Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 741
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгек үчүн пенсиялар жөнүндө жободо:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучу пенсионерлерге пенсия төлөөнүн тартибин жана кепилдигин аныктайт.";
2-11-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 14-августунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |