Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 2-майы № 201
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын кезектеги биргелешкен жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-6 буйругуна ылайык:
1. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда 2014-жылдын 11-14-майында Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри | Ж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 2 майындагы № 201 буйругуна тиркеме |
Маматалиев A.M. | - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
|
Искандаров К.А. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчисинин орун басары;
|
Муралиев А. А.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;
|
Кудайбердиев А.А. | - Кыргыз Республикасынын Коргоо министри;
|
Бешимов А.Ж.
| - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;
|
Кутманов Н.О.
| - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
|
Мурзабеков A.M. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Касмалиев А.К.
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, топография-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси; |
Мамбеталиев И.С. | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
|
Жолчиев Б.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Абдураимов Б.Э.
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперта;
|
Ботобаев К.К.
| - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
|
Мурзаев A.M.
| - Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенгтиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;
|
Эргешов A.M. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынын начальниги;
|
Турсункулов К.Э. | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин атташеси. |