Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 2-майы № 143-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкметү тарабынан аткарылышы жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кумтөр" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Консультациялык кеңештин 2014-жылдын 18-апрелиндеги чечимин көнүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- "Кыргызалтын" ачык акциокердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда төмөнкү маселелерди чечсин:
"Pricewaterhouse Coopers" компаниясы менен Кызмат көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн 2014-жылдын 31-декабрына чейин узартуу жөнүндө (сатып алынуучу кызмат көрсөтүүлөрдү ата мекендик компаниялар тийиштүү деңгээлде көрсөтө алышпастыгын эске алуу менен);
"АМЕС Earth & Environmental UK Ltd" компаниясы менен Кызмат көрсөтүү жөнүндө жаңы Макулдашууну түзүү тууралуу.
2. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын терагасынын орун басары Шакиров Кылычбек Абидиновичке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан "Pricewaterhouse Coopers" компаниясы менен кызмат көрсөтүү мөөнөтүн узартууну караган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоого тиешелүү ишеним кат берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр-жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу болүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |