РаспоряжениеКүчүндө

КР Премьер-министринин 2014-жылдын 2-майындагы № 201 (Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясын 2014-жылдын 11-14-майында Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына жиберүү боюнча) буйругу

Редакция02.05.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2014-жылдын 2-майы № 201

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын жана тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн делегациясынын кезектеги биргелешкен жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-6 буйругуна ылайык:

1.  Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда 2014-жылдын 11-14-майында Тажикстан Республикасынын Дүйшөмбү шаарына жиберилсин.

2.  Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ж.К.Оторбаев

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 2 майындагы № 201 буйругуна тиркеме

 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын курамы

 

Маматалиев A.M.

-    Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;

 

Искандаров К.А.

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, делегациянын жетекчисинин орун басары;

 

Муралиев А. А.

 

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы;

 

Кудайбердиев А.А.

-    Кыргыз Республикасынын Коргоо министри;

 

Бешимов А.Ж.

 

-    Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары;

 

Кутманов Н.О.

 

-    Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, укуктук маселелер боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

 

Мурзабеков A.M.

-    Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

 

Касмалиев А.К.

 

-    Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, топография-жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;

Мамбеталиев И.С.

-    Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

 

Жолчиев Б.Д.

-    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;

Абдураимов Б.Э.

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгынын эксперта;

 

Ботобаев К.К.

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;

 

Мурзаев A.M.

 

- Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенгтиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директорунун орун басары;

 

Эргешов A.M.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынын начальниги;

 

Турсункулов К.Э.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин атташеси.