Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 28-октябры № 537-б
"Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүн, "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек жана Ош шаарларын өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине Бишкек жана Ош шаарларын өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби боюнча сунуш киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштарынын негизинде Бишкек жана Ош шаарларын өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасынын орун басары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун эксперти;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын талдоо жана аткаруу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондорду өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы;
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жооптуу катчысы.