Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы N 609-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-февралы № 35-б
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 3-1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-1. Ведомстволор аралык комиссиянын жарымынан кем эмеси кеңеш берүүчү добуш укугу менен жарандык коомдоштуктун жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден турат.";
- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрлерин системалаштыруу жана түзүү максатында түзүлгөн, туруктуу негизде иш алып барган консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
Ведомстволор аралык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-мартындагы № 129 "Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана бюджеттик мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы № 287-б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү (Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги) жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги) жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар камсыз кылышат.";
4-пункттун алтынчы абзацы "стандарттарын" деген сөздөн кийин "жана административдик регламенттерди" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
"Тиркеме
Момуналиев Нурханбек Сакенович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Новицкий Николай Иванович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын жооптуу катчысы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бакиров Жетиген Жокинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы; |
Курманова Айдай Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Кутуева Айбермет Бектуровна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Азимов Алмаз Курбаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Халитов Михаил Гилфанович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Тарбинский Олег Станиславович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрлар кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча).". |