Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2016-жылдын 22-мартындагы № 139 буйругуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 28-февралы № 70
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобонун 4-пунктуна ылайык:
1. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин (мындан ары - Байкоочу кеңеш) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир айдан кечиктирбестен Байкоочу кеңештин жаңы курамынын биринчи жыйынын даярдасын жана өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 475 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 28-февралындагы № 70 буйругуна тиркеме |
Маликов У.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы. |
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: | ||
Таткулов Т.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Мамбеттурдиев С.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Баялиев К.А. | - | Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Сагынбаев А.А. | - | Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Намазалиева Р.С. | - | Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Абыкеев М.А. | - | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Алымбаев К.И. | - | Каракол шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Карыбаев Ж.А. | - | Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Тельтаева С.Т. | - | "Ысык-Көлдү өнүктүрүү" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Ибраева А.С. | - | "Жети-Өгүз айымы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абакиров И.Ч. | - | "Жаңы муун ынтымагы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Окенов А.К. | - | Ысык-Көл фондун башкаруу боюнча дирекциянын директору. |