Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 162 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө ЖОБО
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучу пенсионерлерге пенсия төлөөнүн тартибин жана кепилдигин аныктайт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомдун редакциясына ылайык)
2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
5. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
6. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
7. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
8. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
9. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
10. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
11. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
12. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиядан пенсионер төмөнкү учурларда ажыратылат:
- соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгына же башка мамлекеттин жарандыгынын бар экендигине байланыштуу.
2. Пенсияларды төлөө тартиби
13. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар иштеп жаткан пенсионерлерге алып жаткан эмгек акысынан (кирешесинен) көз карандысыз толук өлчөмдө төлөнүп берилет.
14. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиянын пенсионер тарабынан өз убагында алынбаган суммалары үч жылдан ашык эмес мөөнөткө төлөнүп берилет, ал эми мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарынын күнөөсү боюнча өз убагында алынбагандар өткөн мезгил үчүн мөөнөтү чектелбестен төлөнөт.
15. Жалпы пенсия "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каражаттардын эсебинен, ал эми сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларга кошумча төлөөлөр, материалдык жардам жана бул категориядагы пенсионерлерге жеңилдиктерди берүү менен байланышкан башка чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүп берилет.
16. Республиканын чегинен сырткары жактарга туруктуу жашоого кеткен адамдарга сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар төлөнүп берилбейт.
17. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды төлөөнүн башка маселелери, ошондой эле ушул Жободо көрсөтүлбөгөн аталган пенсиялардан кармап калуулар Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Пенсионерлерге кепилдиктер
18. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
- адистештирилген медициналык жардамга;
- социалдык муктаждыктарга бир айлык пенсиясынын өлчөмүндө жыл сайын берилүүчү акчалай жөлөкпулга.
19. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучу каза болгон учурда анын үй-бүлөсү пенсиянын базалык бөлүгүнүн он эселенген өлчөмүндө сөөк коюу жөлөкпулун кайрылгандан тартып эки жуманын ичинде алат. Бул жөлөкпулду төлөп берүүгө доонун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.
Пенсионердин каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган пенсиясын бирдей үлүштөрдө анын ата-энеси, жубайы, балдары, алар жок болсо - мураска укуктуу болгон үй-бүлө мүчөлөрү алууга укуктуу.
Пенсионердин каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган пенсиясын төлөп берүүгө доонун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.
20. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучунун күбөлүгү ушул Жободо белгиленген кепилдиктерге укук берүүчү документ болуп эсептелет.