Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-марты № 69-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-февралындагы № 3806-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V, 2013-жылдын 5-июнундагы № 3169-V, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 3508-V токтомдорунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кумтор" долбоору боюнча "Центерра Голд Инк." компаниясы менен консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Консультациялык кеңештин 2014-жылдын 28-ноябрындагы чечимин көңүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда "Pricewaterhouse Coopers" компаниясы менен Кызмат көрсөтүү жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн 2015-жылдын 30-апрелине чейин узартуу жөнүндө (сатып алынуучу кызмат көрсөтүүлөрдү ата мекендик компаниялар тийиштүү деңгээлде көрсөтө алышпастыгын эске алуу менен) маселени чечсин.
2. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары Шакиров Кылычбек Абидиновичке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан "Pricewaterhouse Coopers" компаниясы менен кызмат көрсөтүү мөөнөтүн узартууну караган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоого тиешелүү ишеним кат берилсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун- энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|