Сравнение редакций…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-январындагы № 15-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 26-февралы № 73-б
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 304-б, 2016-жылдын 11-июлундагы № 311-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентине ылайык, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелеринин негизинде:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2016-жылга план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2016-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар-министрликтер жана административдик ведомстволор:
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн, коомдук талкууну, жөнгө салуу таасирин талдоону милдеттүү өткөрүү жөнүндөгү талаптарын эске алуу менен белгиленген мөөнөттөрдө 2016-жылга карата планда каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
- мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын эки жумалык мөөнөттө бекитишсин;
- мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландары бекитилген күндөн тартып бир жумадан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;
- квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей 2016-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- 2016-жылга пландын аткарылышын контролдосун;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2016-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берсин;
- 2016-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү боюнча жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды зарылдыгына жараша өткөрсүн.
4. 2016-жылга планда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн жекече жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тейлөөчү орун басарларына жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-февралындагы № 37-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 304-б, 2016-жылдын 11-июлундагы № 311-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
| Мыйзам долбоорлорунун аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Долбоорду Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү | Жактыруу жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуунун мөөнөтү жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү | Эскертүү |
Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө | |||||
1 | "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЖӨБ жана этностор агенттиги | I квартал | II квартал | Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине кире турган муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү укугун Өкмөткө берүү максатында |
2 | "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЮМ | I квартал | II квартал | Кыргыз Республикасынын нотариат институтун өнүктүрүү, кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу келишимдерин милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүү жөнүндө нотариалдык иштерди жүргүзүү боюнча тажрыйбаны өркүндөтүү максатында |
3 | "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ТИМ | II квартал | III квартал | Дипломатиялык кызмат органдарынын ишин өркүндөтүү максатында |
4 | КР Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 304-б буйругуна ылайык күчүн жоготту. | ||||
5 | "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ТИМ | II квартал | III квартал | Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерин социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында |
6 | "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ЭМ | IV квартал | IV квартал | 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөт") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын аткаруу үчүн |
7 | "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ЭМ | I квартал | II квартал | 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөт") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын аткаруу үчүн |
8 | "Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ЭМ | I квартал | II квартал | 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук башкарууну ("электрондук өкмөт") киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын аткаруу үчүн |
9 | Электрондук башкаруу жөнүндө | ЭМ | II квартал | II квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 1.2-пунктунун 1.2.4-пунктчасын аткаруу үчүн. Электрондук башкаруу жаатында түшүнүктөрдүн жана категориялардын бирдиктүү системасын түзүү максатында |
10 | "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | МБК | II квартал | III квартал | Бизнес коомчулугунун сунуштарын эске алуу менен мыйзамдарды өркүндөтүү максатында |
11 | Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасынын 2-программачасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө | ЭМ | II квартал | III квартал | Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
12 | "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЭМ | II квартал | III квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 1.2-пунктунун 1.2.11-пунктчасын аткаруу үчүн. Жер казыналарын пайдалануу укугун берүүдө коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында |
13 | "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Финкөзөмөл | II квартал | III квартал | Лотереялар ишинин чөйрөсүндө (лотереяларды уюштуруу жана өткөрүү бөлүгүндө) укуктук жөнгө салуунун айрым механизмдерин тартипке келтирүү максатында |
14 | Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө | ЭСӨМ | II квартал | III квартал | Кабыл алуу пландалып жаткан "Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпулдарды дайындоого документтерди топтоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына айрым мыйзамдарды ылайык келтирүү максатында |
15 | 2015-жылдын 16-октябрында Астана шаарында кол коюлган Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин аймактарында биргелешкен изин суутпай издөө топторун түзүүнүн тартиби жана иштеши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө | ИИМ | II квартал | III квартал | Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
16 | 2015-жылдын 30-октябрында Душанбе шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин жашы жетпегендерди туруктуу жашаган мамлекетине кайтарып берүү маселелериндеги кызматташтык жөнүндө 2002-жылдын 7-ноябрындагы макулдашууга карата Аткаруучу протоколду ратификациялоо жөнүндө | ИИМ | II квартал | III квартал | Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
17 | "Дүйнөлүк банктын өнүктүрүү программасын колдоо операциялары" макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө | ФМ, ЭМ, МСК, ОЭК агенттиги, ТКМ, Байланыш агенттиги | III квартал | IV квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 2.3-пунктунун 2.3.7-пунктчасын аткаруу үчүн. Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
18 | "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | Кыргызпатент | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасында товардык белгилерин жана кызмат көрсөтүү белгилерин укуктук коргоону берүү боюнча укук колдонуучулук тажрыйбаны өркүндөтүү максатында |
19 | "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЮМ | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын нотариат институтун өнүктүрүү, нотариалдык иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмүн өзгөртүү максатында |
20 | Жол (Балыкчы - Кызыл-Жылдыз) участогун каржылоо жөнүндө Азия өнүктүрүү банкы менен макулдашууну ратификациялоо тууралуу | ТКМ | III квартал | IV квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 4.4-пунктунун 4.4.4-пунктчасын аткаруу үчүн |
21 | 2014-жылдын 27-ноябрындагы Дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Маррекеш макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө | ЭМ | III квартал | IV квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 5.1-пунктунун 5.1.1-пунктчасын аткаруу үчүн |
22 | Индустриалдык парктар жөнүндө | ЭМ | IV квартал | IV квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 4.2-пунктунун 4.2.2-пунктчасын аткаруу үчүн. Инвесторлор үчүн атайын шарттарды берүү менен индустриалдык парктарды уюштуруу үчүн мыйзамдуу негиздерди түзүү максатында |
Саламаттык сактоо чөйрөсүндө | |||||
23 | "Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ССМ, Токой агенттиги | III квартал | IV квартал | Эл аралык стандарттарга ылайык ичүүчү суунун радиологиялык көрсөткүчүн 0,2 Бк/лге чейин кайра кароо максатында |
24 | Тамак-аш продуктуларынын коопсуздугу жөнүндө | ССМ, Ветинспекция, АЧММ | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 100-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясын "Ден соолук-2020" ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 23-пунктун ишке ашыруу үчүн |
25 | Жаштар, өспүрүмдөр топтошкон жерлерде алкоголу аз энергетикалык ичимдиктерди сатууну чектөө жөнүндө | ССМ, МСК | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 100-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стратегиясын "Ден соолук-2020" ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 7-пунктун ишке ашыруу үчүн |
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы № 311-б буйруктунун редакциясына ылайык) Бюджеттик мамилелер чөйрөсүндө | |||||
26 | Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө | ФЧМК | II квартал | II квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 3.5-пунктунун 3.5.5-пунктчасын аткаруу үчүн. ЭВФтин жана башка донорлордун сунуштамаларын эске алуу менен Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын эл аралык стандарттарына ылайык келтирүү максатында |
27 | "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЭМ, Монополияга каршы агенттик, ММТМ, ЮМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) МСК, Мамкаттоо, ЖӨБО | III квартал | III квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 3.1-пунктунун 3.1.4-пунктчасын аткаруу үчүн. Ички рынокто товарларды, жумушту жана кызмат көрсөтүүлөрдү рекламалоодо чет өлкөлүк валюта менен наркын көрсөтүү үчүн чектөөлөрдү жана жоопкерчиликти белгилөө максатында |
28 | Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө | ФМ | III квартал | IV квартал | "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн |
29 | Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ФМ | III квартал | IV квартал | "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн |
30 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө | Соцфонд | IV квартал | IV квартал | "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин ишке ашыруу үчүн |
Кодификация | |||||
31 | Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ИИМ | I квартал | I квартал | Кыргыз Республикасында жасалган, жасалуучу же даярдалып жаткан кылмыштар жана окуялар жөнүндө билдирүүлөрдү жана арыздарды кабыл алуунун, каттоонун жана кароонун мамлекеттик бийлик органдары үчүн бирдиктүү тартипти бекитүү максатында |
32 | Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ИИМ, ЭМ, ТКМ | I квартал | I квартал | Өкмөттүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 261-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планынын 1-пунктунун 1.3-пунктчасын ишке ашыруу үчүн |
33 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЭМ, МСК, МБК | II квартал | III квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 2.3-пунктунун 2.3.18-пунктчасын аткаруу үчүн. Мүлктүн айрым түрлөрүнө ставкаларды жогорулатуу (ашкере байлыкка салык салуунун элементтерин жайылтуу) максатында |
34 | Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЭМ, МСК | III квартал | III квартал | Өкмөттүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 15-пунктун ишке ашыруу үчүн |
35 | Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө | ЭМ | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин 2014-жылдын 29-октябрындагы № 20-30824 тапшырмасына ылайык |
36 | Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЮМ | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын нотариат институтунун өнүктүрүү, кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу келишимдерин милдеттүү түрдө нотариалдык күбөлөндүрүү жөнүндө нотариалдык иштерди жүргүзүү боюнча тажрыйбаны өркүндөтүү максатында |
37 | Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | КРУБ (макулдашуу боюнча) | IV квартал | IV квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаны мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 3.5-пунктунун 3.5.4-пунктчасын аткаруу үчүн. Лицензиясыз валюталык операцияларды жүргүзгөндүгү үчүн айыптарды жогорулатуу максатында |
38 | Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЭМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) | IV квартал | IV квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 3.5-пунктунун 3.5.10-пунктчасын аткаруу үчүн. Накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү максатында |
Энергетика чөйрөсүндө | |||||
39 | Бишкек шаарында 2015-жылдын 24-апрелинде кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Өнүктүрүүнүн эл аралык ассоциациясынын ортосундагы (Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана соодалашуу "CASA-1000" долбоорун) Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу | ЭМ | II квартал | III квартал | Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
40 | Люксембург шаарында 2015-жылдын 2-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы (Борбордук Азия-Түштүк Азия электр энергиясын берүү боюнча "САSА-1000" долбоорун) Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу | ЭМ | II квартал | III квартал | Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
41 | "Электр энергетикасы жөнүндө" Мыйзамдын долбоору | ЭМ | III квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 167-б буйругу менен бекитилген мамлекеттик секторду реформалоонун артыкчылыктуу иш-чараларын ишке ашыруу максатында. Энергетика жаатында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү |
42 | "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ЭМ | IV квартал | IV квартал | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-августундагы № 601 "Кыргыз Республикасында 2015-2017-жылдарда энергияны үнөмдөө жана энергиялык майнаптуулук саясатын пландоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында |
Айыл чарбасын өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө | |||||
43 | Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамактанууну жакшыртуу долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө | АЧММ | I квартал | II квартал | Мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү максатында |
44 | Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө | АЧММ | I квартал | II квартал | Жайыт ресурстарын башкаруунун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жайыт жерлерин башкарууда жана пайдаланууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу жана мамлекеттик органдарынын ролун күчөтүү максатында |
45 | "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу | ОЭК агенттиги | II квартал | III квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 11.3-пунктунун 11.3.2-пунктчасын аткаруу үчүн |
46 | Экологиялык баалоо жөнүндө | Токой агенттиги | III квартал | III квартал | 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-аракеттер планынын 11.1-пунктунун 11.1.1-пунктчасын аткаруу үчүн. Мамлекеттик пландоонун документтерин жана белгиленген иштерди жүзөгө ашыруунун натыйжасында пайда болуучу терс экологиялык кесепеттерди жоюуга жана/же азайтууга багытталган ченемдик укуктук базаны түзүү максатында |
(*) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү, чыгаруу жана жактыруу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген мөөнөттөрдө киргизүү үчүн тиешелүү министрликтер жана ведомстволордон тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын документтерди чыгаруу үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдөрү жана тармактык бөлүмдөрү дагы аткаруучулар болуп саналышат.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-январындагы № 15-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 6-октябры № 418-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 73-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:
- 2 жана 14-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 19-пунктунун "Долбоорду Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү" графасында "III" деген цифра "IV" деген цифра менен алмаштырылсын;
- 36-пунктунун "Мыйзам долбоорлорунун аталышы" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө".
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |