктук базаны өнүктүрүү.
Көз карандысыз эсептөө борборунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууну камсыз кылуу.
Комплекстүү жана кылдат талдоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү чечим кабыл алуу. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдеринин долбоорлору
Электр энергиясын жана жаратылыш газын уурдоолорго карата жоопкерчиликти караган кылмыш- жазык-укуктук ченемдерди иштеп чыгуу Көз карандысыз эсептөө борборунун уюштуруучулук-укуктук структурасын аныктоо жана бул уюмдун уюштуруу документтерин даярдоо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлору | Талап кылынбайт
| ЭӨМ, Эконмин, ММБФ
ЭӨМ, ММБФ | 2013- жылдын II жарым жылдыгы
2014-жыл ичинде |
3) Бөлүштүрүүчү энергетика компанияларын (БЭК) кайрадан уюштуруунун, анын ичинде БЭКтин уюштуруучулук түзүмүн (бириктирүү, ирилештирүү, иштеп жаткан вариант) өзгөртүүнүн мүмкүн болуучу кооптуулуктарын жана артыкчылыктарын иликтөө. 4) Энергетика компанияларын ийгиликтүү башкаруунун эл аралык тажрыйбасына ээ болгон уюм менен биргеликте бөлүштүрүүчү компанияларды башкарууга карата пилоттук негизде узак мөөнөттүү келишимди киргизүү маселесин иликтөө. | Келишим өндүрүштүк ишти башкарууга жана жүзөгө ашырууга толук укукту, компаниянын өндүрүштүк ишинин жакшырышына жоопкерчиликти, жоготууларды төмөндөтүүнү, керектөөчүлөрдү тейлөө деңгээлин жакшыртуу жана дебитордук, кредитордук карыздарды төмөндөтүүнү карашы керек. |
Башкарууга келишимдин долбоорун даярдоо |
| ЭӨМ, ММБФ
ЭӨМ, ММБФ | 2013- жылдын II жарым жылдыгы
2013- жылдын II жарым жылдыгы | ||
5) Бардык бөлүштүрүүчү 4 компанияларда керектөөчүлөрдү маалымат базасын жана эсептерди берүүнүн системасын түзүү. 6) Электр энергетикалык тармактагы квазифискалдык дефицит көрсөткүчтөрүнө мониторинг жүргүзүүнү жаңыртуу | Керектөөчүлөрдү тейлөөнүн деңгээлин жакшыртуу жана дебитордук жана кредитордук карызды төмөндөтүү. Электрдик энергетика тармагындагы квазифискалдуу дефицит жөнүндө маалымат |
|
| ЭӨМ
ЭӨМ | 2013- жылдын II жарым жылдыгы
2013-жылдын II жарым жылдыгы | ||
2 | Башкарууну модернизациялоо жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу | 1) Баардык энергетикалык компанияларда башкарууну, ачык-айкындык процедураларын жана механизмдерин өркүндөтүү боюнча чараларды киргизүү, төмөнкүлөр менен бирдикте: - ар бир энергетикалык компания үчүн ички аудит бөлүмдөрүн (ИАБ) түзүү жөнүндө жана компаниялардын уставдык документтерине жана уюштуруу түзүмдөрүнө тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү. Мында ИАБ кызматкерлери бир гана Директорлор кеңешине баш ийүүгө тийиш; - ар бир энергетикалык компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен түзүлүүчү келишимдерге оңдоп-түзөтүү- лөрдү киргизүү; - аудиттик текшерүүлөрдүн ийгиликтүү өтүүсү үчүн шарт түзүүчү жалпы корпоративдик ишенимдүү маалыматтык системаларды киргизүү; | Энергетикалык компанияларда менеджментти жакшыртуу, алардын ишинин ачык-айкындыгын жогорулатуу.
Уюштуруу түзүмүн жакшыртуу, бизнес-процесстерди оптималдаштыруу, башкаруунун азыркы замандагы информациялык системаларын киргизүү.
Компаниялардын коммерциялык ишиндеги туруктуу ийгиликти камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын
Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча |
Энергетикалык компаниялардын уставдык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимдери
Директорлор кеңешинин мүчөлөрү менен келишимдерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуулар | Энергетикалык компаниялардын каражаттары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
| ЭӨМ, ММБФ, Экономмин | 2014-жыл
2013- жылдын I жарым жылдыгы |
- компаниялардын бизнес процесстерине аудит жүргүзүү үчүн алдыңкы 20 позицияны ээлеген эл аралык аудитордук компанияларды тендердик негизде тартуу; - алдыңкы 20 позицияны ээлеген эл аралык аудитордук компаниялар менен "Электр станциялары" ААКда, "Кыргызстан УЭТ" ААКда, бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларда толук масштабдуу аудит өткөрүү; - энергетикалык компаниялардын башкы Дирекциясынын мүчөлөрүнүн квалификациялык деңгээлин тандоонун жаңы критерийлерин аныктоо жана ачык конкурстук тандоо өткөзүү жолу менен жогорулатуу; - Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө квалификациялык талаптарды Директорлор кеңешине мүчөлүккө талапкер компанияны стратегиялык өнүктүрүү боюнча жана модернизациялоо боюнча конкреттүү сунуштарын берүүгө тийиштиги жөнүндө талаптарды караштыруу менен толуктоо | департаменттин ортосунда кол коюлган иштешүү жөнүндө макулдашууларда бекитилген көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жеке жоопкерчилигин күчөтүү. Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарын киргизүү. Ички контролдун, эсептин жана отчеттун натыйжалуу системасын түзүү. Жетекчини, анын ичинде кирешелүүлүгү компаниянын финансылык отчету менен ырасталган ишкананы башкарган тажрыйбасы бар, ошондой эле компанияны өнүктүрүүнүн 2-3 жылга карата Стратегиясын берген жетекчини тандоо. Башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу процесстерин өркүндөтүү |
Ички контроль системасын, эсеп жана отчет системаларын жакшыртуу боюнча рекомендацияларды түзүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун долбоору (Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө жобо) | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары |
| 2014-жылдын II жарым жылдыгы
2015-жылдын I кварталы 2014-жылдын I жарым жылдыгы 2014-жылдын I жарым жылдыгы | ||
3 | Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатын- да энергосистеманы реконструкциялоо жана модернизациялоо үчүн кирешенин жетишээрлик көлөмүн камсыз кылуу | 1) Электр жана жылуулук энергия чөйрөсүндө төмөнкүлөрдү эске алуучу тариф саясатын иштеп чыгуу жана киргизүү: - электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди иштеп жаткан объекттерди оңдоого, реконструкциялоого техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды толук жабуучу жана тармакты өнүктүрүүчү деңгээлге жеткирүү; - энергетикалык секторго инвестицияланган кредиттерди (зайымдарды) туруктуу жабуу механизмдерин ишке ашыруу; - альтернативдүү отундун баасы менен бирдей өлчөмдөгү электр энергиясы менен жылытуу тарифтерин киргизүү. 2) Электр жана жылуулук энергия чөйрөсүндө эл аралык стандарттарга ылайык заманбап узак мөөнөттүү тариф методологиясын иштеп чыгуу жана киргизүү. 3) Турмуш деңгээли начар керектөөчүлөрдүн электр энергиясына акы төлөө менен байланышкан көйгөйлөрүн чечүү үчүн кепилденген жана туруктуу каржылоосу бар социалдык коргоо системасын иштеп чыгуу | Электр энергиясын өндүрүү, берүү жана бөлүштүрүү, энерготутумун жакшыртуу жана кеңейтүү, кредиттер боюнча карыздарды кайтаруу, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууга кеткен чыгымдардын толук кайтарылышын камсыздай турган деңгээлдеги тарифтерди акырындык менен киргизүү. Керектөөчүлөрдү айрыкча кыш мезгилдеринде электр энергиясын үнөмдүү колдонууга жана экономикалык кызыкчылыктардан улам альтернативдүү жылуулук ресурстарын пайдаланууга үндөй турган тарифтерди киргизүү
Социалдык жактан аялуу керектөөчүлөрдүн электр жана жылуулук энергиясына акы төлөө маселесин чечүү | Орточо мөөнөттүү тариф саясатын жүзөгө ашыруу, социалдык коргоонун адекваттуу механизмдерин колдонуп, тариф методологиясын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун тиешелүү долбоорун иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун тиешелүү долбоорун иштеп чыгуу | Өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
| ЭӨМ, ЭМ, Соцмин, ФМ, Соцфонд
| 2013- жылдын II жарым жылдыгы
|
4 | Энергия секторунун объектилерин реконструкциялоо жана жакшыртуу | 1) Каржылоонун булактарын аныктоо менен энергетикалык инфраструктура объекттерин реконструкция- лоо боюнча биринчи кезекте аткарыла турган иштердин тизмесин иштеп чыгуу. 2) Бишкек шаарынын ЖЭТин "Электр станциялары" ААКсынын курамынан чыгаруу жана аны "Бишкек-жылуу- лук тармактары" ААКсы менен бириктирүү жолу аркылуу бирдиктүү мүлктүк комплекске айлантуунун максатка ылайыктуулугун изилдеп чыгуу. 3) Бишкек шаарынын ЖЭТинин кубаттуулугун арттыруу үчүн техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо жана каржылоо стратегиясын иштеп чыгуу | Электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоону келтирүү үчүн энергетикалык инфраструктура объекттерин реабилитациялоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруу
| Биринчи кезекте реабилитациялана турган объекттерди аныктоо
| Талап кылынбайт
| ЭӨМ, энергия компаниялары (макулдашуу боюнча)
| 2013- жылдын II жарым жылдыгы
2013- жылдын II жарым жылдыгы
2013- жылдын II жарым жылдыгы |
5 | Электр энергиясындагы жоготууларды төмөндөтүү | 1) "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруунун чегинде "Кыргызстан УЭТ" ААКсында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун заманбап автоматташты- рылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүү. 2) 2013-2014- жылдары бардык БЭКтерде электр энергиясынын коммерциялык эсебинин заманбап автоматташтырылган системасын киргизүүнү каржылоонун стратегиясын иштеп чыгуу | Өндүрүлгөн жана бөлүштүрүлгөн электр энергия көлөмүнүн эсебиндеги тактыкты жогорулатуу
Бөлүштүрүлгөн электр энергиясынын көлөмүнүн эсебин алуунун тактыгын жогорулатуу, эсеп көрсөтүү жана төлөмдөрдү жыйноо системасын жана жол-жоболорун жакшыртуу, керектөөчүлөрдүн каржылык тартибин арттыруу, электр энергия агымдары боюнча эсептөөдө жана отчетторду түзүүдө адам факторун жоюунун эсебинен жоготууларды азайтуу | "Энергетика тармагын өнүктүрүү" долбоорун жүзөгө ашыруу
Долбоорлорду даярдоо жана каржылоо булактарын тартуу | "Энергетика тармагын өнүктүрүү" долбоорун жүзөгө ашыруунун планына ылайык
Энергия компанияларынын каражаттары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн тартылган каражаттары | ЭӨМ, "Кыргызстан УЭТ" ААКсы (макулдашуу боюнча)
ЭӨМ, БЭКтер (макулдашуу боюнча), ФМ | Бекитилген мөөнөттөргө ылайык
2013- жылдын II жарым жылдыгы |
6 | Тейлөө сапатын жана коомдук ишенимди жогорулатуу | 1) Энергетика компаниялары менен иштешүү жөнүндө макулдашууларда каралган керектөөчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу. 2) Электр жана жылуулук энергиясы менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн нарк коомдук экендигин түшүндүрүү үчүн, ошондой эле үзгүлтүксүз электр жабдуу менен тарифтердин ортосундагы өз ара байланыш жөнүндө маалыматтык кампания өткөрүү | Керектөөчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатуу
Калктын электр жана жылуулук энергиясы менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер, ошондой эле үзгүлтүксүз электр жабдуу менен тарифтердин ортосундагы өз ара байланыш жөнүндө маалымдуулугу. | Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы № 49 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Жарлыгы жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 2011-жылдын 29-июнундагы № 138 буйругу менен бекитилген иш жөнүндө макулдашуу лардын аткарылышына мониторинг, Кардарларды тейлөө сапатынын стандарты | Талап кылынбайт
| ЭӨМ, энергетика компаниялары (макулдашуу боюнча)
ЭӨМ, энергетика компаниялары (макулдашуу боюнча) | Энергетика компаниялары менен иштешүү жөнүндө макулдашууда каралган мөөнөттөргө ылайык 2013- жылдын II жарым жылдыгы |
3) Энергетика компанияларынын финансы-чарбалык иштери жөнүндө отчетторун энергетика компанияларынын жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин веб-сайттарына жайгаштыруу. 4) Эл аралык стандарттарга ылайык жаңы ири инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, сатып алууларды жүргүзүүгө жана курууга көзөмөл жүргүзүү, чыгымдарды контролдоо жана курулуш иштери менен жабдуулардын сапатын камсыз кылуу үчүн көз карандысыз эл аралык компанияларды тартуу | Энергетика компанияларынын иштери жөнүндө маалыматка жарандардын жетүүсүн камсыз кылуу.
Жаңы ири инфратүзүмдүк объекттерди долбоорлоого, сатып алууларды жүргүзүүгө жана курууга көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу | жөнүндө керектөөчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу. ЖМКларга чыгуу, эл aлдында кыдырып сүйлөөлөр, социалдык жарнамалык роликтер. Стандартта белгиленген кардарлык тейлөөнүн сапат индикатору боюнча БЭКтин ар бир кварталдык отчетторун жарыялоо. Жаңы ири инфратүзүмдүк объекттерди куруу боюнча бардык контракттарга көз карандысыз эл аралык инженердик компанияларды жалдоо жөнүндө талаптарды киргизүү |
Ишке ашырылуучу долбоорлордун бюджеттери | ЭӨМ, энергетика компаниялары (макулдашуу боюнча)
ЭӨМ, Экотехинспекция, энергетика компаниялары (макулдашуу боюнча) | Дайыма
Дайыма | ||
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү:
БЭК - бөлүштүрүүчү электр компаниялары;
ИАБ - ички аудит бөлүмү;
ААК - ачык акционердик коом.