Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 1-августу № 297-б
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-августундагы № 333-б, 2014-жылдын 5-декабрындагы№ 552-б буйругунун редакциясына ылайык)
Ош облусунун Ош шаарында, Кара-Суу районунда, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунда жана Жалал-Абад шаарында жаратылыш газынын токтотулгандыгы менен шартталган күтүлбөгөн жагдайларга байланыштуу, алдыдагы жылуулук сезонуна электр жана жылуулук тармактарын даярдоо жана керектөөчүлөрдү суюлтулган газ менен камсыздоо маселесин чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Россия Федерациясынын 261,0 млн. сом өлчөмүндөгү гранттык каражаттарынын эсебинен:
- 225,4 млн. сом суммасында бюджеттик ссуда берсин, алардын ичинен:
"Электр станциялары" ачык акционердик коомуна - Ош шаарынын Салиева көчөсүндөгү 7 үйдүн кварталдык тармактарын оңдоо үчүн 3,3 млн. сом;
"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна - 40 МВА кубаттуулуктагы 110 кВ болгон 2 трансформатор сатып алуу жана орнотуу үчүн 62,4 млн. сом;
"Ош электр" ачык акционердик коомуна - 2 даана 16 МВА кубаттуулуктагы 35 кВ, 15 даана ВВ-10 кВ КРУН-10, ошондой эле 10/0,4 кВ КТП жана ТМ трансформаторлорун сатып алуу жана орнотуу үчүн 100,1 млн. сом;
"Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомуна - 2 даана 16 МВА кубаттуулуктагы 35 кВ, ошондой эле 10/0,4 кВ КТП жана ТМ трансформаторлорун сатып алуу жана орнотуу үчүн 42,4 млн. сом;
Ош шаарынын "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасына - 4 электр от казанын катуу отунга этап-этабы менен которуу үчүн 17,2 млн.сом (Бабур атындагы № 43 орто мектептин, № 48 "Росинка" бала бакчанын, "Боорукердик" интернат-үйүнүн, Нишанов 1-2 атындагы № 50 орто мектептин электр от казандары);
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-августундагы № 333-б, 2014-жылдын 5-декабрындагы№ 552-б буйругунун редакциясына ылайык)
- «Ош шаарынын мэриясына 31,97 млн. сом өлчөмүндө акысыз, негизде бериличүү каражаттар,анын ичинен 29 бала бакча жана жаратылыш газынын башка керектөөчүлөрү үчүн газ баллондорун жана плиталарын сатып алууга – 12,37 млн сом жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген тизмеге ылайык 26 үй-бүлөлүк жатаканадагы жылытуу тутумдарын калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгөө – 19,6 млн сом;».
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Электр станциялар", "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Ош электр", "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомдору жана Ош шаарынын "Жылуулук менен жабдуу" муниципалдык ишканасы менен белгиленген тартипте төмөнкү шарттарда бюджеттик ссудалар боюнча карыз милдеттенмесин түзсүн:
бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтү - 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып 2019-жылдын 1-сентябрына чейин;
ссуда пайызсыз, күрөө менен камсыздоону тариздөөсүз;
төлөмдөрдүн мөөнөтү өткөндүгү үчүн мөөнөтү өткөн карыздын суммасынан жылдык 6,0 пайыз өлчөмүндө айыптык санкциялар белгиленсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына түзөтүү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-августундагы № 333-б, 2014-жылдын 5-декабрындагы№ 552-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Электр жабдууларын, материалдарды жана комплекттөөчү жабдууларды бул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн сатып алуулар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бир булактан сатып алуу ыкмасы менен ишке ашырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жана Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) берилген бюджеттик ссуданы максаттуу пайдаланууну жана кайтарып берүүнү камсыз кылышсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19 августундагы № 333-б буйругуна тиркеме |
Тиркеме
№ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталышы | Сумма (сом менен) |
1 | Төлөйкөн | 379 400 |
2 | Кызыл-Кыштак | 867 200 |
3 | Шарк | 813 000 |
4 | Сарай | 59 620 |
5 | Савай | 132 790 |
6 | Нариман | 650 400 |
7 | Кара-Суу шаары | 727 500 |
| Жыйынтыгы | 3 629 910 |