РаспоряжениеКүчүндө

КР 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 818 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссияны бекитүү жөнүндө) буйругу

Редакция23.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2017-жылдын 23-ноябры № 818

(КР Премьер-министринин 2018-жылдын 4-майындагы № 314 буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 30-ноябрындагы № 777 "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссия тиркемеге ылайык курамда бекитилсин:

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 2 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 21-апрелиндеги № 182 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 24-декабрындагы № 543 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 18-сентябрындагы № 428 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 29-январындагы № 53 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 17-июнундагы № 328 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 4-майындагы № 306 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 2-октябрындагы № 655 буйругу.

 

Премьер-министр

 

С.Дж.Исаков

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын КУРАМЫ

(КР Премьер-министринин 2018-жылдын 4-майындагы № 314 буйругунун редакциясына ылайык)

Разаков Жеңиш Парпиевич

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы катарында;

Джунушалиев Кашкар Астаканович

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, Комиссиянын төрагасынын орун басары катарында;

Калилов Жамшитбек

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;

Касымалиев Адылбек Алешович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Араев Азамат Муратович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Абдралиева Гулмира Курманбековна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Скобеев Егор Леонидович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы;

Мурзалиев Амангелди Жолдошбекович

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;

Алимбеков Давлетбек Каарыевич

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;

Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;

Исаков Женишбек Исакович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

Аматов Эшмамбет Аматович

-

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Айдаралиева Расым Шаршекеевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Туйбаева Айнура Абдыкалыковна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;

Байдылдаев Мурат Курманбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;

Жумагазиев Канат Сагынович

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги;

Мусабаев Акылбек Суйунтбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин контролдоону жана ишти кабыл алууну камсыз кылуу бөлүмүнүн начальниги;

Милицкий Геннадий Алексеевич

-

Бишкек шаарынын вице-мэри, (макулдашуу боюнча);

Исаев Таланбек Кедейканоавич

-

Кыргыз Республикасынын милициясынын генерал-майору (макулдашуу боюнча);

Шабданалиев Темирбек Мусаевич

-

Кыргызстандын Ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Дууланов Батырбек Дууланович

-

Республикалык жеке транспорт ижарачылары жана айдоочулары коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Касмамбетова Чинара Сапарбековна

-

"Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);

Аракеев Асеин Абдраманович

-

Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын транспорт жана коммуникациялар боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Тюлегенова Зоя

-

Жол кыймылынын эрежелери боюнча адис (макулдашуу боюнча);

Чекирбаева Зарина Сулаймановна

-

Кыргыз Республикасынын Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Айдаралиева Гульмира Абдымажитовна

-

CAFMI Изилдөө институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Бейшеналиева Назира Тутановна

-

"Банк Азии" директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Турдубекова Назгул Усеновна

-

"Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);

Ибрагимов Болот Адылбекович

-

жарандык активист (макулдашуу боюнча);

Душеналиев Агзам Жолдошбекович

-

"Жол коопсуздугу" коомдук бирикмесинин координатору (макулдашуу боюнча);

Абдукаримов Равшан Туржанович

-

"Реформалар жана натыйжалар үчүн" жарандык союздун координатору (макулдашуу боюнча).

Суюналиева Нора Суеркуловна

-

Темир Джумакадыров атындагы "ProLex" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);

Мухтарбек уулу Кубатбек

-

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Ташууларды уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугу" кафедрасынын доценти (макулдашуу боюнча);

Исаков Тимур Аспекович

-

жарандык активист (макулдашуу боюнча).