Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 21-октябрындагы N 688 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2016-жылдын 22-марты № 139
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун каражаттарын бөлүштүрүүнүн ачык-айкындыгын жана максаттуу пайдаланылышын камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы № 416 токтому менен бекитилген Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу жөнүндө жобонун 4-пунктуна ылайык:
1. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен Байкоочу кеңештин жаңы курамынын биринчи жыйынына даярдык көрсүн жана аны өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 28-февралындагы № 70 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ
Джаныбеков А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы. |
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: | ||
Садырбеков А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору; |
Акматов Ч.Ш. | - | Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн начальниги; |
Родни Ступарик | - | "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Баялиев К.А. | - | Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Карыбаев Ж.А. | - | Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Шаршеев Р.А. | - | Ысык-Көл облусунун Түп райондук жергиликтүү кеңешинин биргелешкен жыйынынын депутаты (макулдашуу боюнча); |
Абыкеев М.А. | - | Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Алымбаев К.И. | - | Каракол шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сулайманов Б.Т. | - | Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Өнүктүрүү фондунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Касымов У.К. | - | Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын Байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Калмакиев А.Т. | - | Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Тельтаева С.Т. | - | "Ысык-Көлдү өнүктүрүү" коомдук уюмунун президенти (макулдашуу боюнча); |
Ибраева А.С. | - | "Жети-Өгүз айымы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |