Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 20-августу № 404-б
Күрмөнтү кенин комплекстүү жана сарамжалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык:
1. Күрмөнтү акиташ жана кумдуу ак топурак кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-октябрындагы № 476-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте Күрмөнтү акиташ жана кумдуу ак топурак кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Күрмөнтү акиташ жана кумдуу ак топурак кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга конкурс өткөрүү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
1. Жалпы мамлекеттик маанидеги кен болуп саналган Күрмөнтү пайдалуу казылмалар кенине карата жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс конкурстук комиссиянын 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 3 протоколу менен жактырылган жана "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык иштелип чыккан ушул Күрмөнтү акиташ жана кумдуу ак топурак кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине (мындан ары - "Шарттар"), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-октябрындагы № 476-б буйругун аткаруу үчүн өткөрүлөт.
2. Күрмөнтү акиташ жана кумдуу ак топурак кендерин (мындан ары - "Күрмөнтү кени") иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс Күрмөнтү кенин иштетүүдө Кыргыз Республикасы үчүн кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган жеңүүчүнү табуу максатында жүргүзүлөт.
3. Күрмөнтү цемент сырьё кени Ысык-Көлдүн түндүгүнөн 4 км алыстыкта Күңгөй Ала-Тоо кыркаларынын түштүк жантаймасында жайгашкан.
4. Күрмөнтү кени административдик жактан Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Түп районунун аймагында жайгашкан.
5. Кендин географиялык координаттары түндүк кеңдикте 42°49' жана чыгыш узактыкта 78° 14'22".
6. Абсолюттук белгилери 1795 метрден 2020 метрге чейин өзгөрүп турат.
Тик бурчтуу координаттары: К - 44 - 37.
1-таблица
№ | X | Ү | № | X | Ү |
1 | 2 | 3 |
|
|
|
Күрмөнтү акиташ кени | Күрмөнтү чопо кени | ||||
1 | 14274359 | 4745815 | 1 | 14271890 | 4745165 |
2 | 14274859 | 4746052 | 2 | 14272140 | 4745195 |
3 | 14275088 | 4745605 | 3 | 14273230 | 4744975 |
4 | 14274824 | 4745409 | 4 | 14273240 | 4744770 |
5 | 14274916 | 4744933 | 5 | 14273160 | 4744600 |
6 | 14274661 | 4744781 | 6 | 14272735 | 4744600 |
S = 0,48 км2 же 48,0 га | 7 | 14272355 | 4744720 | ||
| 8 | 14272010 | 4744700 | ||
| 9 | 14271850 | 4744800 | ||
| S = 0,598 км2 же 59,8 га | ||||
7. Кенден батышты карай 175 км аралыкта жайгашкан Балыкчы темир жол станциясына бириктирүүчү Бишкек-Каракол автомобиль трассасы Күрмөнтү кенинин түштүгүнөн 2,5 км аралыкта өтөт. Ысык-Көл менен өткөн суу жолу да бар. Кеме токтоочу жай Күрмөнтү кенинин түштүгүндө 4 км аралыкта жайгашкан.
8. 1939-жылы Күрмөнтү кенине И.К.Просоедов жетекчилик кылган чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Бул иштердин жыйынтыгы менен отчёт түзүлгөн жана А2 категориясы боюнча акиташтын - 958 миң тонна, В категориясы боюнча - 138 миң тонна жана А2 категориясы боюнча чопонун - 424 миң тонна запасы эсептелген. Бул запас 1940-жылы Кыргыз запас боюнча аймактык комиссия (мындан ары - ЗАК) тарабынан бекитилген.
9. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында А2 категориясы боюнча - 842,6 миң тонна, В категориясы боюнча - 185,7 миң тонна акиташтын, ошондой эле А2 категориясы боюнча - 185,7 миң тонна, В категориясы боюнча - 567,7 миң тонна кум аралаш чопонун ЗАКта запасы аныкталган жана бекитилген (1957-жылдын 15-сентябрындагы № 216 протокол).
10. 1960-1961-жылдары Кыргыз ССРинин Геология башкармалыгынын Чүй экспедициясынын Күрмөнтү геологиялык чалгындоо партиясы тарабынан запасты өстүрүү максатында кенге жеткире чалгындоо жүргүзүлгөн. Күрмөнтү кенинин акиташ участкасында канав жана шурфтардын жардамы менен үстүнкү жагына, ал эми терең жагына штольнялар аркылуу жеткире чалгындоо жүргүзүлгөн.
11. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 20,2 млн. тонна акиташтын жана 6 млн. тонна чопонун запасы аныкталган. Пайдалуу кендердин запасы боюнча мамлекеттик комиссияга (мындан ары - "ЗМК") берилген акиташтын запасы бекитилген эмес, маалымат катары кабыл алынган.
12. Борпоң акиташты өндүрүүгө пайдалануу максатында Күрмөнтү кенинин акиташ участогуна 1971-жылы кошумча изилдөө жүргүзүлгөн. Кенден алты технологиялык сынамык алынган, изилдөөнүн натыйжасында акиташты биринчи сорттогу борпоң акиташты өндүрүү үчүн колдонууга болот деп белгиленген. 1971-жылдын 1-сентябрына карата A+B+C1 категориясы боюнча акиташтын запасы 19,9 млн. тоннаны түзгөн (ЗАКтын 1971-жылдын 17-декабрындагы № 275 протоколу).
13. 1970-1971-жылдары Күрмөнтү кумдуу ак топурак кендеринин № 2 участкасынын районунда бышкан кыш, керамика таштарын, аглопорит жана цемент өндүрүү үчүн чопонун сапатын аныктоо максатында алдын ала, ошондой эле дыкат чалгындоо жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иштин натыйжасында, чополор суукка чыдамсыз кадимки топурак кышты жана "75" жана "100" маркасындагы беш тешиктүү керамикалык таштарды, оңой толтургучту (аглопоритти) "400" жана "500" маркасындагы портландцементти чыгарууга жарай тургандыгы аныкталган (1973-жылдын 31-октябрындагы № 298 протокол).
14. Конкурска катышууга төмөнкүлөргө жол берилет:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактарга;
- чет мамлекетте катталган юридикалык жактарга (мындан ары - чет өлкөлүк юридикалык жактар).
15. Конкурска катышкан жактар (мындан ары - конкурстун катышуучулары) жер казынасын пайдалануу укугун алуу максатында конкурстук комиссиянын кароосуна өздөрү жөнүндө төмөнкүлөрдү күбөлөндүргөн маалыматтарды жана документтерди берүүлөрү керек:
- кен иштетүү жаатында 2 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар экендигин;
- пайдалуу кендерди чалгындоонун, казып алуунун жана кайра иштетүүнүн заманбап технологиясына ээ экендигин жана колдоноорун;
- жеке каражаттарынын болушун жана/же Күрмөнтү кенин иштетүү үчүн зарыл болгон кошумча каржылоону тартуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин;
- өз ишинде өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын стандарттарын жана эл аралык стандарттарды сактоого кепилдик бере тургандыгын.
16. Конкурстун катышуучулары конкурстук комиссиянын кароосуна Күрмөнтү кенин иштетүүгө укук алуу үчүн зарыл болгон, алардын квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кошумча маалыматтарды жана документтерди берүүгө укуктуу.
17. Конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылган жана Күрмөнтү кенин иштетүүгө лицензия (мындан ары - "лицензия") алган жак тарабынан бир катар милдеттенмелердин аткарылышы жер казынасын пайдалануунун негизги шарттары болуп саналат, анын ичинде лицензия алган (мындан ары -"лицензиат") конкурстун жеңүүчүсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны конкурска катышууга тиешелүү билдирмеде көрсөтүлгөн өлчөмдө, бирок 15000000 АКШ долларынан кем эмес өлчөмдө (мындан ары - "конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа") төлөөгө;
- өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча эксперттик оң корутундулар менен техникалык долбоорду даярдоону жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана тиешелүү ведомстволор менен макулдашууну камсыз кылууга, ошондой эле иштетүүгө лицензия берилген датадан баштап 1 жылдан кечиктирбестен Күрмөнтү кенин иштетүү үчүн керектүү болгон инфраструктуралык жана башка объекттерди курууга уруксат берүүчү документтерди алууга;
- кенди иштетүүгө техникалык долбоорду ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылган датадан баштап 3 айдан кечиктирбей цемент заводунун (мындан ары - "Завод") курулушун баштоого. Курулушту баштоонун мөөнөтү бузулган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталуучу форс-мажордук жагдайлардан башка учурларда ("Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык), курулушту баштоонун мөөнөтү бузулган ар бир толук ай үчүн лицензиат 30000 АКШ доллары өлчөмүндө (100% - республикалык бюджетке) айып пул төлөөгө макулдук берет;
- кенди иштетүүгө техникалык долбоорду ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашкан датадан баштап 2 жылдан ашпаган, билдирилген мөөнөттө Заводду өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүүнү камсыз кылууга. Өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүү мөөнөтү бузулган учурда, лицензиат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тастыкталуучу форс-мажордук жагдайлардан башка учурларда ("Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык), эксплуатациялоого киргизүүнүн мөөнөтү бузулган ар бир ай үчүн 30000 АКШ доллары өлчөмүндө (100% - республикалык бюджетке) айып пул төлөөгө макулдук берет;
- Завод эксплуатациялоого киргизилген датадан баштап 1 жылдан кечиктирбестен, техникалык долбоордо каралган өндүрүмдүүлүк менен долбоордук кубаттуулукка, бирок 50%дан кем эмес долбоордук кубаттуулукка чыгышын камсыз кылууга. 50% долбоордук кубаттуулукка чыгуу мөөнөтү бузулган учурда, лицензиат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталуучу форс-мажордук жагдайлардан башка учурларда ("Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык), эксплуатациялоого киргизүүнүн мөөнөтү бузулган ар бир ай үчүн 30000 АКШ доллары өлчөмүндө (100% - республикалык бюджетке) айып пул төлөөгө макулдук берет;
- кенди иштетүүнүн техникалык долбооруна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга жооп берген өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча чараларды, бузулган жерлерди рекультивациялоонун жана тийиштүү фонд түзүү менен андан-ары мониторинг жүргүзүүнүн долбоорун, тоо-кен мүлкүн жоюунун долбоорун, лицензиаттын жер казынасын кыйла сарамжалдуу, коопсуз жана натыйжалуу пайдалануусу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттердин баяндоолорун киргизүүгө;
- акиташты казып алууда "Игданит" тибиндеги жөнөкөй жардыргыч заттарды (Ысык-Көлдүн биосфералык аймагына өнөр жай таасирлерин азайтуу максатында) колдонуудан алып таштап, заманбап жардыргыч заттарды колдонууга;
- кенди иштетүүдө абага чаңдын чыгышын болтурбоо үчүн заманбап тоо-кен транспортторун жана майдалоочу-сорттоочу жабдууларды колдонууга;
- долбоорго ылайык ушул Шарттардын 22-пунктунда көрсөтүлгөн конкурстук объектилердин жер казынасын пайдалануу укугуна бааны жана лицензия берилген датадан баштап алгачкы 3 жыл үчүн бонустарды кошпостон инвестицияларды салууну, анын ичинде банктык жана финансылык институттар тарабынан каржылоону тартуу жолу аркылуу камсыз кылууга;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбоорлордун жоболорун бекем сактоого жана жер казынасын сарамжал пайдалануу, курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана өнөр-жай коопсуздугу боюнча талаптарды кошкондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууга;
- лицензия алган датадан баштап 2 айдан кечиктирбестен, жергиликтүү коомчулуктун жана аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын негизинде иштелип чыккан социалдык пакетти (Макулдашуу), ошондой эле жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө, иш жүрүп жаткан райондо жашаган калк үчүн жумуш орундарын түзүүгө, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууга, кенди өздөштүрүү менен байланышкан ишти жүргүзүүгө калкты тартуу максатында аларды кесиптик даярдоону уюштурууга, Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен байланышкан башка маселелерди чечүүгө жардам берүүгө инвестициялар программасын даярдоого жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын андан ары кароосу жана жактыруусу үчүн берүүгө. Мында, биринчи үч жылда жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө инвестициялардын өлчөмү акчалай эквивалентинде Ак-Булак айыл өкмөтү боюнча 3950000 сомдон, Сары-Булак айыл өкмөтү боюнча 3700000 сомдон төмөн болбошу керек, ал эми кийинки жылдары ар бир айыл өкмөтү боюнча 3000000 сомдон кем болбошу керек. Мындан сырткары, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында ар бир айыл өкмөтүнө 350 тонна шагыл, 100 тонна кумдуу ак топурак, ошондой эле өздүк наркы боюнча 100 тонна цемент берүүнү киргизүү керек;
- Заводду куруу убагында жана аны эксплуатациялоого киргизүүгө чейин, подряддык жана субподряддык уюмдарды эске алуу менен, лицензиаттын кызматкерлеринин жалпы санынан 30%дан көп эмес, ал эми Заводду эксплуатациялоого киргизгенден кийин 10%дан көп эмес чет өлкөлүк адистерди тартууга;
- Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн товарларды, аткарылбаган иштерди жана көрсөтүлбөгөн кызматтарды сатып алуудан сырткары, лицензиаттын иш-аракетин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн белгиленген сапаттын стандарттарына туура келген товардык-материалдык баалуулуктарды (мындан ары - ТМБ) 100% сатып алууну жүзөгө ашырууга. Ошол эле учурда ушуга тете башка шарттарда Ысык-Көл облусунун аймагында өндүрүлгөн товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү артыкчылыктуу сатып алууну жүзөгө ашырууга;
- жогоруда баяндалган негизги шарттарды кошкондо, жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн шарттары конкурстун жеңүүчүсүнө берилген лицензияга карата лицензиялык макулдашууда бекитилет. Жер казынасын пайдалануунун жогоруда аталган шарттарынын аткарылбашы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.
18. Конкурска катышуу үчүн билдирме берүү менен, конкурстун катышуучусу жер казынасын пайдалануунун жогоруда аталган негизги шарттарын автоматтык түрдө тааныйт жана конкурстун жеңүүчүсүнө берилген лицензиялык макулдашууга аларды киргизүүгө макулдугун берет.
19. Кыскача геологиялык маалыматтын пакети үчүн акы төлөө:
- комиссиянын жумушчу органы ар бир билдирме берүүчүгө алдын ала геологиялык маалымат берет. Конкурска катышуу үчүн билдирме берүүчүлөр, 142811 сом өлчөмүндөгү акы төлөп, аталган геологиялык маалыматты алууга милдеттүү;
- зарыл болгон учурда билдирме берүүчү "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык кошумча геологиялык маалыматты сатып алууга укуктуу;
- ушул пункттун биринчи абзацында аталган кыскача геологиялык маалыматтын наркы конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыркы баага киргизилет жана документтерди кароонун жана/же конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктарына карабастан кайтарылып берилбейт;
- конкурстун жеңүүчүсү аныкталгандан кийин, ага наркы 1152151 сом (кыскача геологиялык маалыматтын наркын эсепке алуу менен) болгон геологиялык маалыматтардын толук пакети берилет. Ушул пакеттин наркы конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыркы баага кошулат;
- көрсөтүлгөн төлөмдөр комиссиянын жумушчу органы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Геология агенттиги) атайын эсебине келип түшөт жана анын тескөөсүндө калат. Геологиялык маалымат анын наркы толук төлөнгөндөн кийин билдирме берүүчүгө дароо берилет.
20. Конкурска катышуу үчүн жыйым.
1) Конкурстун катышуучулары конкурска катышуу үчүн 500000 сом өлчөмүндө же төлөө күнүндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча АКШ доллары эквивалентиндеги жыйымды (мындан ары - "катышуу үчүн жыйым") төлөөгө милдеттүү. Конкурска катышуу үчүн жыйым конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыркы баага киргизилбейт жана документтерди кароонун жана/же конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктарына карабастан ушул Шарттардын 43-пунктунда жазылгандан башка учурларда кайтарылып берилбейт. Аталган каражаттар комиссиянын жумушчу органынын (Геология агенттиги) атайын эсебине келип түшөт жана анын тескөөсүндө калат.
21. Жеңүүчүнүн кепилдик төгүмү.
1) Конкурстун жеңүүчүсү, ал жеңүүчү деп жарыяланган датадан баштап, 5 жумуш күндүн ичинде, сунуш кылынган баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төгүмдү (мындан ары - "конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү") төлөөгө милдеттүү. Ушул Шарттардын 22-пунктунда каралгандай жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны конкурстун жеңүүчүсү төлөгөн учурда, конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баасына кошулуп эсептелет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү ушул Шарттардын 22-пунктунда каралган мөөнөттө конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны төлөбөсө, конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү конкурстун жеңүүчүсүнө кайтарылып берилбейт жана ал республикалык бюджетке чегерилет.
22. Конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа.
1) Конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа 1500000 АКШ долларынан кем болбошу керек. Баа өзүнө бонустун суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакети үчүн бааны камтыйт, мында конкурска катышуучулар тарабынан кыйла жогорку баа сунуш кылынышы мүмкүн. Бонусту жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын пакети үчүн бааны эсептен чыгаруу менен жыйынтыкталган сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген "Жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө" жобого ылайык бөлүштүрүлөт. Конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа бир жолку жана кайтарылып берилбеген төлөм болуп эсептелет. Конкурстун жеңүүчүсү ага сунуш кылынган конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны конкурстун жеңүүчүсү болуп аныкталган күндөн баштап 30 календардык күндүн ичинде төлөөгө милдеттүү. Ошондой эле, жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына жайгаштырылат.
23. Төлөмдөрдү төлөө үчүн реквизиттер.
Геологиялык маалымат үчүн төлөм, конкурска катышуу үчүн жыйым, конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү, ошондой эле тиешелүү багытты көрсөтүү менен конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа төмөнкү реквизиттер боюнча Геология агенттигинин алыш-бериш эсебине төлөнүшү керек:
Алуучу: Бишкек шаарынын Октябрь районунун казыналык бөлүмү
Банк: "РСК Банк" ААКнын Октябрь филиалы, Бишкек ш.
БИК 129053
Алыш-бериш эсеби: 1290534132810077
Өздүк эсеби: 4402012100002662
Төлөм багыты: [геологиялык маалымат үчүн төлөм Геология агенттигинин өздүк эсебине] / [конкурска катышкандыгы үчүн жыйым Геология агенттигинин өздүк эсебине] / [конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү Геология агенттигинин өздүк эсебине] / [жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөм Геология агенттигинин өздүк эсебине (конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу боюнча баа)].
24. Конкурстун жеңүүчүсү лицензиялык төлөмдөрдү, салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык башка милдеттүү төлөмдөрдү, чегерүүлөрдү жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.
25. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта конкурстук комиссия конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтерди кабыл алат жана алардын экинчи этапка катышуусуна жол берүү же андан баш тартуу максатында, ушул Шарттарда белгиленген талаптарга алардын документтеринин ылайыктуулугун баалоону жүзөгө ашырат. Экинчи этапта конкурстук комиссия экинчи этапка катышуусуна жол берилген конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтерди кабыл алат жана документтердин ушул Шарттарда белгиленген талаптарга ылайыктуулугун баалоону жүзөгө ашырат жана белгиленген критерийлерге ылайык конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт.
26. Конкурстун биринчи этабы.
Биринчи этапта конкурстун катышуучулары конкурсту өткөрүү жөнүндө расмий басма сөз органдарында кулактандыруу жарыяланган күндөн баштап 15 календардык күндөн кечиктирбестен Геология агенттигине төмөнкү документтерди 2 нускада, төмөнкүдөй дарек боюнча беришет: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 2, № 217 кабинет:
1) 1-тиркемеге ылайык форма боюнча конкурстук комиссиянын төрагасынын атына конкурска катышуу үчүн билдирме;
2) геологиялык маалымат үчүн акы төлөөнү ырастоочу документтин көчүрмөсүн (жана салыштыруу үчүн түп нускасы);
3) конкурска катышуу үчүн жыйымдын төгүлгөндүгүн ырастоочу документтин көчүрмөсүн (жана салыштыруу үчүн түп нускасын).
Ошондой эле, чапталган конвертте төмөнкү документтер берилет:
1) Кыргыз Республикасында катталган (кайра каттоодон өткөн) юридикалык жактар үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү жана өзүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү;
2) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн - уюштуруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, ошондой эле мамлекеттик реестрден апостил коюлган же легалдаштырылган көчүрмө же өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп эсептелээрин күбөлөндүргөн башка документ(1). Чет өлкөлүк юридикалык жактар тарабынан чет тилиндеги уюштуруучу документтердин жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн мамлекеттик же расмий тилге котормолору нотариалдык жактан күбөлөндүрүү менен берилиши керек. Мамлекеттик реестрден көчүрмөнүн же өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп эсептелээрин күбөлөндүргөн башка документтин жарактуулук мөөнөтү, аталган документтердин берилген датасынан баштап, 6 айдан ашпоого тийиш;
3) конкурстун катышуучуларынын акыркы ээлери жана/же бенефициарлары болуп эсептелген адамдарды ачыкка чыгарган маалыматтар жана документтер 2-тиркемеге ылайык формада;
4) юридикалык жактын жетекчисинин же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер;
5) төмөндөгүлөр жөнүндө жазуу түрүндөгү милдеттенме:
- конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү болуп аныкталган учурда, Заводдун курулушун баштоо жана/же Заводду өндүрүштүк эксплуатациялоого киргизүү мөөнөтүн бузган учурда, ушул Шарттарда каралган бардык айып пулдарды төлөөгө макулдугун берет;
- конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү болуп аныкталган учурда, конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ага сунушталган баа, төмөнкүдөй учурлардан башка учурларда, кайтарылбас төлөм болуп эсептелээрине макулдугун берет;
- конкурстун катышуучусу өзүнүн ишинин натыйжасында курчап турган айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана курчап турган айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө, эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуунун натыйжасында келтирилсе 3-тиркемеге ылайык форма боюнча макулдугун берет.
27. Конкурстун катышуучусу конкурстун катышуучусунун толук аталышы жана дареги, конкурстун биринчи этабына катышууга берилген документтердин толук тизмеси көрсөтүлгөн документтерди бир конвертте бериши керек. Берилген документтер тиркелип, бөлүштүргүч менен бөлүнүп, конверттеги бардык беттерге номер коюлушу керек. Документтер мамлекеттик же расмий тилде берилет. Эгерде документтер чет тилдерде берилсе, ага нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормолору тиркелиши керек. Конкурстук комиссия мамлекеттик же расмий тилде берилген документтерди карайт. Конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтердеги өзгөртүүлөр же толуктоолор, документтерди берүү үчүн мөөнөт бүткөндөн кийин кабыл алынбайт. Берилген документтер кайра берилбейт жана Геология агенттигинде сакталат.
28. Конкурстук комиссия документтери бар конверттерди ачууну документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийинки жумушчу күнү жүргүзүшөт жана конкурстун катышуучусунун аталышы жана алар берген документтердин барагынын саны көрсөтүлгөн протокол менен таризделет. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде берилген документтерди карап чыгат жана конкурстун экинчи этабына конкурстун катышуучусун жиберүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Конкурстун катышуучулары берген документтер ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга туура келген шартта гана, алардын экинчи этапка катышуусуна жол берилет. Берилген документтердин тизмесине, түрүнө жана формасына карата талаптар боюнча маселелер келип чыккан учурда, конкурстук комиссия протокол түрүндө таризделген кошумча түшүндүрмө берүүгө укуктуу.
29. Конкурстун экинчи этабына катышууга жол берүү же баш тартуу жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына жайгаштырылат.
30. Конкурстун экинчи этабы.
Экинчи этапка жол берилген конкурстун катышуучулары экинчи этапта катышууга жол берилгендиги жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан баштап 20 календардык күндөн кечиктирбестен Геология агенттигине төмөнкүдөй дарек боюнча: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 2, № 217 кабинетке, чапталган конвертте төмөнкү документтерди беришет:
1) төмөнкүлөр боюнча сунуштарды (алдын-ала) өзүнө камтыган Күрмөнтү кенин иштетүүнүн программасын:
- капиталдык салымдар, эксплуатациялык чыгымдар жана долбоордун рентабелдүүлүгү жөнүндө техникалык-экономикалык эсептерин;
- Заводду куруу жана аны эксплуатациялоого берүү мөөнөттөрүнүн, иштерди жүргүзүүнүн этаптарынын сакталышын;
- бузулган жерлерди рекультивациялоону;
- талап кылынган инвестициялардын эсептерин;
- Заводдун иштөөсүнүн натыйжасында республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн келип түшүүлөрүнүн эсептерин;
- конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча башка кошумча маалыматтарды жана документтерди;
2) пайдалуу казылмалардын кендерин чалгындоодо, казып алууда жана иштетүүдө заманбап технологияларды колдонуу, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жер казынасын коргоо жана сарамжал пайдалануу боюнча сунуштардын жана чаралардын комплекси;
3) 2 жылдан кем эмес мезгилде кендерди геологиялык чалгындоо жана иштетүү жаатында иш тажрыйбасы бар экендиги жөнүндө күбөлөндүрүүчү маалыматтар жана документтер;
4) жеке каражаттарынын бар экендигин жана/же баштапкы капиталдык салымдар үчүн финансылык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ырастама, анын ичинде, акыркы 2 жылдагы бухгалтердик отчёттордун көчүрмөлөрү, банктык маалымдамалар, кредиттерди алгандыгы жөнүндө келишимдер, салык карыздарынын жоктугун күбөлөндүрүүчү документтер жана башка ушундай документтер;
5) регионду жана жергиликтүү коомчулукту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасын, жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуунун программасын камтыган социалдык пакет боюнча, иш жүргүзүлгөн региондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарын уюштуруу, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдалануу, кенди өздөштүрүү менен байланышкан ишти жүргүзүүгө калкты тартуу максатында, аларды кесиптик даярдоону уюштуруу, Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен байланышкан жана башка маселелерди чечүүгө жардам берүү программасы боюнча сунуштар;
6) конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн, ушул Шарттардын 22-пунктунда көрсөтүлгөн минималдык нарктан кем эмес бааны сунуш кылуу;
7) Күрмөнтү кенин иштетүү үчүн зарыл болгон, конкурстун катышуучусунун квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө күбөлөндүрүүчү кошумча ар кандай маалыматтар жана документтер.
31. Экинчи этапка катышууга жол берилген конкурстун катышуучусу конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун экинчи этабына катышуунун алкагында документтердин берилгендиги, берилген документтердин толук тизмесин камтыган көрсөтмөнү бир конвертте бериши керек. Берилген документтер тиркелип, бөлүштүргүч менен бөлүнүп, конверттеги бардык беттерге номер коюлушу керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилдерде берилет. Документтер чет тилде берилген учурда, аларга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу тиркелиши керек. Конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтердеги өзгөртүүлөр же толуктоолор, документтерди берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин кабыл алынбайт. Берилген документтер кайра берилбейт жана Геология агенттигинде сакталат.
32. Конкурстук комиссия документтери бар конверттерди ачууну документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктаган соң, кийинки жумушчу күнүндө жүргүзөт жана конкурстун катышуучусунун аталышы жана дареги, ошондой эле алар берген документтердин барагынын саны жана жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунуш кылынган баа көрсөтүлгөн протокол менен таризделет. Конкурстун катышуучулары конвертти ачууга катышууга укуктуу. Конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына жарыяланат.
33. Конкурстук комиссия конверттерди ачкан учурдан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду тариздейт жана ушул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим чыгарат. Конкурстун катышуучулары тарабынан берилген документтерди карап чыгууда, конкурстук комиссия берилген документтердин алкагында кошумча түшүндүрмө берүү үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
34. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматтарды баалоо жолу менен аныкталат. Документтерди баалоо, балл системасы боюнча төмөнкүдөй критерийлер менен жүргүзүлөт:
№ | Критерийлердин аталышы | Балл |
1 | Ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга анын шайкеш келишин кошкондо, Күрмөнтү кенин иштетүүнүн сунушталган программасынын сапаты | 3 баллга чейин |
2 | Пайдалуу казылмалар кендерин чалгындоодо, казып алууда жана кайра иштетүүдө заманбап технологияларды колдонуу, өнөр жай коопсуздугун, экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштар | 5 баллга чейин |
3 | Күрмөнтү кенин өздөштүрүү үчүн финансылык (жеке жана тартылган каражаттар) мүмкүнчүлүктөр | 5 баллга чейин |
4 | Ушул Шарттардын 17-пунктунун 12-абзацында көрсөтүлгөн суммадан ашыкча социалдык пакетке бөлүнүүчү финансылык каражаттардын көлөмү (суммасы) | 3 баллга чейин |
5 | Конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугуна минималдык баанын жогорулашы | Конкурстук объектини пайдалануу укугу үчүн минималдык баадан ашыкча, ар бир кийинки 200000 АКШ доллары үчүн 1 балл, бирок 10 баллдан көп эмес |
| Заводду, ошондой эле объекттин инфраструктурасын куруу жана эксплуатациялоого берүү мөөнөттөрү | 18 айга чейин - 2 балл; жыл ичинде - 4 балл. Ушул милдеттенмени өзүнө кабыл алган учурда ушул Шарттардын 17-пунктунун 5-абзацынын талаптары Заводду өнөр жайлык эксплуатациялоого берүүнүн билдирилген мөөнөтү аяктаган датадан баштап күчүнө кирет |
35. Ар бир катышуучу боюнча конкурстук комиссия тарабынан катышуучунун ар бир критерий боюнча алган баллынын маанилерин жана конкурстун катышуучусунун жалпы баллынын санын көрсөтүү менен баллды эсептөө протоколу түзүлөт.
36. Катышуучулардын бардык сунуштарын талдоонун жана белгиленген критерийлер боюнча баллды аныктоонун негизинде комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим чыгарат.
37. Эң көп балл алган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү болуп саналат. Эки же андан көп катышуучунун баллы тең болуп калганда, комиссиянын төрагасы ачык добуш берүүнүн жол-жоболорун дайындайт. Добуш берүү конкурска катышуучунун ар бири боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Мында, комиссиянын ар бир мүчөсү конкурстун бир катышуучусуна гана өз добушун берүүгө укуктуу. Эң көп сандагы добуш алган конкурстун катышуучусу жеңүүчү болуп таанылат. Эгерде эки же андан көп катышуучуга бирдей добуш берилсе, бул катышуучуларга биринчи турдун эрежеси боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда, конкурстун жеңүүчүсү аныкталганга чейин, добуш берүүнүн кошумча туру өткөрүлөт. Комиссия мүчөлөрү добуш бербей коюуга укугу жок. Конкурстук комиссия мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган учурда добуш берүүнүн бардык турларында конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү добуш болуп саналат.
38. Конкурстук комиссиянын чечими жазуу жүзүндө таризделет жана конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү, ошондой эле конкурстун жеңүүчүсү тарабынан кол коюлат жана конкурстун катышуучуларын жана жалпыга маалымдоо каражаттарын чакыруу менен комиссиянын жыйынында жарыяланат. Конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына жарыяланат.
39. Конкурстук комиссиянын протоколу конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү тарабынан кол коюлса, жарактуу болуп саналат.
40. Комиссиянын протоколу Күрмөнтү кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстун жеңүүчүсүнө лицензияны берүү үчүн негиз болуп саналат. Лицензияларга карата лицензиялык макулдашуу конкурс өткөрүүдө белгиленген шарттарды камтышы керек. Конкурстун жеңүүчүсү болуп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылган учурда, лицензия Күрмөнтү кени жайгашкан жер боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында конкурстун жеңүүчүсү - чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан түзүлгөн жана катталган туунду компанияга берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан түзүлгөн туунду компания, конкурстун жеңүүчүсү болуп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылган күндөн баштап, бир айдан кечиктирбестен каттоодон өтүшү керек. Түзүлгөн туунду компания конкурстун жеңүүчүсү - чет өлкөлүк юридикалык жакка 100% тиешелүү болушу керек.
41. Конкурстун жеңүүчүсүнө лицензия конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна аларга сунуш кылынган баа төлөнгөндөн кийин, 5 жумушчу күндүн ичинде берилет. Конкурстун жеңүүчүсү болуп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылган учурда, лицензия конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна аларга сунуш кылган баа төлөнгөндөн кийин жана чет өлкөлүк юридикалык жактын туунду компаниясын каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн же түп нускасын бергенде, көрсөтүлгөн даталардын кайсынысы кечирээк баштала тургандыгына жараша 5 жумушчу күндүн ичинде берилет.
42. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан учурда же белгиленген мөөнөттө конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн билдирилген бааны төлөбөсө, конкурстун жеңүүчүсү лицензия алуу укугун жоготот жана эгерде конкурстук комиссия тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, конкурстун жеңүүчүсү болуп, конкурстун баш тарткан жеңүүчүсүнөн кийин, башка катышуучуларга караганда эң көп баллга ээ болгон жана кошумча добуш берүүдө көп сандагы добуш алган катышуучу таанылат.
43. Конкурстук комиссия тарабынан конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим чыгарылганга чейин форс-мажордук жагдай башталган учурда гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен конкурс токтотулушу мүмкүн. Конкурсту өткөрүү токтотулган учурда, конкурска катышуу үчүн 500000 сом өлчөмүндөгү жыйым кайтарылышы керек.
44. Конкурска катышуу үчүн билдирме жок болсо же конкурска катышуу үчүн бир гана катышуучудан билдирме келип түшсө, же конкурстун бардык катышуучулары тарабынан берилген документтер конкурстун катышуучуларына карата негизги шарттарга жана талаптарга жооп бербесе, конкурстук комиссиянын протокол менен таризделген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына жарыяланган чечиминин негизинде конкурс болгон жок деп таанылат.
45. Конкурстун катышуучусу конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин, конкурска катышуу жөнүндө өзүнүн билдирмесин артка чакырып алууга укуктуу. Мында, конкурска катышуу үчүн төлөнгөн 500000 өлчөмүндөгү жыйым кайтарылбайт.
Маалымат алуу үчүн телефондор: (+996 312) 30-03-71, 30-02-46.
Бул маалымат менен Геология агенттигинин расмий www.geology.kg веб-сайтында таанышууга болот.
(1) Документтерди легалдаштыруу талап кылынбайт:
а) Кыргыз Республикасынын Гаага конвенциясына кошулуусуна каршы болгон мүчө өлкөлөрдөн сырткары чет өлкөлүк расмий документтерди талап кылууну алып салган 1961-жылдын 5-октябрындагы Конвенцияга ("Гаага Конвенциясы"), мүчө өлкөлөр үчүн, жана
б) укуктук жардам жана жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укук мамилелери жөнүндө 2002-жылдын 7-октябрындагы Конвенцияга ("Кишинев конвенциясы") мүчө өлкөлөр үчүн.
|
| Күрмөнтү акиташ жана кумдуу ак топурак кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартибине жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлерине 1-тиркеме |
Форма
Юридикалык жактар үчүн:
Мен, ____________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_________________________________________________________________________________
(ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ)
_________________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
_________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы, каттоо номери, каттоо датасы жана органы,
______________________________________________________________ атынан чыгып жатып,
дареги, банктык реквизиттери)
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
(тарап анын негизинде иш алып баруучу документ, эгерде өкүл ишеним кат
боюнча иш алып барса, анда ишеним каттын маалымдамалары)
_____________________________________________________ негизинде иш алып баруу менен.
Ишеним кат менен:
Мен, _____________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
_________________________________________________________________________________
(ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ)
_________________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
_________________________________________________________________________________
______________________________________________________ дареги боюнча жашаган.
(шаар, айыл, көчө, үй жана батир №)
Ушуну менен:
_________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________
___________________________________ кен объектиси(лери) боюнча (жери жана убактысы) лот(тор) боюнча өтүүчү конкурска катышуу ниетимди билдирем.
Буга ылайык, мен тарабынан төмөнкү төгүмдөр төлөндү:
1. 142811 сом өлчөмүндө геологиялык маалымат үчүн төлөм;
2. 500000 сом өлчөмүндө конкурска катышуу үчүн жыйым.
Конкурста жеңип алган учурда төмөндөгүлөргө милдеттенме алам:
1) конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга;
2) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга конкурста сатып алган объекттин жер казынасын пайдалануу укугунун наркын конкурстун шарттары менен аныкталган мөөнөттө төлөөгө;
3) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектүү төлөмдөрдү төлөөгө;
4) жер казынасынын объектисин конкурска коюунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган, жер казынасынын объектин пайдаланууга карата конкурстун уюштуруучусу тарабынан белгиленген талаптарды аткарууга, ал эми аларды аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын ____________ "__" № ____ буйругу менен бекитилген Күрмөнтү акиташ жана кумдуу ак топурак кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде белгиленген айып пул санкцияларын төлөөгө.
Мен, эгерде билдирилген сунуштардын бири дагы конкурстун шарттарына жооп бербей, же билдирмелер жок болгон, же бир гана билдирме келип түшүп, конкурс өткөн жок деп таанылган учурда, конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга, мында алдын ала геологиялык маалымат жана конкурска катышуу үчүн төлөнгөн жыйым суммалары кайтарылбастыгына жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органда кала тургандыгына макулмун.
Конкурска катышуу үчүн ушул билдирмеге кошумча төмөнкүлөрдү тиркейм:
1. _______________________________________________________________________________
2. _______________________________________________________________________________
3. _______________________________________________________________________________
4. _______________________________________________________________________________
5. _______________________________________________________________________________
6. _______________________________________________________________________________
7. _______________________________________________________________________________
8. _______________________________________________________________________________
9. _______________________________________________________________________________
10. ______________________________________________________________________________
11. ______________________________________________________________________________
Билдирме берүүдө талапкер өзү паспортун көрсөтөт.
Билдирме берүүчүнүн (ыйгарым укуктуу адамдын) колу: ______________________________
Датасы 2015-жылдын "__" ______________
Кабыл алынды:
_________________________________________________________________________________
(билдирмени кабыл алган адамдын кызматы)
_________________________________________________________________________________
(убакытты так көрсөтүү менен билдирме кабыл алынган дата)
_________________________________________________________________________________
(билдирмени кабыл алган адамдын аты-жөнү жана колу)
|
| Күрмөнтү акиташ жана кумдуу ак топурак кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартибине жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлерине 2-тиркеме |
Форма
Компаниянын менчик ээси жөнүндө МААЛЫМКАТ
1. Компаниянын толук аталышы
2. Компаниянын юридикалык дареги (жайгашкан жери)
3. Мамлекеттик каттоодон өткөн датасы жана жери
4. Компания □ жеке □ мамлекеттик болуп эсептелет
5. Компания 100% акцияга/катышуу үлүшүнө ээ болгон туунду компанияларды атагыла
6. Компания 5% жана андан көп акцияга/катышуу үлүшүнө ээ болгон башка компанияларды атагыла
7. Компаниянын менчик ээси (компаниянын акционерлери/катышуучулары) жөнүндө маалымат
№ | Юридикалык жактын аталышы/менчик ээсинин аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/Катталган дареги | Тастыктоочу документтер жөнүндө маалымат |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
8. Компаниянын менчик ээси, акционерлери/катышуучулары жөнүндө маалымат
№ | Юридикалык жактын аталышы/менчик ээсинин аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/Катталган дареги | Тастыктоочу документтер жөнүндө маалымат |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
9. 8-пунктта көрсөтүлгөн компаниянын менчик ээси жөнүндө маалымат
№ | Юридикалык жактын аталышы/менчик ээсинин аты-жөнү | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/Катталган дареги | Тастыктоочу документтер жөнүндө маалымат |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
Компания ушул маалымкатта көрсөтүлгөн маалыматтар толук, так жана туура экендигине кепилдик берет.
Колу: | ___________________________________ | М.О. |
Аты-жөнү: | ___________________________________ |
|
Кызматы: | ___________________________________ |
|
Датасы: | ___________________________________ |
|
|
| Күрмөнтү акиташ жана кумдуу ак топурак кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартибине жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлерине карата 3-тиркеме |
Форма
__________________________________, мындан ары "Катышуучу" деп аталып, ______________________ негизинде ______________________________ атынан иш алып баруучу, ушуну менен Күрмөнтү акиташ жана кумдуу ак топурак кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде, жеңүүчүнү аныктоо критерийлеринде (мындан ары - Шарттар) каралган бардык талаптарды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Катышуучу Күрмөнтү кенине конкурстун жеңүүчүсү болуп аныкталган учурда катышуучу төмөнкүлөр тууралуу милдеттенмелерди өзүнө алат:
- конкурстун катышуучусу ал конкурстун жеңүүчүсү болуп аныкталган учурда, ушул Шарттар менен каралган бардык айып пулдарды төлөөгө макул болууга;
- конкурстун катышуучусу ал конкурстун жеңүүчүсү болуп аныкталган учурда, конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн аларга сунуш кылынган баа кайтарымсыз болуп эсептелээрине макул болууга;
- конкурстун катышуучусу өзүнүн ишинин натыйжасында курчап турган айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуунун натыйжасында келтирилсе айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө.
Катышуучу жогоруда саналып өткөн милдеттенмелер Күрмөнтү акиташ жана кумдуу ак топурак кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарынын жана тартибинин жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлеринин бир бөлүгү болуп санала тургандыгын түшүнөт жана ага макулдук берет, аларды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Колу: |
|
|
Аты-жөнү: |
|
|
Кызматы: |
|
|
Датасы: |
|
|