Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 324 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2016-жылдын 3-февралы № 41-б

Мамлекеттик тилдеги терминдерди бирдейлештирүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы № 119 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссияны каржылоо маселелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 151-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын аткаруу боюнча иш-чаралардын планын жүзөгө ашырууга бөлүнгөн каражаттардын алкагында чечсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиянын ишин материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга жүктөлсүн.

5. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн, кыргыз адабий тилинин ченемдик негиздерин колдоо боюнча майнаптуу иш жүргүзсүн.

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия (мындан ары - Комиссия) мамлекеттик, коомдук-маданий, саясий жана экономикалык жашоо-турмушка, илимдин жана техниканын түрдүү тармактарына тиешелүү кыргыз тилинин терминдерин иштеп чыгуу, бирдейлештирүү жана бекитүү боюнча иш жүргүзгөн, бекитилген терминдердин бирдей жазылышына контролдоону жүзөгө ашырган илимий-консультациялык кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

2. Комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары

2. Комиссиянын негизги милдеттери экономика, юриспруденция, медицина, техника, тарых, филология жана илимдин башка тармактары боюнча терминдерди кыргыз тилинин адабий ченемдерине ылайык иштеп чыгуу жана бекитүү, кабыл алынган терминдерди практикада колдонуу болуп саналат.

3. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:

- маданий жана коомдук, саясий турмуштун түрдүү тармактары боюнча илимий жана техникалык терминологияны тартипке келтирүүнү камсыз кылат, зарыл учурларда:

- жаңы терминдерди түзөт;

- терминдерди жана номенклатураны бекитет;

- жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бекитилген терминдердин калкка таралышына көмөк көрсөтөт;

- терминдердин жана номенклатуралардын туура айтылышына жана жазылышына, басылмаларда терминдердин, номенклатуралардын туура пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт;

- бекитилген терминдердин жана номенклатуралардын жалпыга маалымдоо каражаттарында жана атайын сөздүктөрдө жарыяланышын уюштурат;

- мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын документтеринде терминдердин туура жазылышына жана колдонулушуна мониторинг жүргүзөт, терминдерди бурмалап жана бузуп жазган учурларды эскертет;

- экономиканын түрдүү тармактарынын адистерин, басма сөз, радио жана телекөрсөтүү кызматкерлерин, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорун жана илим-изилдөө институттарын Комиссиянын ишине тартат.

3. Комиссиянын ишин уюштуруу

4. Комиссия коллегиялуу орган болуп саналат, 11 адамдан турат. Комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.

5. Комиссия:

- Комиссиянын ишинин алкагында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн стратегиялык маселелерин карайт;

- Комиссиянын ишинин негизги багыттарын аныктайт;

- кыргыз тилинин терминологиялык системасын өнүктүрүү боюнча иш жүргүзөт.

6. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат. Төраганын бир орун басары болот. Төрага жокто анын милдетин орун басары аткарат.

7. Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктарга, милдеттерге ээ жана жоопкерчилик тартат, ушул Жобонун негизинде иштейт.

8. Төрага:

- Комиссияга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчилик тартат;

- Комиссия менен макулдашуу боюнча Комиссиянын учурдагы, келечектеги жана илимий иш-пландарын бекитет;

- Комиссиянын төрагасынын орун басарынын жана катчысынын ыйгарым укугун белгилейт;

- бекитилген терминдердин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышын, ошондой эле китепче жана атайын сөздүк түрүндө чыгарылышын контролдойт;

- Комиссия мүчөлөрүнүн өз ара байланышын уюштурат;

- Комиссиянын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасайт.

9. Комиссиянын ишинин негизги формасы болуп Комиссиянын жыйыны саналат. Жыйын эки айда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

10. Терминдер жана терминдердин номенклатурасы эксперттик топтордо каралгандан кийин гана Комиссиянын жыйынына киргизилет.

11. Жаңы терминдерди жана номенклатураларды киргизүү жөнүндө чечим Комиссиянын жыйынында кабыл алынат.

Комиссиянын чечими жыйынга катышкан Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.

Жыйындардын протоколдорун жүргүзүүнү жана тариздөөнү Комиссиянын катчысы ишке ашырат.

12. Комиссиянын мүчөлөрү жыйында каралуучу маселелерди талкуулоодо бирдей укукка ээ.

Комиссиянын мүчөсү жыйынга катыша албай калса өз пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу, ал жыйында окулат жана протоколго тиркелет.

4. Комиссиянын жумушчу органынын укуктары жана функциялары

13. Комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (мындан ары - Катчылык) эсептелет.

14. Катчылыктын функциялары:

- Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык, маалымат-аналитикалык жактан камсыз кылуу жана Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдоону ишке ашыруу;

- жыйында талкуулануучу маселелер боюнча материалдарды даярдоо жана Комиссия мүчөлөрүнө жиберүү;

- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка кызыкдар органдар менен терминология маселелери боюнча өз ара биргелешип иштөө;

- бекитилген терминдер менен номенклатураларды жарыялоо.

15. Катчылыктын укуктары:

- Комиссиянын максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишим түзүү;

- талаптардын негизинде жана бул тармактын өзгөчөлүгүн эске алуу менен адистерди тартуу;

- белгилүү номенклатура боюнча терминдерди иштеп чыгуу жана экспертизалоо боюнча атайын жумушчу, ошондой эле эксперттик топторду түзүү.

16. Комиссиянын катчысы болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын терминология маселелери менен иштеген түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги эсептелет.