Редакцияот 26.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2019-жылдын 9-октябрындагы ПБ № 225 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2018-жылдын 26-апрели ПБ № 81

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 79 "Банктарды жоюу боюнча агенттик жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Банктарды жоюу боюнча агенттик тууралуу жобонун 13, 15-пункттарына ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан беш жылдык мөөнөткө төмөнкүлөр Банктарды жоюу боюнча агенттиктин Директорлор кеңешинин мүчөлөрү болуп дайындалсын:

- Куленбеков Кайып Эшимович, стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- Искаков Эркин Бакбурович, соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн эксперти.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 9-октябрындагы № 286 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 13-июлундагы № 209 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 2-августундагы № 227 буйругу.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жээнбеков