Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 19-июлу № 255-б
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-майындагы № 127-б буйругунун редакциясына ылайык)
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. «Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар, жана байланыш мамлекеттик комитети «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жазылган транспорттун агымы, видеобайкоонун маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелеринин бузулгандыгы жөнүндө комплекстүү маалыматтарды автоматтык түрдө берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурс (мындан ары -конкурстар) жарыялоо үчүн мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорун өткөрсүн.»;
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-майындагы № 127-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте 2018-жылга каралган каражаттардын чегинде, "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жазылган транспорттун агымы, видео-көзөмөлдүн маалыматтары жана Жол кыймылынын эрежелеринин бузулгандыгы жөнүндө комплекстүү маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо боюнча интеллектуалдык информациялык интеграцияланган платформаны иштеп чыгууга байланышкан маселелерди чечсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ар жылдык суроосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине Конкурстардын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн Келишимдерге жараша жабдуучу-берүүчүлөр менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттеги "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жазылган Жол кыймылынын эрежелерин бузгандык үчүн республикалык бюджеттин кирешесине түшүүчү каражаттан финансылык каражаттарды караштырсын;
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-майындагы № 127-б буйругунун редакциясына ылайык)
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине конкурстарды өткөрүү үчүн шарттарды жана өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн бюджеттик милдеттенмелерди (келишимдерди) каттоону камсыздасын;
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-майындагы № 127-б буйругунун редакциясына ылайык)
- "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жазылган Жол кыймылынын эрежелерин бузгандык үчүн төлөнүүчү айып пулдарды топтоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин администрациялануучу эсебин ачсын;
- "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдар менен бирдикте, "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жазылган Жол кыймылынын эрежелерин бузгандык үчүн төлөнүүчү айып пулдарды топтоо боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин администрациялануучу эсебине түшкөн каражаттарды топтоонун, текшерүүнүн жана пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-июлундагы № 453 токтомуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосун жүргүзүү үчүн конкурстардын документтерин иштеп чыгууга консультациялык жардам көрсөтсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-майындагы № 127-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |