КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 29-мартынындагы №260 жарлыгынын негизинде
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 12-марты № 148
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламентинде:
- бүткүл тексти боюнча:
түрдүү жөндөмөдөгү "регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "регламент бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик кызмат бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "маалыматтык камсыздоо бөлүмү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "чечимдерди аткарууну контролдоо бөлүмү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо сектору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "котормо жана редакциялоо бөлүмү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "котормо жана редакциялоо сектору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "каттар жана жарандардын кайрылуулары сектору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
түрдүү жөндөмөдөгү "иш кагаздарын жүргүзүү сектору" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо сектору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктундагы "Өкмөттүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү (мындан ары - регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү)" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын регламент, иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмү (мындан ары - регламент бөлүмү)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-пунктундагы "Өкмөттүн Аппаратынын каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү (мындан ары - каттар жана жарандарды кабыл алуу бөлүмү)" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн каттар жана жарандардын кайрылуулары сектору (мындан ары - каттар жана жарандардын кайрылуулары сектору)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Өкмөттүн Аппаратына келип түшкөн чечимдердин долбоорлору жана корреспонденция регламент бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторунда (мындан ары - иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо сектору) белгиленген тартипте катталат жана бир күндүк мөөнөттө төмөнкүлөргө өткөрүп берилет:
- Өкмөттүн жыйынына актылардын жана протоколдук тапшырмалардын долбоорлору - коомдук талкуулоо үчүн тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөргө өткөрүп берилүүчү Өкмөттүн расмий сайтына жайгаштыруу максатында киргизилген актылардын долбоорлорунан тышкары регламент бөлүмүнүн регламент жана өкмөттүн чечимдерин чыгаруу секторуна (мындан ары - регламент сектору);";
- 12-пунктунун экинчи абзацындагы "Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө (мындан ары - маалыматтык камсыздоо бөлүмү)" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппаратынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш боюнча бөлүмүнө (мындан ары - коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүм)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пунктунда:
экинчи абзацындагы "61, 62" деген цифралар "61-пункттарына, 62-пунктунун экинчи абзацына," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча (№ 1 үлгү)" деген сөздөр "Аппарат жетекчиси бекиткен форма боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн кызматкери (мындан ары - аткаруучу) чечимдин долбоорунун жана анын тиркемелеринин кагазга чыгарылган текстинин маанилик, орфографиялык каталарын жана так эместиктерин оңдоо менен милдеттүү түрдө иштеп чыгат.
Белгиленген тартипте иштелбеген чечимдердин долбоорлору жана алардын тиркемелеринин долбоорлору тийиштүү түзүмдүк бөлүнүштөргө экспертизага берилген учурда документтин аткаруучусуна жана жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик жаза чаралары көрүлөт.
Иштеп чыгуучу мамлекеттик орган сапатсыз чечимдин долбоорун киргизген учурда жооптуу түзүмдүк бөлүнүш 7 жумуш күндүн ичинде Премьер-министрдин, тейлеген вице-премьер-министрдин же Аппарат жетекчисинин кароосуна чечимдин долбоорун сапатсыз даярдаганы үчүн иштеп чыгуучу мамлекеттик органдын жетекчисине тартиптик жаза чарасын көрүү жана чечимдин долбоорун толуктап иштеп чыгууга кайра жиберүү жөнүндө сунуш киргизет.
Чечимдин долбоорун кайтарып берүү, себебин көрсөтүү менен Премьер-министрдин, тейлеген вице-премьер-министрдин же Аппарат жетекчисинин колу коюлган каттын негизинде жүргүзүлөт.
Чечимдин долбоорун кайтарып берүүнү/чакырып алууну эсепке алуу максатында Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүшү тарабынан каттын көчүрмөсү регламент секторуна берилет.";
- 21-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Чечимдин долбоорун жооптуу түзүмдүк бөлүнүштүн аткаруучусу жана жетекчиси карайт, виза коёт жана Аппараттын жетекчиси бекиткен форма боюнча кийинки тартипте төмөнкүлөр менен макулдашат:
- кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр;
- Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүм - Евразия экономикалык бирлигинин ишине тиешелүү маселелер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы - белгиленген компетенциянын алкагында;
- уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмү - белгиленген компетенцияга ылайык маселелер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги өкүлчүлүгү - Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилүүчү маселелер боюнча;
- укуктук экспертиза бөлүмү;
- Аппарат жетекчисинин орун басарлары - милдеттерин бөлүштүрүүгө жараша;
- Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
- Аппарат жетекчиси;
- вице-премьер-министрлер.
Андан кийин чечимдин долбоору Премьер-министрге кол коюуга киргизилет.
Чечимдин долбоорун вице-премьер-министрлер жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилиги менен макулдашуунун жогоруда көрсөтүлгөн тартиби ушул Регламентке жараша өзгөртүлүшү мүмкүн.";
- 22-пунктунун үчүнчү абзацындагы "тиркемеде берилген форма боюнча (№ 4 үлгү)" деген сөздөр "Аппарат жетекчиси бекиткен форма боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 24-пунктундагы "тиркемеде берилген форма боюнча (№ 7 үлгү)" деген сөздөр "Аппарат жетекчиси бекиткен форма боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 27-пунктундагы "(мындан ары - демилгечи мамлекеттик орган)" деген сөздөр алып салынсын;
- 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Түзүмдүк бөлүнүштүн түздөн-түз аткаруучусу Өкмөттүн жыйынына материалдарды иштеп чыгуучу мамлекеттик орган тарабынан даярдалышын контролдоо маселелери боюнча инспекциялык иш-чаралардын планын аларды ишке ашыруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен түзөт. Инспекциялык иш-чаралар иштеп чыгуучу мамлекеттик органдарга, башка мамлекеттик органдарга жана мекемелерге барууну, документтерди талап кылууну, иштеп чыгуучу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылуучу иш-чараларды текшерүүнү, ошондой эле башка иш-чараларды камтыйт.";
- 31-пунктундагы "демилгечи мамлекеттик орган" деген сөздөр "иштеп чыгуучу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-пунктунда:
"Демилгечи мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "Иштеп чыгуучу мамлекеттик органдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Иштеп чыгуучу мамлекеттик орган тарабынан Өкмөттүн жыйынына материалдар объективдүү себептерсиз өз убагында киргизилбеген учурда жооптуу түзүмдүк бөлүнүш түшүнүк талап кылгандан кийин тейлөөчү вице-премьер-министрдин же Аппарат жетекчисинин кароосуна материалдарды даярдоого жооптуу адамдарга карата тартиптик жоопкерчилик чараларын көрүү жөнүндө сунуш киргизет.";
- 33-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33. Өкмөттүн кезектеги жыйынына киргизилген Өкмөттүн актысынын долбоору же протоколдук чечимдин долбоору жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан кызыкдар түзүмдүк бөлүнүштөр менен, ошондой эле төмөнкүлөр менен милдеттүү түрдө макулдашылат:
- Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүм - Евразия экономикалык бирлигинин ишине тиешелүү маселелер боюнча;
- укуктук экспертиза бөлүмү;
- Аппарат жетекчисинин орун басарлары - милдеттерин бөлүштүрүүгө жараша;
- Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
- Аппарат жетекчиси;
- тейлөөчү вице-премьер-министр.";
- 34-пунктунда:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34. Актынын долбоору же протоколдук чечимдин долбоору макулдашылгандан жана лингвистикалык экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин жооптуу түзүмдүк бөлүнүш тарабынан Өкмөттүн жыйыны өткөрүлүүчү датага чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен регламент секторуна төмөнкүдөй документтер киргизилет:";
"а" пунктчасынын төртүнчү абзацындагы "тиркемеде келтирилген форма боюнча (№ 2 үлгү)" деген сөздөр "Аппарат жетекчиси бекиткен форма боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"а" пунктчасынын он биринчи абзацындагы "тиркемеде келтирилген форма боюнча (№ 3 үлгү)" деген сөздөр "Аппарат жетекчиси бекиткен форма боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 37-пунктундагы "3 күндөн" деген сөздөр "1 күндөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 46-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46. Премьер-министрдин же Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча Өкмөттүн кезектеги жыйыны өткөрүлүүчү датага чейин 5 календарлык күндөн кеч эмес кошумча маселе киргизилген учурда маселени даярдоого жооптуу, иштеп чыгуучу мамлекеттик орган тарабынан жыйын өткөрүлүүчү датага чейин 3 календарлык күндөн кечиктирилбестен Өкмөттүн Аппаратынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүшүнө Өкмөттүн Регламентинин 33-пунктунда каралган документтерди берүү камсыз кылынат.
Мында иштеп чыгуучу мамлекеттик орган тарабынан протоколдук чечимдин долбоорунан тышкары, Өкмөттүн киргизилүүчү чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, тышкы саясат жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу камсыз кылынат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 46-1 - 46-11-пункттар менен толукталсын:
"46-1. Оперативдүү жана кечиктирилгис кабыл алууну талап кылган Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлорун тез арада кароо үчүн Премьер-министрдин макулдашуусу менен Премьер-министрдин же Өкмөт мүчөлөрүнүн демилгеси боюнча Өкмөттүн кезексиз (оперативдүү) жыйындары Өкмөттүн Регламентинин 33-1 - 33-11-пункттары жана ушул Регламент менен белгиленген учурларда жана тартипте өткөрүлүшү мүмкүн.
46-2. Өкмөттүн жыйынында кароого пландалган Өкмөттүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуучу-мамлекеттик орган коомдук талкуулоо, жөндөө таасирин талдоо жол-жобосун (зарыл болгон учурда) өткөрүү шарттарын сактап, коштоочу кат менен Премьер-министрдин кароосуна киргизет.
46-3. Чечимдин долбоору киргизилген күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчиси иштеп чыгуучу-мамлекеттик органдын жетекчиси менен бирдикте чечимдин долбоорун тейлөөчү вице-премьер-министр (тейлөөчү вице-премьер-министр жок болгон учурда - Аппарат жетекчиси), андан кийин Өкмөттүн жыйынында анын кароого максатка ылайыктуулугу, актуалдуулугу жана шашылыштыгы боюнча Премьер-министр менен макулдашат.
Долбоор боюнча оң чечим кабыл алынган учурда тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүшү аталган чечимдин долбоору боюнча позициясын көрсөтүү үчүн тейлөөчү вице-премьер-министрдин же Аппарат жетекчисинин колу коюлган чечимдин долбоорун иштеп чыгуучу-мамлекеттик органдын электрондук дарегин көрсөтүү менен негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарга токтоосуз жиберүүнү камсыздайт.
46-4. Мамлекеттик органдар чечимдин долбоору алынган күндөн тартып милдеттүү түрдө 3 жумуш күндөн кечиктирбей иштеп чыгуучу-мамлекеттик органдын электрондук дарегине чечимдин долбоору боюнча өзүнүн позициясын жиберет.
Иштеп чыгуучу-мамлекеттик орган мамлекеттик органдардын корутундуларын алган күндөн тартып 2 жумуш күндүн ичинде алардын сын пикирлерине жана сунуштарына ылайык долбоорду жеткире иштеп чыгат жана аны Өкмөттүн Регламентинин 33-6-пунктунда көрсөтүлгөн документтер менен бирге "Өкмөттүн кезексиз жыйынына материалдар" деген белги менен Өкмөттүн Аппаратына киргизет.
46-5. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо сектору чечимдин долбоорун токтоосуз каттайт жана тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүшкө өткөрүп берет.
Тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүш чечимдин долбоорлорунун нускаларын Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге жана Аппарат жетекчисине, ошондой эле Өкмөттүн кезексиз жыйынынын жалпыланган күн тартибин жана жыйынга чакырылган адамдардын тизмесин түзүү үчүн маселенин аталышын регламент секторуна жиберүүнү камсыздайт (электрондук почта боюнча).
46-6. Тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүш алардын позициясын жазуу жүзүндө алуу максатында актынын долбоорун же протоколдук чечимдин долбоорун укуктук экспертиза бөлүмү (милдеттүү түрдө) жана түзүмдүк бөлүмдөр менен (тейлөөчү мамлекеттик органдардын эске алынбаган сын пикирлери болгон учурда) макулдашат.
Жогоруда аталган бөлүмдөрдүн сын пикирлери жана сунуштары болгон учурда тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүш алардын позицияларын жазуу жүзүндө Премьер-министрге, вице-премьер-министрлерге, Аппарат жетекчисине жана иштеп чыгуучу-мамлекеттик органга жиберүүнү камсыздайт.
46-7. Ушул Регламенттин 46-5-пунктунда көрсөтүлгөн материалдар келип түшкөн күндөн тартып 1 күндөн кечиктирбей регламент сектору күн тартибинин, телефонограмманын, чакырылган адамдардын тизмесинин долбоорлорун түзөт жана аларды Аппарат жетекчисинин кароосуна киргизет.
Аппарат жетекчиси Өкмөттүн кезексиз жыйынын өткөрүү датасын Премьер-министр менен макулдашат.
46-8. Регламент сектору Өкмөттүн кезексиз жыйынын өткөрүү датасына чейин 1 күндөн кечиктирбей, Өкмөттүн кезексиз жыйынынын күн тартибинин долбоорун электрондук почта аркылуу жиберүү менен бир эле убакта жыйынды өткөрүү датасы, убактысы жана орду жөнүндө мамлекеттик органдарды кабарлайт.
Тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүш Өкмөттүн кезексиз жыйынын өткөрүү күнүндө чакырылган адамдарды таркатма материалдар менен камсыздайт.
46-9. Өкмөттүн кезексиз жыйынында иштеп чыгуучу-мамлекеттик органдын жетекчиси чечимдин долбоорун кабыл алуунун натыйжасында жетишиле турган максаттар жана милдеттер жөнүндө, мамлекеттик органдардын сын пикирлери жана сунуштары ж.б. жөнүндө маалымат менен чыгып сүйлөйт.
Ошондой эле чечимдин долбоору боюнча Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн ушул Регламенттин 46-6-пунктунда белгиленген позициясы айтылуу менен (алардын сын пикирлери жана сунуштары болгон учурда) тейлөөчү вице-премьер-министрдин позициясы угулат.
46-10. Өкмөттүн кезексиз жыйынында чечимдин долбоорун талкуулоонун жыйынтыгы боюнча чечимдин долбоорун сын пикирлер жана сунуштар менен кабыл алууда иштеп чыгуучу-мамлекеттик орган 1 жумуш күндүн ичинде аны жеткире иштеп чыгат жана тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүшкө киргизет, ал лингвистикалык экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин 2 жумуш күндүн ичинде чечимдин долбоорун тариздейт жана Премьер-министрге кол коюуга киргизет.
Чечимдин долбоорун сын пикирлерсиз жана сунуштарсыз кабыл алууда тейлөөчү түзүмдүк бөлүнүш лингвистикалык экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин 2 жумуш күндүн ичинде чечимдин долбоорун тариздейт жана Премьер-министрге кол коюуга киргизет.
46-11. Өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгы боюнча тейлеген түзүмдүк бөлүнүш 1 жумуш күндүн ичинде чечимдин долбоорун кароонун жүрүшүндө айтылган эскертүүлөрдү жана сунуштарды камтуу менен протоколдук чечимдин долбоорун даярдайт жана Өкмөттүн кезексиз жыйынынын протоколун тариздөө үчүн регламент секторуна берет.";
- 53-пунктундагы "тиркемеде көрсөтүлгөн форма боюнча (№ 8 үлгү)" деген сөздөр "Аппарат жетекчиси бекиткен форма боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Аппарат жетекчисинин тейлеген орун басарына" деген сөздөр алып салынсын;
- 54-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Аппарат жетекчисинин орун басары," деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Актынын долбоорун кайтаруу Премьер-министрдин, тейлеген вице-премьер-министрдин же Аппарат жетекчисинин колу менен кайтаруунун себептерин негиздөө аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.";
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Премьер-министрдин чечими менен актынын долбоору бардык негиздер боюнча кайра кайтарылышы мүмкүн.";
- 56-пункттун сегизинчи жана тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чечимдердин долбоорлорун биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Аппарат жетекчиси жана анын орун басарлары менен макулдашуу үч жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө ишке ашырылат.
Биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Аппарат жетекчисинин жана анын орун басарларынын сын пикирлери жана сунуштары макулдашуу барагында сунуштардын жана/же сын пикирлердин бар экендиги жөнүндө белги менен жазуу жүзүндө тиркелет.";
- 60-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ыкчам тартипте кабыл алуу үчүн киргизилген, көлөмү 100 беттен ашкан актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүнүн мөөнөтүн укуктук камсыздоо бөлүмүндө - ушул пункттун экинчи абзацында белгиленген мөөнөткө ар бир 100 бетке кошумча 2 жумуш күндү кошуп түзүшөт.";
- 66-пунктундагы "мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө" деген сөздөр "уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 73-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 86-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 93-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"93. Премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин дарегине англис тилинде келип түшкөн кат-кабарлардын (1,5 беттен ашпаган көлөмдө) расмий эмес котормосу эл аралык кызматташтык бөлүмү тарабынан камсыздалат жана жетекчиликке маалымдоо үчүн тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөргө жиберилет.";
- 99-пункту "Аппарат жетекчисинин орун басарларынын тапшырмалары" деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары - контролго алынган документтер)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 102-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы "Аппарат жетекчисинин орун басарларына, вице-премьер-министрлерге" деген сөздөр "Аппарат жетекчисине" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын актыларынын жана тапшырмаларынын" деген сөздөр "контролго алынган документтердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Контролго алынган документтердин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жыйынды (цифралык) маалымат иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо сектору тарабынан Аппарат жетекчиси бекиткен формада жана мөөнөттө Өкмөттүн жана Өкмөттүн Аппаратынын жетекчилигине берилет.";
- 103-пунктундагы "административдик чараларды" деген сөздөр "тартип жоопкерчилигинин чараларын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 104-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Документтерди аткаруу мөөнөтүн эреже катары, белгиленген аткаруу мөөнөтү бүткөнгө чейин 2 жумуш күндөн кечиктирбестен түзүмдүк бөлүнүштөр узартышат.
Контролго алынган документтердин аткаруу мөөнөтүн кайрадан узартууга (2ден көп жолу), эгерде жүйөлүү себептер болбосо, документтердин түздөн-түз аткаруучуларына карата тартип жоопкерчилигинин чараларын колдонуу жөнүндө маселени кошо кароо менен жол берилет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 104-1 - 104-2-пункттар менен толукталсын:
"104-1. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо сектору жума сайын түзүмдүк бөлүнүштөргө контролго алынган, ошондой эле башка контролго алынбаган документтердин (аткаруунун типтүү мөөнөттөрү менен: Өкмөттүн Аппаратына келип түшүүчү Өкмөттүн чечимдеринин долбоорлору) тизмесин жөнөтөт, алар боюнча маалымат берүүнүн мөөнөттөрү ушул жумада аяктайт.
104-2. Түзүмдүк бөлүнүштөр контролго алынган (контролго алынбаган) документтердин аткарылышы жөнүндө маалыматты иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо секторуна жазуу жүзүндө, түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин орун басарынын (ал жок учурда - түзүмдүк бөлүнүштүн жетекчисинин) колу менен беришет.
Мында берилген маалыматтын экинчи нускасы тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштө сакталат.";
- жогоруда аталган Өкмөттүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламентинин тиркемесиндеги № 1 үлгүдө:
"КРнын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлүнүн катчылыгы" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүм" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү" деген сөздөр "Уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 8-ноябрындагы № 590 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында документтер менен иштөөнүн регламентинин тиркемесинде баяндалган документтердин үлгүлөрү (№ 1-8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин буйругу менен документтердин үлгүлөрү бекитилгенге чейин жарактуу болоору белгиленсин.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |