Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 29-декабры № 646-б
Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин комплекстүү жана рационалдуу өздөштүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында, Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине ылайык:
1. Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 449-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык конкурстук Комиссия Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна белгиленген тартипте конкурс өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында кулактандыруу жарыяласын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| Т.А.Сариев |
Тиркеме
Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлери
I. Конкурсту өткөрүүнүн негиздемеси жана максаты
1. Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенинин жана Калесай бериллий кенинин жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүүдө Кыргыз Республикасы үчүн кыйла пайдалуу шарттарды сунуштаган жеңүүчүнү аныктоо максатында өткөрүлөт.
2. Конкурска Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында, конкурстун жеңүүчүсү тарабынан лицензиялык шарттарды аткарууда андан ары 20 жылдык мөөнөткө узартуу менен пайдалуу кендин запасы бүткөнгө чейин жер казынасын пайдалануу укугу, координаттардын тик бурчтуу системасында төмөндөгү бурчтук чекиттер менен жер казынасын пайдалануу укугу коюлат:
Чекиттер № | X | Ү | Чекиттер № | X | Ү |
1 | 4749100 | 13590980 | 3 | 4747290 | 13593200 |
2 | 4749100 | 13593200 | 4 | 4747290 | 13590980 |
Аянттын өлчөмү - 401,0 га.
II. Кутесай-II жана Калесай кендери жөнүндө жалпы маалымат
1. Кутесай-II сейрек кездешүүчү кени
3. Кутесай-II кени 1943-жылы өтө начар полиметалл кенинин капташы менен биотит роговиктеринин үстүңкү катмарга чыгуусун изилдөөдө ачылган. Чалгындоо иштери 1944-жылы башталган, анын процессинде полиметалл кенинин капташынын өнөр жайлык параметрлери белгиленген. Ушул эле жылы Кутесай-II кенинин рудаларында ферриторит жана анын жогорку радиоактивдүүлүгү белгиленген. Иш Н.Д.Тихомировдун жетекчилиги алдында жүргүзүлгөн жана 1951-жылы аяктаган.
Чалгындоо иштеринин жыйынтыктары боюнча кендин запасына эки жолу эсептөө жүргүзүлгөн. 1947-жылдын 1-январына карата биринчи эсептөө (С.А.Денисов жана Н.Д.Тихомиров) СССРдин Запастар боюнча бүткүл союздук комиссиясы тарабынан торий кени начар изилденгендиктен бекитилген эмес. 1951-жылдын 1-январына карата запасты экинчи эсептөө (Н.Д.Тихомиров жана П.И.Брайко) жыйынтыкталган геологиялык чалгындоо иштери боюнча жүргүзүлгөн. Запастарды эсептөө эки вариантта: коргошун жана торий контуру боюнча жүргүзүлгөн. Коргошун контурунда коргошундан тышкары, кошо кездешүүчү компоненттер катары: цинк, күмүш, калай, молибден, жез, торий, коргошун жана сейрек кездешүүчү жер кендери эске алынган. Торий контурунда торий, коргошун жана сейрек кездешүүчү жер кендери гана эсептелген. Белгиленген жылдардагы так эместиктерге байланыштуу өнөр жайында торийди жана сейрек кездешүүчү жер кенин пайдалануу баланстан сырткаркы запастардын тобуна киргизилген.
1951-жылдан 1953-жылга чейин Кутесай-II кенинде чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
1953-жылы полиметалл кендеринин запасын иштетүү максатында Актүз кен башкармалыгы тарабынан 2353 м горизонтунда орттордун жана горизонталдуу бургулоо скважиналарынын сериясы менен капиталдык штольня жасалган, аны менен бай полиметалл жана сейрек кездешүүчү жер алдындагы кендерге бай Түндүк кен штогу аныкталган. Горизонтто бургуланган скважиналар менен дагы 200 м төмөн сейрек кездешүүчү жер кендери таркалгандыгы белгиленген (Гео-№ 12 чийме).
Сейрек кездешүүчү жер кендеринин чийки заттарына болгон муктаждыктын пайда болушунан улам, "Средазцветметразведка" трести 1956-жылы Кутесай геологиялык чалгындоо партиясы уюштурулган, анын милдетине сейрек кездешүүчү жер кендерин толугу менен кайра сыноодон өткөрүү, технологиялык пробаларды тандоо жана кенди байытууга карата технологиялык сыноолорду өткөрүү, запасты эсептөө жана бүтүндөй Актүз кен талаасынын бардык сейрек кездешүүчү жер кендерине карата жалпы перспективаны аныктоо кирген. 1959-жылы бул иштер Кутесай-II кенинде аяктаган жана алардын жыйынтыктары 1959-жылдын 1-январына карата запастар эсептөөлөр менен отчетто келтирилген, ал СССРдин Запастар боюнча мамлекеттик комиссиясында каралган (Н.И.Дорошенко ж.б.).
4. Кутесай-II кени 1958-жылдан баштап пайдаланыла башталган. Кенди казуу алгачкы эки жылы жер алдындагы казуу ыкмасы менен, ал эми 1960-жылдан тартып - ачык ыкма менен жүргүзүлгөн. Тазалоо иштери кенде 1966-жылга чейин сейрек кездешүүчү кендерди атайын катмарга чогултуу менен коргошун контурунда жүргүзүлгөн. 1966-жылдан баштап ал кенден сейрек кездешүүчү жер алдындагы элементтердин бир жарым кычкылдарынын (анын ичинде иттрий кычкылы) суммасын, коргошунду, молибденди, күмүштү жана висмутту ылгап алуу менен сейрек кездешүүчү-полиметалл катары иштетилген. Актүз кенди байытуу фабрикасынан алынган концентраттар төмөндөгү керектөөчүлөргө жөнөтүлгөн:
сейрек кездешүүчү жер алдындагы кендердин концентраты - Кыргыз тоо кен-металлургия комбинатынын химия-металлургия цехине (Орловка шаарчасы);
коргошун концентраты - Чымкент коргошун заводуна;
молибден өнөр жай продукту - Балхаш металлургия комбинатына.
Кутесай-II кенин пайдалануу мезгилинде 1960-жылдан баштап 1991-жылга чейин бекитилген запастардын балансында төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр болгон:
- бул мезгилде кенде 5454,4 миң тонна сейрек кездешүүчү жер кени жана сейрек кездешүүчү жер кенинин 22109,5 тонна суммасы иштетилген; В категориясы боюнча Борбордук кен тулкусунда коргошун кенинин запасы толук иштетилген;
- цирконий жана аны менен байланыштуу гафний запастарын ылгап алуунун деңгээли төмөн болгондуктан СССРдин түстүү металлдар запасы боюнча борбордук комиссиясынын чечими менен (1969-жылдын 11-ноябрындагы № 274 протокол) баланстан чыгарылган;
- 1960-1964-жылдары иштетүүдө ниобий жана танталдын запастары тастыкталбагандыктан СССРдин запастар боюнча мамлекеттик комиссиясынын чечими менен (1964-жылдын 23-майындагы № 4323 протокол) баланстан чыгарылган;
- эксплуатациялык чалгындоо процессинде белгиленген курамда жездин жана колонун запастары төмөн болгондуктан, СССРдин запастар боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими менен (1969-жылдын 16-майындагы № 5686 протокол) кендин балансынан алып салынган;
- байытууга оор катары 1885 миң тонна өлчөмүндөгү "майдаланган сланец" тибиндеги жана 4874 тонна сейрек кездешүүчү кендердин суммасындагы кендин запастары СССРдин түстүү металлургиянын запастары боюнча борбордук комиссиясынын чечими менен (1984-жылдын 30-мартындагы № 2213 протокол) баланстан тышкаркы запастарга которулган;
- терең горизонттордо сейрек кездешүүчү кендердин запастары тастыкталбагандыктан, негизинен курамынын азайгандыгынан СССРдин түстүү металлургия запастары боюнча борбордук комиссиясынын чечими менен (1984-жылдын 30-мартындагы № 2313 протокол) 145 миң тонна кен жана 3300 миң тонна сейрек кездешүүчү кендердин суммасындагы кендер баланстан чыгарылган.
Төмөндөгү таблицада Кутесай-II кени боюнча 5-гр. формасы боюнча жоюуну, эсептен чыгарууну жана баланстан тышкаркы запаска которууну эске алуу менен 1960-жылдан баштап 1991-жылга чейин аны пайдалануу убагындагы запастардын кыймылы берилген.
Таблица
Кутесай-II кени боюнча запастар кыймылы (1960-1991-жж.)
Запастар категориясы | 1959-ж. ЗМК бекиткен запастар. № 2678 | 1960-1991-жж. баланстык запастардын кыймылы | 1992-жылдын 01.01 карата запастардын калдыгы | ||||
баланстык | баланстан тышкаркы | төлөнгөн (баланстан тышкары запаска которулган) | кайра бааланган | Тастыкталбаган катары эсептен чыгарылган | баланстык | баланстан тышкаркы | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1. Сейрек кездешүүчү элементтердин суммасы. | |||||||
В | 5794,0/26,70 | 1206/1,01 | 4718,0/19,9 | 772,0/2,0 | 145,0/3,3 | 159,0/1,5 | 1978,0/3,10 |
C1 | 12113,0/47,10 | 3702/3,21 | 736,0/2,2 | 1113,0/2,79 | - | 10264,0/42,0 | 4815,0/6,0 |
В+С1 | 17907,0/73,80 | 4908/4,23 | 5454,0/22,1 | 1885,0/4,87 | 145,0/3,3 | 10423,0/43,5 | 6795,0/9,10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
С2 | 3642,0/14,2 | 1471/1,70 |
|
|
|
|
|
2. Цирконий кычкылы. | |||||||
В | 5794,0/32,0 | 1191,0/4,2 | 45,132/24,9 | 548,0/3,1 | 732,8/4,0 | - | 1739,0/7,3 |
С1 | 4076,0/24,4 | 1258,0/4,4 | 951,2/4,6 | 3124,8/19,8 | - | - | 4382,8/24,2 |
В+С1 | 9870,0/56,4 | 2449,0/8,6 | 5664,4/29,5 | 3672,8/22,9 | 732,8/4,0 | - | 6121,8/31,5 |
3. Гафний кычкылы. | |||||||
С2 | 9870,0/395,0 | - | 5464,4/218,6 | - | 757,8/11,0 | - | 3647,8/165,5 |
4. Ниобий беш кычкылы. | |||||||
С2 | 21549,0/7326,0 | - | - | - | 21549,0/7326,0 | - | - |
5. Тантал беш кычкылы. | |||||||
С2 | 21549,0/2586,0 | - | - | - | 21549,0/2586,0 | - | - |
6. Toрий. | |||||||
С2 | 21549,0/6325,0 | - | - | - | 21549,0/6325,0 | - | - |
7. Коргошун, цинк. | |||||||
В | 1455,0/39,0/7,0 | - | 1455,0/39,0/7,0 | - | - | - | - |
С1 | 428,0/9,5/2,0 | - | 100,0/1,9/0,3 | - |
| 328,00/7,6/1,7 |
|
В+С1 | 1883,0/48,5/9,0 | - | 1555,0/40,9/7,3 | - |
| 328,00/7,6/1,7 |
|
8. Молибден, | |||||||
С1 | 1883,0/833,0 |
| 1555,0/758,0 |
|
| 328,0/75,0 |
|
9. Күмүш. | |||||||
С1 | 1883,0/16,5 |
| 1555,0/16,3 |
|
| 328,0/0,20 |
|
10. Жез. | |||||||
С1 | 1883,0/1,10 |
|
|
| 1883,0/1,10 |
|
|
11. Калай. | |||||||
С1 | 1883,0/1193,0 | - |
|
| 1883,0/1193,0 |
|
|
B+C1+C2 категориялары боюнча баланстык запастардын калдыгы төмөнкүлөрдү түзөт: кен - 20,2 млн. тонна, сейрек кездешүүчү кендердин суммасы - 51,5 миң тонна, молибден - 2,4 миң тонна, висмут - 2,3 миң тонна, коргошун - 21,3 миң тонна. Кендеги сейрек кездешүүчү кендердин орточо курамы 0,25% түзөт, молибден - 0,012%, висмут - 0,012%, коргошун - 0,12%. Коргошунду, күмүштү жана висмутту коргошун концентратынан ылгап алуу 87-90%, 80% жана 80% түзөт, молибден продуктусунан молибденди ылгап алуу -36-40% сейрек кездешүүчү кендердин суммаларын ылгап алуу 65%га жетет.
2. Калесай бериллий кени
5. Калесай кени Чүй облусунун Кемин районунун аймагында, Кемин шаарчасынан 43 км аралыкта Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтер кенинин карьерине түздөн-түз жакын жайгашкан. Кен толук чалгындалган жана өнөр жайлык өздөштүрүүгө даярдалган. Аянттын абсолюттук бийиктиги 2400-2700 м.
6. Бардык зарыл маселелер (геологиялык, минералогиялык, тоо кен-техникалык технологиялык ж.б.) геологиялык чалгындоо иштеринин процессинде чечилген. Кен жогорку протерозойдун амфиболдук сланецтеринин арасында полевошпат-флюориттик тилкелердин зоналары аркылуу берилген. Кен зоналары бири-биринен 450 м аралыкта жайгашкан линиялык штокверкаларды элестетет.
Түштүк зона Актүз антиклиналдын түштүк канатына туш келтирилген жана түндүк-чыгышка созулган. Анын узундугу 1600 м, тереңдиги - 500 м, орточо кубаттуулугу - 80 м, 70-90° бурч менен түштүккө жантайган. 100 м тереңдикке чейин зона эки горизонтто 50 м сайын штольня менен, 100-300 м тереңдикте - 100 м сайын штольня менен чалгындалган.
Түндүк зона созулушу боюнча 800 м узундукка ээ, төмөн түшүү боюнча - 180 м, орточо кубаттуулугу 65 м, түндүк-батышка карата тик жантайган. Зона эки горизонтто 120 м сайын штольня менен чалгындалган. Өнөр жай контуру батышка карай дагы 300-400 м созулушу мүмкүн. Кен басуу негизинен диагоналдык сыныктар өрчүгөн участоктор гранофир штокторуна жакын көбүрөөк. Кен штокверки үстүңкү бетте 200 м жана тереңдикте 120 м узундукта, төмөн түшүү боюнча тереңдиги 180 м, орточо кубаттуулук - 65 м.
Бериллий минералдашуусу полевошлаттык тилкелерге жана сыйдырылган тоо тектери менен алардын байланыштарына туташкан. Алардын узундугу бир нече ондогон метрге жетет, кубаттуулугу 1-20 см чейин жетет. Кен тилкелеринде түндүк-чыгыш созулуунун тик түшкөн сыныктары менен коштолгон, сүрүлүү жараңкаларын аткарат жана төмөн түшүүнүн тик бурчтарына ээ. Кен зоналарынын профилкалар менен каныккандыгы тегиз эмес, өнөр жайлык кен басуу алардын коюулануу участокторунда байкалат. Тилкелер түз тилкелүү жана ийри-буйру формага ээ, кээде алар созулуу жана төмөн түшүү боюнча багытын өзгөртүп бутактанат.
7. Өнөр жайлык кен басуу участокторунун чек аралары сыноонун жыйынтыктары боюнча гана аныкталат. Кен зоналарынын чегинде өнөр жай кенинин зоналары ар кайсы горизонттордо 20 метрден баштап 600 метрге чейинки узундукка ээ, кубаттуулугу 1 метрден баштап 54 метрге чейин. Түштүк зонанын Башкы участогунун чегинде кендин бардык запастарынын 61%ы же карьердик запастардын 87%ы жайгашкан.
Тилкелердин минералдык курамы: ортоклаз, флюорит, альбит; кварц, апатит, касситерит, пирит, вольфрамит, турмалин, гематит, арсенопирит, галенит, шеелит кездешет. Бериллий минералдары фенакит, бавенит, берилл, гентгельвин, миларит, гельбертрандит менен берилген. Минералдык курамы боюнча кен фенакиттик түргө таандык. Бериллий 78,9% фенакитке жайгашкан. Башка минералдардагы анын курамы 20,8% суммасынан ашпайт (алардан бериллий дээрлик алынбайт). Анын ичинде талаа шпаттарынын үлүшүнө 8,2%ы, хлорит жана актинолит үлүшүнө -9,4% туура келет.
Кенде коргошундан тышкары коштоочу компоненттер жок, коргошун сульфиддик концентратка флотациялоодо алынат. Өнөр жай кениндеги коргошундун орточо курамы 0,24% түзөт.
8. Түндүк зонанын кени минералдык жана химиялык курамы боюнча Түштүк зонанын кенине окшош. Негизги айырмачылык курамында бериллий бар минералдардын жука катмары болуп саналат. Бош бүртүктөр менен катар, фенакиттин олуттуу бөлүгү тоотек минералдары менен жука катмарда жайгашкан. Курамында бериллий бар минералдардын бир бөлүгүнүн кычкылдыктарынын (5% HCI жана H2SO4) начар эритмелеринде жогорку эригичтиги аныкталган. Минералдардын бул бөлүгүнүн табияты аныкталган эмес. Жогорку эригичтик жогорку магниттик кабылдагычтыгы бар минералдар менен биригүүчү ВеО минералдык формаларына тиешелүү. Эритмеге кендеги баштапкы курамынын 20-25% ВеО өтөт.
9. Чалгынданган запастары 9245 миң тонна кенди жана 0,127% орточо курамда 11701 тонна бериллий оксидин түзөт, анын ичинде запастардын 79%ы Түштүк зонада жайгашкан. Түштүк зонанын дээрлик бардык запастарын ачык ыкма менен иштетүүгө болот.
2014-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын балансында эсептелген бериллий оксидинин запастары
Запастар: кен - миң т. бериллий оксиди - т. | ВеО курамы % | Запастардын категориясы | 300 миң т. кен жылдык өндүрүмдүүлүгүндө байытуу фабрикасынын иштөө мөөнөтү | |
С1 | С2 | |||
Калесай кенинин жалпы запастары | 0,127 | 8035/10170 | 1210/1531 | С1+50% С2 болгондо 28,8 жыл |
анын ичинде |
|
|
|
|
Түштүк | 0,128 | 6033/7740 | 1210/1531 | ЗМК 1971 № 62303 |
Түндүк зона | 0,121 | 2002/2430 | - |
|
Түштүк кен зонасынын чыгыш флангын чалгындоонун, ошондой эле Түштүк жана Түндүк зоналарын терең чалгындоонун эсебинен запастар өсүшү мүмкүн.
10. Кенди өздөштүрүүнүн гидрогеологиялык шарттары жагымдуу. Тоотектерин азыраак суу баскан. Ичүүчү жана техникалык суу менен камсыздоо жер үстүндөгү суулардын эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн, Кичи-Кемин дарыясынын сууну суткалык чыгымдоосу 25920 м3 түзөт.
11. Түштүк зонанын бериллий кенин байытуу технологиясы ВеО 0,083% курамы менен 2000 тонна кен салмагындагы проба менен жарым заводдук циклде иштетилген. Технологиялык чынжырчанын башталышында фотонейтрондук сепарация өткөрүлгөн. Сепарациянын продуктуларынын чыгышы баштапкы кендин 73,3% түздү, продуктудагы бериллий оксидинин курамы - 0,104%, ВеО алуу 91,5%га жетти. Кесинди фотонейтрондук сепарациянын байытылган продуктусу кен майдасы менен бирге флотацияга кабылган, флотациянын көбүк продуктусу магнит сепарациясы менен жеткире тазаланган. Мында төмөнкүдөй продукция алынган:
- жогорку сапаттуу бериллий концентратында (баштапкы кенден 44% бериллий оксидин ылгап алууда ВеОну камтышы 8,35%, чыгышы 0,44%);
- химиялык кайра бөлүштүрүүнүн жарым продуктусу (баштапкы кенден 9% бериллий оксидин ылгап алууда ВеОну камтышы 0,5%, чыгышы 1,53%);
- коргошун концентратында (коргошунду камтышы 44,5%, чыгышы 0,23%).
12. Фториддик спекание жана андан кийинки спекти суу менен ажыратуунун жыйынтыгында 8,23% бериллий оксидин камтыган концентраттан 93% ылгап алууда бериллий гидрокычкылы алынган. 0,8% бериллий кычкыл курамы менен өнөр жай продукт фторид-сульфат схемасы боюнча сыналган. Суу менен ажыратууда эритмеде ылгап алуу 89%ды түздү, кислота менен бөлүүдө - 95-97%. 1,6% бериллий кычкылын камтыган концентраттан эритме менен ылгап алуу 89%ды, эритмеден гирокычкыл - 99,2%ды түздү.
III. Конкурстун катышуучуларына карата негизги талаптар
13. Конкурска катышууга төмөнкүлөргө жол берилет:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жактар;
- чет мамлекетте катталган юридикалык жактар (мындан ары - "чет өлкөлүк юридикалык жактар");
- жеке жактар - Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар.
14. Ушул Шарттардын 13-пунктунда көрсөтүлгөн жактардын конкурска катышуусуна жол берүү үчүн төмөндөгү талаптарга шайкеш келиши керек:
- кен иштетүү жаатында 5 (беш) жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болуу, анын ичинде башка өлкөлөрдөгү тажрыйбасынын болушу;
- жана пайдалуу кенди казуу жана кайра иштетүү жаатында илимий-методикалык негиздерге жана стандарттарга ээ болушу;
- Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү үчүн өздүк каражаттарга жана/же керектүү кошумча каржылоону тартуу мүмкүндүгүнө ээ болушу.
Аталган жактар өзүнүн ишинде өнөр жай коопсуздугу, экологиялык коопсуздук, жер казынасын коргоо жана жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы эл аралык стандарттарды жана Кыргыз Республикасынын стандарттарын сактоого тийиш.
15. Конкурстун катышуучулары конкурстук комиссиянын кароосуна алардын квалификациясынын деңгээли, өндүрүштүк, финансылык жана Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн керектүү болгон башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кошумча маалыматты жана документтерди берүүгө укуктуу.
IV. Жер казынасын пайдалануунун негизги шарттары
16. Конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган жана Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу лицензия (мындан ары - "лицензия") алган жактын бир катар милдеттенмелерди аткаруусу жер казынасын пайдалануунун негизги шарттары болуп саналат, анын ичинде:
1) конкурска катышууга тийиштүү өтүнмөдө көрсөтүлгөн өлчөмдө, бирок 10000000 (он миллион) АКШ долларынан кем эмес конкурстун объектисинин кен казыналарын пайдалануу укугу үчүн бааны (мындан ары - "конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа") төлөө;
2) лицензия берилген датадан тартып 1 (бир) жылдан кечиктирбей Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүүнүн техникалык долбоорун даярдоону жана өнөр жай, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча эксперттик оң корутунду менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана тийиштүү ведомстволор менен макулдашууну камсыздоо, ошондой эле аларды иштетүү үчүн керектүү болгон инфратүзүмдөрдү жана башка объекттерди курууга уруксат документтерин алуу. Долбоорлоо мөөнөтүн узартуу "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык Лицензиялоо маселелери боюнча комиссия (же укук улантуучу) тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн;
3) кенди иштетүүгө техникалык долбоорду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган күндөн тартып 3 (үч) айдан кечиктирбей, сейрек кездешүүчү оксиддерди жана металлдарды алганга чейин өзүнө байытуу фабрикасын жана металлургия заводун жана/же металлургия цехтерин камтыган өндүрүштүк комплексти (мындан ары - "өндүрүш комплекси") курууга киришүү. Курулушту баштоо мөөнөтү бузулган учурунда лицензиат "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган форс-мажордук жагдайларды кошпогондо, курулушту баштоо мөөнөтү бузулган ар бир толук ай үчүн 20000 (жыйырма миң) АКШ доллары (республикалык бюджетке 60%ы, Чүй облусун өнүктүрүү фондуна 30%ы жана Кемин районун өнүктүрүү фондуна 10%ы) өлчөмүндө айып төлөөгө макул болот. Мында, эгерде өндүрүштүк комплексти курууну баштоо кышкы мезгилге туш келсе жана аба ырайынын шарттарынан улам курулуш иштерин жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда, курулушту баштоо мөөнөтү артка жылдырылат;
4) кенди иштетүүгө техникалык долбоор ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган датадан тартып 2 (эки) жылдан ашпаган, билдирилген мөөнөттө өндүрүштүк комплексти өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүүнү камсыздоо. Өнөр жайлык эксплуатациялоого киргизүү мөөнөтү бузулган учурда лицензиат "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган форс-мажордук жагдайларды кошпогондо, эксплуатациялоого берүүнүн мөөнөтү бузулган ар бир ай үчүн 20000 (жыйырма миң) АКШ доллары (60%ы республикалык бюджетке, 30%ы Чүй облусун өнүктүрүү фондуна жана 10%ы Кемин районун өнүктүрүү фондуна) өлчөмүндө айып төлөөгө макул болот;
5) өндүрүштүк комплексти эксплуатациялоого киргизген датадан тартып 6 (алты) айдан кечиктирбей, техникалык долбоордо каралган өндүрүмдүүлүк менен, бирок долбоорду кубаттуулуктун 50% кем эмес долбоордук кубаттуулукка чыгарууну камсыздоо. 50 пайыздык долбоордук кубаттуулукка чыгуу мөөнөтү бузулган учурда лицензиат "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган форс-мажордук жагдайларды кошпогондо, эксплуатациялоого киргизүүнүн мөөнөтү бузулган ар бир ай үчүн 20000 (жыйырма миң) АКШ доллары (республикалык бюджетке 60%ы, Чүй облусун өнүктүрүү фондуна 30%ы жана Кемин районун өнүктүрүү фондуна 10%ы) өлчөмүндө айып төлөөгө макул болот;
6) кенди иштетүүнүн техникалык долбооруна баланстык запастарга болжолдуу жана баланстык запастарды которуу максатында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнү, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жер казынасын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды, бузулган жерди рекультивациялоо боюнча программаны, тоо кен мүлкүн жоюу жана консервациялоо боюнча программаны киргизүү, лицензиаттын эл аралык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жооп берген, жер казынасын сарамжалдуу, коопсуз жана натыйжалуу пайдалануу үчүн керектүү болгон башка аракеттерин сүрөттөө;
7) инвестицияларды салууну, анын ичинде ушул Шарттардын 22-пунктунда аталган конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны, бонусту жана лицензия берилген датадан тартып алгачкы 3 (үч) жылда лицензияны кармоо үчүн төлөмдү кошпогондо, долбоорго ылайык банк жана финансы институттары тарабынан каржылоону тартуу жолу менен камсыздоо;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган техникалык долбоорлордун жоболору боюнча иштөө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды аткаруу;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылыктуу сатып алуу укуктарын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо;
10) лицензияны алган күндөн тартып 2 (эки) айдан кечиктирбей жергиликтүү коомдоштукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасын, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө инвестициялардын программасын, иш жүргөн райондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарын уюштурууну, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууну, калкты кенди өздөштүрүү менен байланышкан иштерге тартуу максатында аларды кесиптик даярдоону уюштурууну, Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына байланыштуу башка маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү камтыган социалдык пакетти (мындан ары - Макулдашуу) даярдоо жана андан ары кароо жана жактыруу үчүн берүү.
Өндүрүш ишке киргизилген учурдан тартып жергиликтүү коомдоштукту өнүктүрүү инвестицияларынын ар жылдык өлчөмү жергиликтүү коомдоштук менен инвесторлордун ортосунда макулдашылат;
11) подряддык жана субподряддык уюмдарды эске алуу менен, өндүрүштүк комплексти куруу убагында жана аны эксплуатациялоого киргизүүгө чейин лицензиаттын 30%дан ашпаган, ал эми өндүрүштүк комплекс ишке киргизилгенден кийин лицензиаттын кызматкерлеринин жалпы санынан 10%дан көп эмес чет өлкөлүк адистерди тартуу;
12) Кыргыз Республикасына (а) кендин мурдагы лицензиатынын жана/же анын уюштуруучусунун, жана/же башка бенефициардын, жана/же башка кызыкдар жактын (мындан ары - Укук ээси) Stans Energy Согр and Kutesay Mining LLC v Kyrgyz Republic ишине карата (мындан ары - Мурдагы укук ээлери менен сот өндүрүшү) ЮНСИТРАЛдын Арбитраждык регламенти боюнча эл аралык арбитраждык өндүрүштүн алкагындагы чечимдерди кошо алганда, бирок аны менен чектелбестен, укук ээсинин кен менен байланышкан кандайдыр-бир укуктарын кайта алуудан келип чыккан же ага тийиштүү талаптары боюнча кандайдыр-бир соттун же арбитраждын чечимдери менен күчүнө кирген Кыргыз Республикасына каршы ыйгарылган баардык суммалардын жана (б) мурдагы укук ээлери менен сот өндүрүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын чыгымдарынын ордун толтуруу;
13) Кыргыз Республикасында өндүрүлбөгөн, аткарылбаган жана көрсөтүлбөгөн, ошондой эле башка өлкөлөргө караганда кымбат турган товарларды, иштерди жана кызматтарды сатып алуудан тышкары, лицензиаттын ишин камсыздоо үчүн керектүү болгон, баардык товарларды (товардык-материалдык баалуулуктарды, айыл чарба продукциясын), жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алууну ишке ашыруу. Мында бирдей шарттарда Чүй облусунун аймагында өндүрүлгөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү артыкчылыктуу сатып алуу ишке ашырылууга тийиш.
17. Жогоруда баяндалган негизги шарттарды кошо алганда, жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн шарттары конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензияга карата лицензиялык макулдашууда бекитилет. Жер казынасын пайдалануунун жогоруда аталган шарттарын аткарбоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларын колдонууга негиз болуп саналат.
18. Конкурска катышууга өтүнмөнү берүү фактысы менен конкурстун катышуучусу жер казынасын пайдалануунун жогоруда саналган негизги шарттарын тааныйт жана аларды конкурстун жеңүүчүсүнө берилүүчү лицензиялык макулдашууга киргизүүгө макул болот.
V. Жыйымдын, кепилдик төгүмдүн, баанын, салыктардын жана башка төлөмдөрдүн өлчөмдөрү, төлөө тартиби жана мөөнөттөрү
19. Геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн акы:
1) комиссиянын жумушчу органы ар бир арыз ээсине ушул Шарттардын 4-тиркемесине ылайык, геологиялык кыскача маалыматтар пакетин берет. Конкурска катышуу үчүн арыз ээлери аталган геологиялык кыскача маалыматтар пакетин 2032470 (эки миллион отуз эки миң төрт жүз жетимиш) сом өлчөмүндө акыга сатып алууга милдеттүү;
2) зарыл болгондо арыз ээси "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 токтому менен бекитилген Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык, кошумча геологиялык маалыматты сатып алууга укуктуу;
3) геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн акы конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыркы баага киргизилет жана документтерди кароонун жыйынтыктарынан жана/же конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктарына карабастан кайра кайтарылбайт;
4) конкурстун жеңүүчүсүн аныктагандан кийин ага баасы 3928756 (үч миллион тогуз жүз жыйырма сегиз миң жети жүз элүү алты) сом турган толук геологиялык маалыматтар пакети берилет (геологиялык кыскача маалыматтар пакетинин баасын эске алуу менен). Бул пакеттин баасы конкурстун объектисинин жер казыналарын пайдалануу укугу үчүн акыркы баага киргизилет;
5) көрсөтүлгөн төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Геология агенттиги) - конкурстук комиссиясынын жумушчу тобунун атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат. Геологиялык маалымат арыз ээсине анын баасын толук төлөгөндөн кийин берилет.
20. Конкурска катышуу үчүн жыйым.
Конкурстун катышуучулары 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндө же төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча АКШ доллары менен эквивалентин төлөөгө милдеттүү (мындан ары - катышуу үчүн жыйым). Конкурска катышуу үчүн жыйым конкурстук объектинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыркы баага кошулбайт жана документтерди кароонун жыйынтыктарынан жана/же конкурс өткөрүүнүн жыйынтыктарынан көз карандысыз кайтарылбайт. Аталган каражаттар ушул Шарттардын 23-пунктунда көрсөтүлгөн конкурстук комиссиянын жумушчу органынын атайын эсебине түшөт жана анын тескөөсүндө калат.
21. Катышуучунун кепилдик төгүмү.
Конкурстун катышуучулары 300000 (үч жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө кепилдик төгүмүн төлөөгө милдеттүү. Ушул Шарттардын 22-пунктунда каралгандай, конкурстун жеңүүчүсү тарабынан жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны төлөө учурунда, кепилдик төгүмү конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акыга кошуп эсептелет. Кепилдик төгүмү эгерде конкурстун жеңүүчүсү лицензиялык макулдашууга кол коюудан баш тартса, ушул Шарттардын 22-пунктунда каралган мөөнөттө конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны толук же жарым-жартылай төлөбөсө конкурстун жеңүүчүсүнө кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат.
22. Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акы.
1) Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмү 10000000 (он миллион) АКШ долларын түзгөн минималдуу чектен кем болбошу керек. Баа өзүнө бонус суммасын (жер казынасын пайдалануу укугуна салык) жана жер казыналары жөнүндө геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн бааны камтыйт. Бонусту жана жер казыналары жөнүндө геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн бааны эсептен чыгаруу менен жалпы сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген, Жер казыналарын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобого ылайык бөлүштүрүлөт. Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа бир жолку жана кайра кайтарылбай турган төлөм болуп саналат;
2) конкурстун жеңүүчүсү конкурстук комиссиянын конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) иш күндүн ичинде ал сунуштаган конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна бааны төлөөгө милдеттүү.
23. Төлөө үчүн реквизиттер.
Геологиялык кыскача маалыматтар үчүн акы, конкурска катышуу үчүн жыйым, кепилдик төгүм, ошондой эле конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа тийиштүү багытын көрсөтүү менен Геология агенттигинин алыш-бериш эсебинин төмөндөгү реквизиттерине киргизилиши керек:
Алуучу: Бишкек шаарынын Октябрь РОК
Банк: "РСК Банк" ААК Октябрь райондук филиалы
БИК 129053
Алыш-бериш эсеби: 1290534132810077
Өздүк эсеп: 4402032100002327
Төлөмдү дайындоо: [геологиялык кыскача маалыматтар пакети үчүн Геология агенттигинин өздүк эсебине]/[конкурска катышуу үчүн жыйым Геология агенттигинин өздүк эсебине]/[конкурстун жеңүүчүсүнүн кепилдик төгүмү Геология агенттигинин өздүк эсебине]/[кен казыналарын пайдалануу укугу үчүн акы Геология агенттигинин өздүк эсебине (конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн баа)].
24. Конкурстун жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык лицензиялык төлөмдөрдү, салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөрдү, чегерүүлөрдү жана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү.
VI. Конкурстун этаптары жана конкурстун катышуучулары берүүчү документтер
25. Конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта конкурстук комиссия конкурстун катышуучулары берген документтерди кабыл алууну жана экинчи этапка өткөрүү же өткөрүүдөн баш тартуу максаттарында, алардын ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештигин баалоону ишке ашырат. Экинчи этапта конкурстук комиссия конкурстун экинчи этабына өткөрүлгөн конкурстун катышуучулары берген документтерди кабыл алууну жана алардын ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкештигин баалоону ишке ашырат, жана белгиленген чен белгилерге ылайык конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт.
26. Конкурстун биринчи этабы.
Биринчи этапта конкурстун катышуучулары расмий басма сөз органдарында конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган учурдан тартып 45 календардык күндүн ичинде 2 (эки) нускада төмөндөгү документтерди Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 2 дареги боюнча Геология агенттигине № 217 кабинетке беришет:
1) 1-тиркемеге ылайык бекитилген форма боюнча конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына конкурска катышууга өтүнмө;
2) геологиялык кыскача маалымат пакети үчүн акы төлөөнү ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
3) конкурска катышуу үчүн жыйымды төлөөнү ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы);
4) кепилдик төгүмүн төлөөнү ырастаган документтин көчүрмөсү (жана салыштырып текшерүү үчүн түп нускасы).
Мөөр басылган конвертте ошондой эле төмөндөгү документтер берилет:
а) Кыргыз Республикасында катталган (кайра катталган) юридикалык жактар үчүн мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жана өзүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, уставынын жана уюмдаштыруу келишиминин көчүрмөлөрү;
б) чет өлкөлүк юридикалык жактар үчүн - уюмдаштыруу документтеринин жана каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү, ошондой эле ал өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналарын күбөлөндүрүүчү, мамлекеттик реестрден апостилдештирилген же легалдаштырылган көчүрмө же башка документ. Чет өлкөлүк юридикалык жактар берген чет тилиндеги уюмдаштыруу документтери жана каттоо жөнүндө күбөлүк мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен берилиши керек. Мамлекеттик реестрден же өз өлкөсүнүн мыйзамы боюнча иштеп жаткан юридикалык жак болуп саналаарын күбөлөндүрүүчү башка документтерден берилген көчүрмөлөрдүн колдонуу мөөнөтү, аталган документтерди берген күндөн тартып 6 (алты) айдан ашпоосу керек.
Эскертүү:
Документтерди легалдаштыруу төмөнкүлөр үчүн талап кылынбайт:
- 1961-жылдын 5-октябрындагы Чет өлкөлүк расмий документтерди легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенцияга мүчө өлкөлөрү үчүн ("Гаага конвенциясы"), Кыргыз Республикасынын Гаага Конвенциясына кошулуусуна каршы болгон катышуучу-өлкөлөрдөн тышкары, жана
- 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө конвенциянын мүчө-өлкөлөрү үчүн ("Кишинев конвенциясы");
в) жеке жактар үчүн - паспортунун жана жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөлөрү. Чет өлкөлүк жеке жактар кошумча түрдө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн паспорттун мамлекеттик же расмий тилдеги котормосун беришет;
г) ушул Шарттардын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча, конкурстун катышуучусунун ээси жана/же бенефициарлары болуп саналган жактарды ачыктаган маалымат жана документтер;
д) юридикалык жактын жетекчисинин же юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документтер;
е) төмөндөгүлөрдү караган, ушул Шарттардын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу түрүндөгү милдеттенме:
- конкурстун катышуучусу, ал конкурстун жеңүүчүсү катары аныкталган учурда Кыргыз Республикасына (а) мурдагы Укук ээлери менен Сот өндүрүшүнүн алкагындагы өндүрүштүн алкагындагы чечимдерди кошо алганда, бирок аны менен чектелбестен, укук ээсинин кен менен байланышкан кандайдыр-бир укуктарын кайта алуудан келип чыккан же ага тийиштүү талаптары боюнча кандайдыр-бир соттун же арбитраждын чечимдери менен күчүнө кирген Кыргыз Республикасына каршы ыйгарылган баардык суммалардын жана (б) мурдагы укук ээлери менен сот өндүрүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын чыгымдарынын ордун толтурууга макул болот;
- конкурстун катышуучусу, ал конкурстун жеңүүчүсү катары аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын коргоого чыга турган жактарды өз алдынча аныктай албайт;
- конкурстун катышуучусу, ал конкурстун жеңүүчүсү катары аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн дарегине төлөмдөрдү жүргүзүүгө милдеттенет;
- конкурстун катышуучусу, ал конкурстун жеңүүчүсү катары аныкталган учурда, ушул Шарттар менен каралган бардык айыптарды төлөөгө макул болот;
- конкурстун катышуучусу, ал конкурстун жеңүүчүсү катары аныкталган учурда конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн ал сунуштаган баа кайтарылбас төлөм болуп саналарына макул болот;
- конкурстун катышуучусу өз ишинин жыйынтыгында айлана-чөйрөгө келтирген зыяндын ордук толтурууга жана эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуулардын жыйынтыгында келтирилсе, айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө макул болот.
27. Конкурстун катышуучусу конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, биринчи этабынын алкагында катышууга көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмегин камтыган документтерди бир конвертте бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен бөлүнүшү керек, конвертте камтылган бардык беттери номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде берилет. Документтерди чет тилде берген учурда аларга карата нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге котормо тиркелиши керек. Конкурстук комиссия мамлекеттик же расмий тилдерде берилген документтерди карайт. Документтерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстун катышуучулары берген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер кайтарылбайт жана Геология агенттигинде сакталат.
28. Документтер салынган конверттерди ачуу конкурстук комиссия тарабынан документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин кийинки иш күнү жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталышы жана алар берген документтердин бетинин саны көрсөтүлөт. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин 5 (беш) иш күндүн ичинде берилген документтерди карайт жана конкурстун катышуучуларын экинчи этапка өткөрүү же өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Конкурстун катышуучулары алар берген документтер ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга шайкеш келген шартта экинчи этапка катышууга өткөрүлөт. Берилген документтердин тизмегине, түрүнө жана формасына карата талаптарга байланышкан суроолор жаралган учурда конкурстук комиссия протокол формасында чыгарылган, кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүгө укуктуу.
29. Экинчи этапка өткөрүү же өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий сайттарында, ошондой эле башка расмий басылмаларда жарыяланат.
30. Конкурстун экинчи этабы.
Экинчи этапка катышууга өткөрүлгөн конкурстун катышуучулары өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 (он беш) календардык күндүн ичинде Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 2 дареги боюнча Геология агенттигине № 217 кабинетке төмөндөгү документтерди мөөр басылган конверт менен берет:
1) төмөндөгүлөр боюнча алдын ала сунуштарды камтыган, Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүүнүн программасы:
- капиталдык салымдарга, эксплуатациялык чыгымдарга жана долбоордун рентабелдүүлүгүнө байланыштуу техникалык-экономикалык эсептөөлөр;
- өндүрүш комплексин куруунун жана эксплуатациялоого берүүнүн мөөнөттөрүн, иштерди жүргүзүүнүн этаптарын сактоо;
- жер казынасынан пайдалуу кендин запастарын ылгап алуунун толуктугу жана кенди кайра иштетүүдө пайдалуу кенди максималдуу ылгап алуу;
- бузулган жерлерди рекультивациялоо;
- кенди иштетүүнүн айлана-чөйрөгө таасирин алдын ала баалоо жана жаратылышты коргоочу зарыл иш-чаралар;
- Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүүдө пайдаланыла турган тоо кен жана башка мүлктөрдү жоюу же консервациялоо боюнча иш-чаралар планы;
- талап кылынган инвестициялардын эсеби;
- өндүрүш комплексинин ишинин жыйынтыгында республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салыктык жана салыктык эмес түшүүлөрдүн төлөмдөрүнүн эсеби;
конкурстун катышуучусунун кароосу боюнча башка кошумча маалымат жана документтер;
2) пайдалуу казылма кендерин чалгындоонун, казуунун жана кайра иштетүүнүн заманбап технологияларын колдонуу, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо боюнча сунуштар жана иш-чаралар комплекси;
3) геологиялык чалгындоо жана кенди иштетүү жаатында кийинки 5 (беш) жылдан кем эмес мезгилдеги иш тажрыйбасы бар экендиги жөнүндө күбөлөндүргөн маалымат жана документтер;
4) баштапкы капиталдык салымдар үчүн өздүк каражаттардын бар экендиги жана/же финансы каражаттарын тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө ырастоо, анын ичинде акыркы 3 (үч) жылдагы бухгалтердик отчеттордун, банк маалымдамаларынын көчүрмөлөрү, кредиттерди алуу жөнүндө келишимдер, салыктарды төлөө боюнча карызы жоктугун күбөлөндүргөн документтер жана башка ушул сыяктуу документтер;
5) жергиликтүү коомдоштукту жана аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө инвестициялардын программасын, иштер жүргүзүлгөн региондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарды уюштурууну, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууну, калкты кенди өздөштүрүү менен байланышкан иштерди жүргүзүүгө тартуу максатында калкты кесиптик даярдоону уюштурууну камтыган социалдык пакет боюнча сунуштарды, Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен байланышкан башка маселелерди чечүүгө көмөктөшүү;
6) ушул Шарттардын 22-пунктунда көрсөтүлгөн минималдуу нарктан кем эмес конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн бааны сунуштоо;
7) конкурстун катышуучусунун квалификациясынын деңгээлин, өндүрүштүк, финансылык жана Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү үчүн керектүү башка мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө күбөлөндүргөн бардык башка маалыматтар жана документтер.
31. Конкурстун экинчи этабына өткөрүлгөн катышуучу конкурстун катышуучусунун толук аталышын жана дарегин, конкурстун экинчи этабына катышуунун алкагында документтерди берүү жөнүндө көрсөтмөнү, берилген документтердин толук тизмесин камтыган документтерди бир конвертте бериши керек. Берилген документтер тигилип, ажыраткычтар менен бөлүнүшү керек, конвертте камтылган бардык беттери номерлениши керек. Документтер мамлекеттик жана/же расмий тилде берилет. Документтер чет тилинде берилген учурда аларга карата нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилге котормо тиркелиши керек. Документтерди берүүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин конкурстун катышуучулары берген документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор кабыл алынбайт. Берилген документтер кайтарылбайт жана Геология агенттигинде сакталат.
32. Документтер салынган конверттерди ачуу конкурстук комиссия тарабынан документтерди кабыл алуунун белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин, кийинки иш күнү жүргүзүлөт жана протокол менен таризделет, анда конкурстун катышуучуларынын аталышы жана даректери, алар берген документтердин бетинин саны жана конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн сунушталган баа көрсөтүлөт. Конкурстун катышуучулары конверттерди ачууда катышууга укуктуу.
33. Конверттерди ачуу жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарына жарыяланат.
VII. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоонун критерийлери
34. Конкурстук комиссия конверттерди ачкандан кийин 5 (беш) иш күндүн ичинде конкурстун катышуучуларынын сунуштарын карайт, конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим чыгарат. Конкурстун катышуучулары берген документтерди кароодо, конкурстук комиссия берилген документтердин алкагында кошумча түшүндүрмө берүү үчүн конкурстун катышуучусунун ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырууга укуктуу.
35. Конкурстун жеңүүчүсү берилген документтерди жана маалыматты баалоо аркылуу аныкталат. Документтерди баалоо төмөнкүдөй критерийлер менен упай системасы боюнча конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт:
№ | Критерийлердин аталышы | Упайлар |
1 | Ушул Шарттар менен белгиленген талаптарга анын шайкештигин кошо алганда Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтер кенин жана Калесай беррилий кенин иштетүүнүн сунушталган программасынын сапаты | 5 упайга чейин |
2 | Пайдалуу казылма кендерин чалгындоодо, казууда жана пайдалуу казылмаларды кайра иштетүүдө заманбап технологияларды колдонуу боюнча сунуштар | 5 упайга чейин |
3 | Өнөр жай коопсуздугун, экологиялык коопсуздукту, жер казынасын коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыздоо (анын ичинде ылгап алуунун толуктугу) | 5 упайга чейин |
4 | Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтер кенин жана Калесай беррилий кенин өздөштүрүү үчүн финансылык мүмкүнчүлүктөр | 5 упайга чейин |
5 | Жергиликтүү коомдоштукту жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү, жергиликтүү инфратүзүмдү өнүктүрүүгө инвестициялардын программасын, иштер жүргүзүлгөн региондо жашаган калк үчүн жумушчу орундарын уюштурууну, кенди өздөштүрүүдө жергиликтүү эмгек ресурстарын максималдуу пайдаланууну, кенди өздөштүрүү менен байланышкан иштерди жүргүзүүгө калкты тартуу максатында калкты кесиптик жактан даярдоону уюштурууну, Чүй облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен байланышкан башка маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү камтыган социалдык пакеттин сапаты | 10 упайга чейин |
6 | Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн минималдуу баасынан ашуу | Конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугу үчүн минималдуу баасынан ашкан, ар бир кийинки 1 миллион АКШ доллары үчүн 1 упай |
7 | Курулушту жана өндүрүштүк комплексти, ошондой эле инфратүзүм объекттерин куруунун жана пайдаланууга берүүнүн мөөнөттөрү (мөөнөт боюнча) | бир жылдын ичинде - 10 упай 18 айга чейин - 8 упай; 24 айга чейин - 6 упай, Өзүнө бул милдеттенмени алган учурда, ушул Шарттардын 16-пунктунун 4-пунктчасынын талаптары өндүрүштүк комплексти өнөр жайлык эксплуатацияга киргизүүнүн билдирилген мөөнөтү бүткөн датадан баштап күчүнө кирет |
8 | Юридикалык жактын - болочок лицензиаттын уставдык капиталындагы катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына бекер берүү | Ар бир 5 пайыз үчүн - 1 упай |
Эскертүү: конкурска 100% мамлекеттик менчик менен юридикалык жак катышкан учурда, 8-критерий боюнча упайлар чет өлкөлүк инвестор менен биргелешкен иш жөнүндө макулдашуудан улам аныкталат.
36. Ар бир катышуучу үчүн конкурстук комиссия тарабынан ар бир критерий боюнча катышуучу алган упайларды жана катышуучунун жалпы упайын көрсөтүү менен упайларды эсептөө протоколу түзүлөт.
37. Катышуучулардын бардык сунуштарын талдоонун жана белгиленген критерийлер боюнча упайларды аныктоонун негизинде комиссия конкурстун экинчи этабын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду тариздейт жана бул протоколдун негизинде конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө чечим кабыл алат.
38. Көп упай топтогон катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат. Эки жана андан көп катышуучулардын упайлары тең болгондо комиссиянын төрагасы ачык добуш берүү жол-жобосун белгилейт. Добуш берүү ар бир катышуучу боюнча өзүнчө өткөрүлөт. Мында комиссиянын ар бир мүчөсү өзүнүн добушун бир катышуучуга гана берүүгө укуктуу. Көп добуш алган катышуучу жеңүүчү деп таанылат. Эгерде эки жана андан көп катышуучуга бирдей сандагы добуштар берилсе, анда мындай катышуучулар боюнча конкурстун жеңүүчүсү аныкталганга чейин биринчи турдун эрежелери боюнча добуш берүүнүн кошумча турлары өткөрүлөт. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуш берүүгө катышуудан баш тартууга укугу жок. Добуш берүүнүн бардык турларында конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болгондо конкурстук комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
39. Конкурстук комиссиянын чечими жазуу түрүндө таризделет, ага конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат жана конкурстун катышуучуларын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чакыруу менен комиссиянын жыйынында жарыяланат. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө конкурстук комиссиянын чечими расмий басма органдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланат.
40. Конкурстук комиссиянын протоколдору эгерде аларга конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү тарабынан кол коюлса жарактуу деп саналат.
41. Конкурстук комиссиянын протоколу Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында конкурстун жеңүүчүсүнө кенди пайдалануу укугуна лицензия берүү үчүн негиз болуп саналат. Лицензияга карата лицензиялык макулдашуулар конкурсту өткөрүү үчүн белгиленген шарттарды камтышы керек.
42. Конкурстун жеңүүчүсү болуп чет өлкөлүк юридикалык жак таанылган учурда, лицензия конкурстун жеңүүчүсү - чет өлкөлүк юридикалык жак тарабынан Кутесай-II сейрек кездешүүчү элементтер кенинин жана Калесай бериллий кенинин жайгашкан орду боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн жана катталган туунду компаниясына берилет. Чет өлкөлүк юридикалык жак түзгөн туунду компания чет өлкөлүк юридикалык жакты конкурстун жеңүүчүсү деп жарыялаган күндөн тартып бир айдан кечиктирбей катталышы керек. Түзүлгөн туунду компания юридикалык жакка - лицензиатка катышуу үлүшүн Кыргыз Республикасына акысыз берүү учурларын кошпогондо, 100% чет өлкөлүк юридикалык жакка - конкурстун жеңүүчүсүнө таандык болушу керек.
43. Лицензия конкурстун жеңүүчүсүнө ал конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн сунуштаган бааны төлөгөндөн кийин 5 (беш) иш күндүн ичинде берилет. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү катары чет өлкөлүк юридикалык жак таанылса, анда лицензияны берүү 5 (беш) иш күндүн ичинде төмөндөгүлөрдөн кийин ишке ашырылат:
(а) конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн сунуштаган бааны төлөө;
(б) көрсөтүлгөн даталардын кайсынысы кеч болгонуна жараша, чет өлкөлүк юридикалык жактын туунду компаниясын каттоо жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүү.
44. Конкурстун жеңүүчүсү конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан, же конкурстун объектисинин кенин пайдалануу укугу үчүн ал билдирген бааны белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда конкурстун жеңүүчүсү лицензия алуу укугун жоготот жана баш тарткан жеңүүчүдөн кийинки башка катышуучуларга караганда көп упай топтогон же эгерде конкурстук комиссия тарабынан башкача чечим кабыл алынбаса, кошумча добуш берүүдө көп добуш алган катышуучу конкурстун жеңүүчүсү катары таанылат.
VIII. Конкурсту жокко чыгаруу жана өткөн жок, жараксыз деп таануу
45. Конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин форс-мажордук жагдайлар болгон учурда гана, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча конкурс жокко чыгарылышы мүмкүн. Конкурсту өткөрүүнү токтотуу учурунда 300000 (үч жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү конкурстун катышуучусунун кепилдик төгүмү кайтарылып берилиши керек.
46. Конкурска катышууга өтүнмөлөр жок болгондо же эгерде конкурска катышууга бир катышуучудан гана өтүнмө келип түшсө, же эгерде конкурстун бардык катышуучулары берген документтер конкурстун катышуучуларына карата негизги шарттарга жана талаптарга жооп бербесе, конкурс протокол менен таризделген жана расмий басылма органдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Геология агенттигинин расмий веб-сайттарында жарыяланган конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде өткөн жок деп таанылат.
47. Конкурс, эгерде ал ушул Шарттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген конкурс өткөрүүнүн эрежелерин бузуу менен өткөрүлсө, кызыкдар тараптардын доосу боюнча сот тарабынан жараксыз деп таанылып жана конкурстун жыйынтыктары жокко чыгарылышы мүмкүн. Конкурсту жараксыз деп таануу учурунда конкурстун жеңүүчүсү сунуштаган жана төлөгөн конкурс объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна баа кайтарылып берилиши керек.
48. Конкурстун катышуучусу конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо жөнүндө чечим чыгарганга чейин конкурска катышууга өзүнүн өтүнмөсүн артка кайтарып алууга укуктуу. Мында 2032470 (эки миллион отуз эки миң төрт жүз жетимиш) сом өлчөмүндөгү кыскача геологиялык маалымат пакети үчүн төлөм, 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү конкурска катышуу үчүн жыйым жана 300000 (үч жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү конкурстун катышуучусунун кепилдик төгүмү кайра кайтарылбайт.
Сурап-билүү үчүн телефондор: (+996 312) 30-03-71, 30-02-46.
Бул маалымат менен Геология агенттигинин расмий сайтынан таанышууга болот: www.geology.kg
|
| Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлерине 1-тиркеме |
Форма
Конкурска катышууга карата ТИПТҮҮ БИЛДИРМЕ
Юридикалык жактар үчүн:
Мен,
___________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
___________________________________________________________________________________________
(өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ)
___________________________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
___________________________________________________________________________________________
(толук аталышы, каттоо номери, датасы жана каттоо органы,
___________________________________________________________________________________________
дареги, юридикалык жактын банк реквизиттери)
______________________________________________________________________ атынан чыгуу менен,
___________________________________________________________________________________________
(жак анын негизинде аракеттенип жаткан документ, эгерде өкүлү ишеним кат менен
___________________________________________________________________________________________
аракеттенсе, - анда ишеним каттын реквизиттери)
___________________________________________________________________________________________
негизинде аракеттенип,
Ишеним кат боюнча:
Мен,
____________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
____________________________________________________________________________________________
(өздүгүн күбөлөндүрүүчү документ)
____________________________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
____________________________________________________________________________________________
(шаар, айыл, көчө, үйдүн жана батирдин номуру)
______________________________________________________________________ дареги боюнча жашоочу
Ушуну менен:
____________________________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________ өтө турган
(орду жана убактысы)
____________________________________________________________________________________________
кен объекти(лери) боюнча: ______________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________________,
лот(тору) боюнча конкурска катышууга ниетимди билдирем.
Ушул ниетиме ылайык мен төмөнкүдөй төгүмдөрдү төлөдүм:
1. Геологиялык кыскача маалымат пакети үчүн 2032470 (эки миллион отуз эки миң төрт жүз жетимиш) сом өлчөмүндөгү төлөм.
2. Конкурска катышуу үчүн 1000000 (бир миллион) сом өлчөмүндөгү жыйым.
3. 300000 (үч жүз миң) АКШ доллары өлчөмүндө кепилдик төгүм.
Конкурста жеңип чыккан учурда мен төмөнкүлөргө милдеттенем:
1) конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуга;
2) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга конкурста сатылып алынган объектинин жер казынасын пайдалануу укугунун наркын, конкурстун шарттары менен аныкталган мөөнөттү төлөөгө;
3) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл тийиштүү төлөмдөрдү төлөөгө;
4) конкурстун уюштуруучусу тарабынан жер казынасын конкурска коюунун ажырагыс шарттары болуп саналган жер казынасын пайдалануунун белгиленген талаптарын аткарууга, ал эми алар аткарылбаган учурда - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын "__" __________ № буйругу менен бекитилген Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна карата конкурсту өткөрүү шарттарына жана тартибине ылайык санкцияларды төлөөгө.
Конкурс өтпөй калды деп таанылган учурда, эгерде билдирилген сунуштардын ичинен бири дагы конкурс шарттарына жооп бербесе, же берилген билдирмелер жок болсо, же бир гана билдирме келип түшкөн болсо конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуга макулмун, мында кыскача географиялык маалымат пакети үчүн сумма жана конкурска катышкандыгы үчүн жыйым кайтарылбайт жана кен байлыктары боюнча саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат.
Конкурска катышуу үчүн кошумча түрдө, ушул арызга карата төмөнкүлөрдү тиркеймин:
1. ___________________________________________________________________________;
2. ___________________________________________________________________________;
3. ___________________________________________________________________________;
4. ___________________________________________________________________________;
5. ___________________________________________________________________________;
6. ___________________________________________________________________________;
7. ___________________________________________________________________________;
8. ___________________________________________________________________________;
9. ___________________________________________________________________________;
10. __________________________________________________________________________.
Паспортту билдирме берген учурда талапкер өзү көрсөтөт.
Арыз берүүчүнүн (ыйгарым укуктуу адамдын) колу: _____________________________________
Дата 201__-жылдын "__" ______________
Кабыл алынды: __________________________________________________________________________________
(билдирмени кабыл алган адамдын кызмат орду)
_______________________________________________________________________________________________
(билдирме кабыл алынган дата, так убакытын көрсөтүү менен)
_______________________________________________________________________________________________
(билдирмени кабыл алган адамдын аты-жөнү жана колу)
|
| Кутессай-II чанда жолугуучу жер алдындагы элементтер кенин жана Калесай бериллий жер кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна карата сынакты өткөрүү тартибине жана шарттарга жана жеңүүчүнү аныктоо чен белгилерине карата 2-тиркеме |
Форма
Компаниянын менчик ээлери жөнүндө МААЛЫМКАТ
1. Компаниянын толук аталышы
2. Компаниянын юридикалык дареги (жайгашкан орду)
3. Мамлекеттик каттоо күнү жана катталган орду
4. Компания □ менчик □ мамлекеттик болуп саналат
5. Компания анда 100% акцияга/катышуу үлүшүнө ээ болгон туунду компанияларды санап кетиңиз
6. Аларда компания 5% жана андан ашык акцияга/катышуу үлүшүнө ээ болгон башка компанияларды санаңыз
7. Компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат (акционерлер/компаниянын катышуучулары):
№ | Юридикалык жактын аталышы/Менчик ээсинин Ф.А.А.сы | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/ Каттоосунун дареги | Тастыктоочу документтер |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
8. Акционерлер/компаниянын катышуучуларынын менчик ээлери жөнүндө маалымат:
№ | Юридикалык жактын аталышы/Менчик ээсинин Ф.А.А.сы | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/ Каттоосунун дареги | Тастыктоочу документтер |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
9. Компаниянын менчик ээлери жөнүндө маалымат, 8-пунктта жайгашкан:
№ | Юридикалык жактын аталышы/Менчик ээсинин Ф.А.А.сы | Катышуу үлүшү | Юридикалык дареги/ Каттоосунун дареги | Тастыктоочу документтер |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
... | 1 |
|
|
|
Компания ушул маалымкатта көрсөтүлгөн маалыматтар толук, так жана анык болуп эсептелерин кепилдейт.
Колу: | ______________________________ | М.О. |
Ф.А.А.: | ______________________________ |
|
Кызматы: | ______________________________ |
|
Күнү: | ______________________________ |
|
|
| Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттарына жана тартибине жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлерине 3-тиркеме |
Форма
Милдеттенме
____________________________________________, мындан ары "Катышуучу" деп аталган
________________________________________________ атынан,
___________________________________________________ негизинде аракеттенип, ушуну менен Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурсту өткөрүүнүн шарттарында жана тартибинде жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлеринде (мындан ары - Шарттар) каралган бардык талаптарды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Катышуучу Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурстун жеңүүчүсү деп аныкталган учурда катышуучу төмөнкүдөй милдеттенмелерди өзүнө алат:
- Кыргыз Республикасына (а) кендин мурдагы лицензиатынын жана/же анын уюштуруучусунун, жана/же башка бенефициардын, жана/же башка кызыкдар жактын (мындан ары - Укук ээси) Stans Energy Corp and Kutesay Mining LLC v Kyrgyz Republic ишине карата (мындан ары - Мурдагы укук ээлери менен сот өндүрүшү) ЮНСИТРАЛдын Арбитраждык регламенти боюнча эл аралык арбитраждык өндүрүштүн алкагындагы чечимдерди кошо алганда, бирок аны менен чектелбестен, укук ээсинин кен менен байланышкан кандайдыр-бир укуктарын кайта алуудан келип чыккан же ага тийиштүү талаптары боюнча кандайдыр-бир соттун же арбитраждын чечимдери менен күчүнө кирген Кыргыз Республикасына каршы ыйгарылган баардык суммалардын жана (б) мурдагы укук ээлери менен сот өндүрүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын чыгымдарынын ордун толтуруу;
- ал конкурстун жеңүүчүсү катары аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыктарын коргоого чыга турган жактарды өз алдынча аныктай албайт;
- Шарттарда каралган баардык айыптарды төлөө;
- Шарттардын 47-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, конкурстун объектисинин жер казынасын пайдалануу укугуна ал сунуштаган баа кайтарылбас төлөм болуп саналарына макул болуу;
- өзүнүн ишинин натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын ордун толтуруу, жана эгерде мындай зыян экологиялык укук бузуулардын жыйынтыгында келтирилсе, айлана-чөйрөнүн бузулган абалын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- төлөмдөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн дарегине которулат.
Катышуучу жогоруда саналган милдеттенмелер Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурсту өткөрүүнүн шарттарынын жана тартибинин жана жеңүүчүнү аныктоо критерийлеринин бир бөлүгү болуп саналаарын түшүнөт жана макул болот жана аларды сактоого жана аткарууга милдеттенет.
Колу: | _______________________________ |
|
Ф.А.А.: | _______________________________ |
|
Кызматы: | _______________________________ |
|
Күнү: | _______________________________ |
|
|
| Кутесай-II сейрек кездешүүчү жер элементтер кенин жана Калесай бериллий кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна конкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартибине жана жеңүүчүнү аныктоонун критерийлерине карата 4-тиркеме |
Кыскача геологиялык маалымат пакети
Фонд № | Автору | Материалдын аталышы | Чыгарылган күнү | Суммасы |
08767 | Исаев С.И. Береговая Т. | 1992-жылдын 1-январына карата запастарды эсептөө менен Кутесай-II сейрек кездешүүчү кен байлыктарынын тереңдик горизонтторун жеткире чалгындоо жөнүндө отчет. I том - 346 барак, II том - 202 барак, III том - 317 барак, IV том - 258 барак, V том - 79 барак, VI-I том - 51-чийме, VI-II том - 44-чийме, ТКЗ № 445 протоколу - 43 барак. Ю.М.Рыбкин ТЭО VII том - 210 барак, ЗМК № 2368-к протоколу 46 барак, электрондук версия | 1992 | 1224842,5 |
005644 | Турчинский В.П. жана башкалар | 1968-жылдын 1-январына карата абалы боюнча бериллий кычкылынын запастарын эсептөө менен Калесай жер кен байлыгын чалгындоо боюнча отчет. I том, 427 барак. II том, 205 барак. III том, 274 барак. IV-I том, 45 чийме, IV-II том, 45 чийме, ГНК альбому, 24 барак, 1971-жылдын 21-апрелиндеги № 6230 ГКЗ протоколу, акт 17 барак, НТС протоколу - 2 барак | 1970 | 807627,5 |
Бардыгы |
|
|
| 2032470 |