Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 28-октябры № 536-б
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 504-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы № 3694-V токтому менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча Программаны ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2015-2017-жылдарга экономиканын байкоого алынбаган секторунун деңгээлин кыскартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) төмөнкүлөрдү камсыз кылышсын:
- Планда каралган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбей Планда каралган иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берүүнү.
3. Мамлекеттик комитет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы (макулдашуу боюнча) Планды ишке ашырууга көмөк көрсөтүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги:
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 30на чейинки мөөнөттө Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун;
- экономиканын байкоого алынбаган секторунун деңгээлине мониторинг жүргүзүүнү улантсын жана анын негизинде бекитилген Пландын аткарылышын талдоонун жыйынтыктарын жана 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча учурдагы абалды эске алуу менен Планга толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдасын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 504-б буйругунун редакциясына ылайык)
Ишкердик субъекттери үчүн жөнгө салуучу тоскоолдуктарды азайтуу | |||||
№ | Милдет | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
1 | Чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн салык салуу системасын жөнөкөйлөтүү | Негизги. Ички дүң продукциясындагы чакан жана орто бизнестин дүң кошумча наркынын салыштырма салмагы (өткөн мезгилге карата % менен). Кошумча. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана мыйзам алдындагы актыларга киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун саны; чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн салыктык жүктү төмөндөтүү динамикасы (өткөн мезгилге карата % менен) | МСК | 2015-жылдын IV кварталы | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
1.1 | Чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн салык отчетун берүүнүн мезгилдүүлүгүн жана салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрүн кыскартууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу | Чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн салык отчетун берүүнүн мезгилдүүлүгүн жана салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрүн кыскартуу | ЭМ, МСК, ФМ | 2015-жылдын III кварталы | |
1.2 | Кошумча нарк салыгынын ставкасын жогорулатпастан салык салынуучу жеткирүүлөр боюнча сатуудан алынуучу салыкты алып салууну караган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Ишкердик субъекттери үчүн салыктык жүктү азайтуу | ЭМ, МСК, ФМ | 2015-жылдын IV кварталы | |
№ | Милдеттер | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
2 | Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" маалымат системасынын ишин кеңейтүү жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу | Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" маалымат системасына кошулган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын саны (базалык жылдын фактысына карата динамика бирдик менен) | КРӨ 2012-жылдын 11-июлундагы № 390 токтому менен бекитилген ЭМ, министрликтер жана ведомстволор | 2015-жылдын IV кварталы | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуулар | Мөөнөттөр | |
2.1 | Тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" системасына киргизилген бир же бир нече уюмдарда тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерди кабыл алууга жана берүүгө талдоо жүргүзүү | Тышкы соодада көмүскөдөгү жүгүртүүлөрдү түзүү тобокелдиги аныкталды жана аларды четтетүү боюнча сунуштамалар иштелип чыкты | ЭМ, тийиштүү министрликтер жана ведомстволор | 2015-жылдын IV кварталы | |
2.2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын "бирдиктүү терезе" маалымат системасына интеграциялоо | Экономиканын субъекттеринин ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана контролдоочу органдар менен алардын түз байланыштарын азайтуу | ЭМ, МСК, ФМ | 2015-жылдын III кварталы | |
2.3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны "бирдиктүү терезе" маалымат системасына кошуу |
| ЭМ, Ветинспекция | 2015-жылдын IV кварталы | |
№ | Милдет | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
3 | Салык отчетунун автоматташтырылган системасын киргизүү жана электрондук салык отчетунун берүү чөйрөсүн кеңейтүү | Автоматташтырылган система боюнча салык отчетун берген салык төлөөчүлөрдүн саны (өткөн мезгилге карата миң адам жана % менен) | МСК | 2016-жылдын I кварталы | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
3.1 | Салык отчетун электрондук түрдө берүүнүн түрлөрүн кеңейтүү | Региондордо салык отчетун берүүнү жөнөкөйлөтүү, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү (опуза-талап, пара) | МСК | 2015-жылдын III кварталы | |
3.2 | Салык отчетун "бирдиктүү терезе" принциби боюнча берүүнү ишке киргизүү | МСК | 2015-жылдын IV кварталы | ||
№ | Милдет | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
4 | Ишкерлерге карата ашыкча мамлекеттик жөнгө салууну жоюу | Ишкердик ишке ашыкча таасир тийгизүүчү ченемдик укуктук актылардын саны (базалык жылдын фактысына карата бирдик менен) | ЭМ | 2016-жылдын IV кварталы | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
4.1 | Ишкердик ишке таасирин тийгизүүчү ченемдик укуктук актыларга инвентаризация жүргүзүү | Ишкердик ишти жөнгө салуу бөлүгүндө жокко чыгарууга сунушталган ашыкча ченемдик укуктук актылардын тизмеги | ЭМ | 2015-жылдын III кварталы | |
4.2 | Ишкерлер үчүн негизсиз ченемдик талаптарды жоюуну караган ченемдик укуктук актылардын пакетин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү | Ишкерлердин мамлекеттик жөнгө салууга байланышкан чыгымдары кыскартылды | ЭМ | 2016-жылдын IV кварталы | |
Аянтчаларды контролдоо, эсепке алуу жана отчеттуулук чараларын күчөтүү | |||||
№ | Милдет | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
5 | Кошумча нарк салыгынын жалган эсеп-фактураларын колдонуу бөлүгүндө жалган ишкердик менен күрөшүүнү күчөтүү | Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларын берүүнүн электрондук форматына өткөн салык төлөөчүлөрдүн саны (өткөн мезгилге карата динамика % же миң адам менен); кошумча нарк салыгын башкарууда алдамчылыктын аныкталган фактыларынын саны (өткөн мезгилге карата динамика бирдик менен); кошумча нарк салыгы боюнча салыктык түшүүлөрдүн салыштырма салмагы (өткөн мезгилге карата динамика % менен) | МСК | 2016-жылдын II кварталы | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
5.1 | Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын кагаз жүзүндөгү бланкаларын жүгүртүүнү кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын уникалдуу серияларын жана номерлерин электрондук форматта ыйгарууга алмаштырууга багытталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде алдыга жылдыруу боюнча чараларды көрүү | Кошумча нарк салыгын төлөө боюнча салыктык мыйзамдарды бузуулардын деңгээли (өткөн мезгилге карата учурлардын саны же % менен) | ЭМ, МСК, ФМ | 2015-жылдын IV кварталы | |
5.2 | Кошумча нарк салыгынын эсеп-фактураларынын уникалдуу серияларын жана номерлерин электрондук ыйгарууну киргизүү | 2016-жылдын II кварталы | |||
№ | Милдет | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
6 | Тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу акциздик товарлардын жана продукциянын тобун эсепке алуу жана сандык контролдоо системасын автоматташтыруу | Маркалануучу товарлардын саны (өткөн мезгилге карата динамика миң бирдик менен) | ЭМ, МСК, МБК | 2017-жылдын IV кварталы | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
6.1 | Пивону акциздик жыйым маркасы менен белгилөөнү караган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Өндүрүлүүчү жана импорттолуучу пиводон акциздик салыктын көлөмү (өткөн мезгилге карата динамика млн. сом же % менен) | ЭМ, МСК, МБК | 2015-жылдын III кварталы | |
6.2 | Контролдук-эсепке алынуучу маркаларды (белгилерди) жасалмалоо үчүн жоопкерчиликти караган "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Мыйзам кабыл алынгандан жана колдонууга киргизилгенден кийин контролдук-эсепке алынуучу маркаларды жасалмалоо үчүн административдик жоопкерчиликти күчөтүү | ЭМ, МСК, МБК | 2015-жылдын III кварталы | |
6.3 | Товарларды контролдук-эсепке алынуучу маркалар (белгилер) менен маркалоону караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Мыйзам күчүнө киргенден кийин импорттолуучу товарлардан салыктардын жыйналышын көбөйтүү | ЭМ, МСК, МБК | 2015-жылдын III кварталы | |
6.4 | Аларга карата контролдук-эсепке алынуучу маркалар менен маркалоо жүргүзүлүүчү товарлардын тизмегин аныктоо | Аларга карата контролдук-эсепке алынуучу маркалар менен маркалоо жүргүзүлүүчү товарлардын тизмеги расмий түрдө бекитилди | ЭМ, МСК, МБК | 2016-жылдын II кварталы | |
6.5 | Заманбап технологияларды колдонуу аркылуу товарларды маркалоо жолу менен продукцияны эсепке алуунун жаңы механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Контролдук-эсепке алынуучу маркалар (белгилер) менен маркалоого тийиш болгон товарларды жаңы эсепке алуу жана байкоо жүргүзүү колдонууга киргизилди | МСК, ЭМ, МБК, ФМ | 2017-жылдын I кварталы | |
№ | Милдет | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
7 | Соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө контролдук-кассалык машиналарды компьютерлештирүү жолу менен акча агымдарынын кыймылын эсепке алуунун маалыматтык системасын ишке киргизүү | Сооданы кошкондо, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү маалымат системасынын алкагында акча агымдарынын көлөмү (өткөн мезгилге карата динамика млн. сом менен) | МСК, ЭМ, ФМ | 2016-жылдын IV кварталы | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
7.1 | Реалдуу убакыт (он-лайн) режиминде товарларды сатуу, иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү процесстерин ачык фискалдык эсепке алуунун жана контролдоонун автоматташтырылган программасын иштеп чыгуу | Финансылык агымдардын кыймылынын ачык-айкындуулугун камсыздоо, акча каражаттарынын кыймылын контролдоону күчөтүү жана накталай каражаттардын көмүскө жүгүртүлүшүн азайтуу жана бюджетке кошумча түшүүлөрдү жогорулатуу | МСК | 2015-жылдын III кварталы | |
7.2 | Маалыматтарды он-лайн режиминде берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналарды фискалдаштырууну пилоттук ишке киргизүү үчүн бюджеттик каражаттарды бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү |
| ФМ | 2015-жылдын III кварталы | |
7.3 | Маалыматтарды он-лайн режиминде берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин пилоттук режимде ишке киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу |
| ЭМ, МСК | 2015-жылдын III кварталы | |
7.4 | Ишкердик субъекттерин, соода (кызмат көрсөтүү) түйүндөрүн аныктоо жана маалыматтарды он-лайн режиминде берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин пилоттук режимде ишке киргизүү |
| МСК | 2015-жылдын III кварталы | |
7.5 | Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча маалыматтарды он-лайн режиминде берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында ишке киргизүү үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу |
| ЭМ, МСК | 2015-жылдын IV кварталы | |
7.6 | Республика боюнча маалыматтарды он-лайн режиминде берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналарды фискалдаштыруу механизмин киргизүү |
| МСК | 2016-жылдын IV кварталы | |
№ | Милдет | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
8 | Кымбат баалуу металлдардан жана кымбат баалуу таштардан зергер буюмдарын мыйзамсыз жасоого жана сатууга контролду күчөтүү | Зергерчилик тармагында катталган ишкерлердин саны (мезгилдүү динамика миң адам менен); салыктык түшүүлөрдүн көлөмү (мезгилдүү динамика млн. сом менен) | ФМ | 2017-жылдын II кварталы | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
8.1 | Кымбат баалуу металлдардан жасалган буюмдарды сатуу эрежелерин бузуу үчүн айып пулду 50дөн 100 чейинки эсептик көрсөткүчкө жогорулатуу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө кирүүсүнүн натыйжасында кымбат баалуу металлдардан жана кымбат баалуу таштардан зергер буюмдарын жасоо менен алектенген зергер өндүрүүчүлөрүнүн көмүскөдөн чыгышы | ФМ | 2017-жылдын I кварталы | |
8.2 | Атайын эсепке алууга турбагандыгы үчүн кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды жүзөгө ашырышкан юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин административдик жоопкерчиликтерин киргизүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | ФМ | 2017-жылдын II кварталы | ||
№ | Милдет | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
9 | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалымат системасын түзүү | - Мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана инвентаризациялоо процессинин катышуучуларын камтуу (сандык туюнтмада); - эсепке алынган мамлекеттик мүлктүн көлөмү (сандык жана нарктык туюнтмада) | ММБФ, ЭМ, ФМ министрликтер, ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары | 2017-жылдын IV кварталы | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
9.1 | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалымат системасын түзүү жана жүргүзүү үчүн мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоонун жана эсепке алуунун методологиялык базасын бекитүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | Ченемдик укуктук актыларды киргизүү жана колдонуу. Мамлекеттик менчикти эсепке алуу жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалымат системасын жүргүзүү процессин жөнгө салуу | ЭМ, ФМ, УСК, (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын I кварталы | |
9.2 | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Мамлекеттик менчиктин түзүмүн оптималдаштыруу инструментин түзүү | ММБФ | 2016-жылдын III кварталы | |
9.3 | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалымат системасын тесттик ишке киргизүү үчүн мамлекеттик мүлктү пилоттук инвентаризациялоо жүргүзүү | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалымат системасын пилоттук ишке киргизүү үчүн алгачкы маалыматтарды алуу | ММБФ | 2016-жылдын IV кварталы | |
9.4 | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалымат системасына маалыматтарды киргизүү үчүн мамлекеттик уюмдар тарабынан мамлекеттик мүлккө толук масштабдуу инвентаризациялоо жүргүзүү | "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри" ведомстволор аралык автоматташтырылган маалымат системасынын иштеши үчүн алгачкы маалыматты алуу | ММБФ | 2017-жылдын IV кварталы | |
Накталай акча каражаттарынын жүрүүсүнүн үлүшүн азайтуу | |||||
№ | Милдет | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
10 | Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу | Соода-сервистик ишканаларда орнотулган пос-терминалдардын саны (мезгилдүү динамика миң бирдик менен) | КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын IV кварталы | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
10.1 | Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине босоголук сумманы юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы төлөмдөр менен эсептешүүлөр накталай эмес формада жүргүзүлүүсү тийиш болгондон жогору белгилөө боюнча талапты караган ченемдерди киргизүү | Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине бул ченемдер киргизилгенден кийин юридикалык жана жеке жактардын ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү жана расмий эмес экономиканын көлөмүн кыскартуу | ЭМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын IV кварталы | |
10.2 | Соода-сервистик ишканаларда пос-терминалдарды милдеттүү орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | ЭМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) | 2015-жылдын IV кварталы | ||
Көмүскө экономиканы баалоо | |||||
№ | Милдет | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
11 | Байкоого алынбаган (жашыруун жана формалдуу эмес) экономикалык иштин көлөмүнө баалоо жүргүзүү: - жашыруун экономикалык иш; - формалдуу эмес экономикалык иш | Байкоого алынбаган экономиканын көлөмү: (млн. сом: ички дүң продукцияга карата % менен) | УСК (макулдашуу боюнча) | 2017-жылдын I кварталы | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
11.1 | 2008 Улуттук эсептер системасынын методологиялык жоболорун жана Байкоого алынбаган экономиканы өлчөө боюнча колдонмону изилдөө (Дүйнөлүк валюта фонду, Эл аралык эмгек уюму, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Статистика комитети менен бирге Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму тарабынан даярдалган) | Жашыруун жана формалдуу эмес экономикалык иштин масштабдарын баалоо | УСК (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын I кварталы | |
11.2 | 2008 Улуттук эсептер системасынын жана Байкоого алынбаган экономиканы өлчөө колдонмосунун эл аралык стандарттарына шайкеш келген байкоого алынбаган экономиканы өлчөө методологиясын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму тарабынан Кыргыз Республикасында адаптациялоо |
| УСК (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын III кварталы | |
11.3 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен экономикалык иштин айрым түрлөрү боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү/баалоо (иштин патенттүү түрлөрүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык формалдуу эмес секторду баалоо) |
| УСК (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын IV кварталы | |
№ | Милдет | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
12 | Легалдуу эмес экономиканын көлөмүн баалоо | Легалдуу эмес экономиканын көлөмү (млн. сом ички дүң продукцияга карата % менен) | УСК, профилдик министрликтер жана ведомстволор | 2016-жылдын IV кварталы | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
12.1 | Легалдуу эмес ишке баалоо жүргүзүүчү чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө | Чет өлкөлөрдүн мыкты тажрыйбасынын жана практикасынын негизинде Кыргыз Республикасынын шарттарында легалдуу эмес ишти баалоо боюнча методика иштелип чыккан | УСК (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын I кварталы | |
12.2 | Легалдуу эмес ишти эксперименталдык эсептөө (баалоо) үчүн профилдик министрликтерден жана ведомстволордон зарыл болгон маалыматты алуу | Легалдуу эмес экономиканын масштабдарын баалоо | УСК (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын II кварталы | |
12.3 | Мыйзамсыз өндүрүү, жүгүртүү жана керектөөнү баалоо боюнча эксперименталдык эсептөөлөрдү жүргүзүү |
| УСК (макулдашуу боюнча) | 2016-жылдын III кварталы | |
Маалыматтык-түшүндүрүү компаниясын жүргүзүү | |||||
№ | Милдет | Индикаторлор | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
13 | Коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү менен айкалыштырып легалдуу жана ачык бизнеске пропаганда жүргүзүү | Түзүлгөн маалыматтык аянтчалардын жана жолугушуулардын саны (мезгилдүү динамика бирдик менен) | ЭМ | 2015-2017- жылдар | |
№ | Иш-чаралар | Күтүлүүчү натыйжа | Жооптуу | Мөөнөттөр | |
13.1 | Экономиканын легалдуу секторуна өтүү боюнча толук маалымат берүү үчүн "түз байланыш" линияларын ишке киргизүү, конференцияларды өткөрүү, мамлекеттик органдардын веб-сайттарында баракчаларды ачуу | Экономиканын расмий эмес секторун легалдаштыруу боюнча калктын маалымдуулугунун жана сабаттуулугунун жалпы деңгээлин жогорулатуу | ЭМ, ЖМК (макулдашуу боюнча) | 2015-2017- жылдар | |
13.2 | Экономиканын расмий эмес секторун легалдаштыруу көйгөйлөрүн талкуулоо боюнча аянтчалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу | Мамлекеттик органдардын иштеп жаткан форумдарында кайра байланыш механизмин жакшыртуу | ЭМ | 2015-2017- жылдар | |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
УСК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
Ветинспекция | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |