КР Президентинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги ПБ № 81 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
БУЙРУГУ
2015-жылдын 9-октябры ПБ № 286
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 12-октябрындагы № 255 "Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиги (БКУКРА) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан беш жылдык мөөнөткө төмөнкүлөр Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттигинин (БКУКРА) Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп дайындалсын:
- Чёрный Илья Анатольевич, финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Искендеров Азад Усенович, соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн эксперти.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 173 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 57 буйругу.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Ш. Атамбаев |