Загрузка документа…
КР Премьер-министринин 2017-жылдын 1-июнундагы № 367 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-декабры № 888
"Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамы (мындан ары - Байкоочу кеңеш) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бир айдан кеч эмес мөөнөттө Байкоочу кеңештин биринчи жыйынын даярдоону жана өткөрүүнү камсыздасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Тиркеме |
Баяман Н.Б. | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин төрагасы. |
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: | ||
Панкратов О.М. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; |
Амерканов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти; |
Сарыбаев Б.А. | - | "Укук жана ишкердик борбору" коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү); |
Мамбеталиева Т.Э. | - | "Интернет саясатынын жарандык демилгеси" коомдук фондусунун директору (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү); |
Макенов Р.К. | - | экономист (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү); |
Самыкбаева Л.А. | - | "Кыргызстан-Сорос" фондунун маалымат программасынын координатору (программалык продуктуларды өндүрүүчүлөрдүн кесиптик бирикмесинин өкүлү); |
Альбрехт В. | - | Программалык камсыздоолорду жана кызматтарды иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясы башкармасынын төрагасы (программалык продуктуларды өндүрүүчүлөрдүн кесиптик бирикмесинин өкүлү); |
Ниязов Э.Т. | - | Кыргызстандагы жана Тажикстандагы "Oracle" компаниясынын региондук өкүлү (программалык продуктуларды өндүрүүчүлөрдүн кесиптик бирикмесинин өкүлү). |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
| Н.Момуналиев |