Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 27-августу № 413
(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 1-февралындагы № 150 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө» токтомунун 3-пунктун аткаруу үчүн, администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын оптималдуу моделин түзүү боюнча концептуалдык сунуштарды даярдоо максатында:
1. Тиркемеге ылайык жумушчу топ курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ 2012-жылдын 10-мартына чейинки мөөнөттө администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү жана мамлекеттик башкаруунун оптималдуу системасын түзүү боюнча сунуштарды даярдап, аларды андан ары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна киргизсин.
(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 1-февралындагы № 150 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Жумушчу топ белгиленген тартипте өз ишине мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди тартууга, ошондой эле жогоруда аталган сунуштарды даярдоо үчүн министрликтерден, ведомстволордон жана башка уюмдардан зарыл маалыматты сурап алууга укуктуу экени белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
Тиркеме
(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 1-февралындагы № 150 буйругунун редакциясына ылайык)
Рыскулова Айгүл Маратбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун төрагасы; |
Скрипкина Галина Анатольевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу топтун тең төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Исаков Эсенгул | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Дыйканбаев Курманбек Сапарович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Тарбинский Олег Станиславович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн региондук өнүктүрүү жана мониторинг секторунун башчысы; |
Асанакунов Болот Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн муниципалдык башкаруу секторунун башчысы; |
Таиров Марат | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Мекен" депутаттык фракциясынын бөлүм башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Шамшиев Чынгыз Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; |
Курманбеков Алмаз Улугбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мыйзамдуулук жана бюджеттер аралык мамилелер методологиясы бөлүмүнүн башчысы; |
Бекбасарова Гүлнара | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Өмүралиев Төлөбек Эсенгулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу проблемаларын изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча); |
Сульпиева Дамира Сабиржановна | - | ПРООНдун "Демократиялык башкаруу" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча); |
Бекиев Бекболот | - | "Жарандардын үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчеттуулугу: бюджеттик процесс" долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Ташбаев Илияз Азизбекович
Эскертүү: | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн муниципалдык башкаруу секторунун эксперти, жумушчу топтун жооптуу катчысы. |
Кыргыз Республикасынын облустук мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары зарылдыгына жараша ишке тартылышат.