Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
ПРЕЗИДЕНТИНИН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ
БУЙРУК
2015-жылдын 07-сентябры, № 235
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык:
1. Сот адилеттигин жүргүзүүдө процесстик кодекстердин жана башка мыйзамдардын жаңы долбоорлорунан келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун сот түзүлүшүн өркүндөтүү бөлүгүндө иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Эксперттик жумушчу топтун жетекчисине төмөнкүлөргө белгиленген тартипте укук берилсин:
- зарыл болгон учурда башка эксперттик жумушчу топтор менен биргелешкен ишти координациялап, эксперттик жумушчу топтун учурдагы ишин пландоого жана уюштурууга;
- министрликтердин, административдик ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга;
- өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты мамлекеттик, коомдук уюмдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңешке киргизилүүчү мыйзам долбоорлоруна эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусу менен экспертиза жүргүзүүгө.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин 2013-жылдын 1-февралындагы № 24 жана 2014-жылдын 23-сентябрындагы № 244 буйруктары менен түзүлгөн эксперттик жумушчу топтордун жетекчилерине кайра түзүлгөн эксперттик жумушчу топтун ишине зарылдыгына жараша катышуу сунушталсын.
4. Эксперттик жумушчу топко техникалык жана башка колдоо көрсөтүү жөнүндө эл аралык уюмдардын сунуштары колдоого алынсын.
5. Эксперттик жумушчу топ:
- мыйзам долбоорлорун иштеп чыкканда:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-августундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын соттук системасын реформалоонун негизи катары кабыл алынган рекомендацияларга таянсын;
укуктун чектеш жааттары боюнча мыйзамдардын долбоорлорунун негизги жоболорун башка эксперттик жумушчу топтор менен макулдашсын;
ушул буйруктун 1-пунктунда каралган мыйзам долбоорлорун иштелип чыккандыгына жараша мүмкүн болгон кыска мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин кароосуна берсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысына, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин катчысына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси |
Т.К. Джумакадыров |
Тиркеме
Эсенканов Качыке | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, топтун жетекчиси, |
Ашымбеков Нурланбек Ашымбекович | - | Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун терагасы, |
Бокошов Султан Жамгырбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Соттук-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы, |
Боронбаева Дильфуза Салимовна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, |
Дордоев Мирлан Бекболотович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун эксперти, |
Усаров Медербек Исакович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы эксперти, |
Кулжабаев Марат Жусупович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын уюштуруучулук камсыз кылуу жана статистика башкармалыгынын начальнигинин орун басары, |
Исабаев Санжар Мамадиярович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн эксперти, |
Кожокматова Жылдыз Сатындыевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Судьяларды окутуу борборунун директору, |
Курманбеков Алмаз Улукбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдары жана пландоо башкармалыгынын коргоо жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы, |
Кодуранова Аяна Абдысебитовна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин калкты, мүлккө укуктарды каттоо жана архив чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана саясатты иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн башчысы, |
Кудаяров Жылдызбек Усонович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы, |
Курманов Ашырбек Такишович | - | Чуй облусунун райондор аралык сотунун төрагасы, |
Мусабекова Чынара Абдыбакасовна | - | Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин конституциялык укук кафедрасынын доценти, ю.и.к., ПРООН долбоорлорунун эксперти, |
Сатаров Улан Мелисович | - | "Сатаров, Аскаров жана өнөктөштөр" юридикалык компаниясынын өнөктөшү, ПРООН долбоорлорунун эксперти. |