Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 5-апрели № 122-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасынын "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги 30 мыкты өлкөнүн тизмесине Кыргыз Республикасын киргизүү бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ үч айлык мөөнөттө "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу боюнча сунуштарды (Иш-чаралар планын) иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген тартипте киргизсин.
3. Жумушчу топко төмөнкүлөр белгиленсин:
- "Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча чаралардын аткарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүсү;
- мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте өз ишине тартуу укугу.
4. Жумушчу топтун ишин уюштуруу-методикалык жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-августундагы № 399-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б буйругунун 5-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругунун 3-пункту.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | С. Дж. Исаков |
Тиркеме
"Бизнес жүргүзүү" рейтингиндеги Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 315-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын экономикалык маселелерин тейлеген вице-премьер-министр, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);
ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасындагы ЮСАИДдин миссиясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Эл аралык финансы корпорациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Өнүктүрүү укугу боюнча эл аралык уюмдун (IDLO) өкүлү (макулдашуу боюнча).