Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ
ТЕСКЕМЕ
2021-жылдын 1-октябры № 427
Райондук жана облустук деңгээлдерде “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына сынакты координациялоо жана жыйынтыгын чыгаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 5-пунктуна ылайык:
1. “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн жалпы мамлекеттик сынактык комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия эки айлык мөөнөттө:
- берилген материалдарды карасын жана айыл өкмөттөрүнүн ортосунда жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн аныктасын;
- “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн зарыл болгон учурларда республиканын региондоруна барууларды ишке ашырсын;
- сынакты өткөрүүнүн жүрүшүн жана жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылсын.
3. Комиссиянын ишин уюштуруучулук, методикалык жана маалыматтык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июлундагы № 323 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 1З-ноябрындагы № 761 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 30-майындагы № 265 буйругу.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу- инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага | У. А. Марипов |
Тиркеме
“Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын
курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин аймактарды өнүктүрүү маселелерин тейлеген орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
“Кыргыз Туусу” басма үйүнүн директору - башкы редактор;
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзу” юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча).