Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2017-жылдын 1-июну № 367
КР Премьер-министринин 2019-жылдын 19-февралындагы № 79 буйругунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө" токтомуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамы (мындан ары - Байкоочу кеңеш) тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 3-декабрындагы № 888 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жаңы курамдагы Байкоочу кеңештин биринчи жыйынын өткөрүүнү уюштурсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ
КР Премьер-министринин 2019-жылдын 19-февралындагы № 79 буйругунун редакциясына ылайык)
Шатемиров К.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин төрагасы. |
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү: | ||
Курманова А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Джылышбаев М. Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы; |
Исаков Э.К. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Жолболдуев П.Б. | - | Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин финансы-экономикалык жана чарба иштери боюнча проректору (макулдашуу боюнча); |
Абакиров А. | - | Программалык камсыздоону жана кызматтарды иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясы башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Мамбеталиева Т.Э. | - | "Интернет саясатындагы жарандык демилге" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча); |
Иманалиева А.К. | - | "Кыргызюрсервис" юридикалык компаниясынын юристи (макулдашуу боюнча); |
Самыкбаева Л.А. | - | "Кыргызстан-Сорос" фондунун маалыматтык программасынын координатору (макулдашуу боюнча). |