Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2019-жылдын 30-сентябры, № 370-б
Айдоочуларды эл аралык жол кыймылына уруксат берүүчү документтер менен камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын үлгүсү жана бланкынын сыпаттамасы, 1-тиркемеге ылайык;
2) эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын үлгүсү жана бланкынын сыпаттамасы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы мурда түзүлгөн контракттар боюнча продукциянын калдыгын толук чыгымдагандан кийин ушул буйруктун 1-пунктунда аталган документтерди берүү жол-жоболорун баштасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 20-июлундагы № 321-б жана 2011-жылдын 3-мартындагы № 53-б буйруктары менен бекитилген үлгүдөгү бланктарда берилген документтер аларда көрсөтүлгөн меөнетүне чейин жарактуу деп таанылары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттерге жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте дипломаттык каналдар боюнча кабарласын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20-июлундагы 1998-жылдын № 321-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-мартындагы 2011-жылдын № 53-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 26-июлундагы 2019-жылдын № 278-б буйругу.
6. Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |
1-Тиркемени ЮМ архивинде караңыз
Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын үлгүсү
Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын сыпаттамасы
Бет жагы | Тескери жагы | |
1. | Жогорку сол бурчунда - Кыргыз | 1. № 9 - категориялардын коддору |
| Республикасынын Мамлекеттик | жана пиктограммалар. |
| желеги. | 2. № 10 - категориянын берилген |
2. | Жогорку борборунда - «Кыргыз | күнү. |
| Республикасы» жана | 3. № 11 - категориянын колдонуу |
| «Айдоочулук күбөлүк» деген | мөөнөтү. |
| сөздөр кыргыз, орус, англис | 4. № 12 - чектөөлөр тамгалар же |
| тилдеринде. | сүрөттөр менен. |
3. | Жогорку оң бурчунда - Кыргыз | 5. Таблицанын оң жагында, |
| Республикасын айырмалоочу | жогорудан ылдый - айдоочулук |
| белги - «KG». | күбөлүктүн ар бир пунктунун |
4. | Ортоңку сол жагында № 6 - | сыпаттамасынын тизмеги |
| ээсинин сүрөтү. | кыргыз, орус, англис тилдеринде. |
5. | Сүрөттүн алдында № 7 - |
|
| ээсинин колу. |
|
6. | Сүрөттүн оң жагында № 1 - |
|
| фамилиясы кириллица жана |
|
| латын тамгаларда. |
|
7. | № 2 - аты кириллица жана латын |
|
| тамгаларда, атасынын аты - |
|
| кириллицада гана, анткени бул |
|
| параметрди латын тамгада берүү |
|
| милдеттүү эмес. |
|
8. | № 3 - туулган күнү цифраларды |
|
| колдонуу менен, ал эми туулган |
|
| жери латын жана кириллицада. |
|
9. | № 4а и 4b - күбөлүктүн берилген |
|
| күнү жана колдонуу мөөнөтү. |
|
10. № 4с - берген орган, № 4d - жеке |
| |
| номери. |
|
11 | № 5 - күбөлүктүн номери. |
|
12 | № 8 - жашаган жери, кириллица |
|
| жана латын тамгаларда. |
|
13 | № 9 - күбөлүк колдонулган |
|
| транспорт каражаттарынын |
|
| категориялары. |
|
2-Тиркемени ЮМ архивинде караңыз
Эл аралык
үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын үлгүсү
Эл аралык
үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын сыпаттамасы
Мукабанын бет жагы | 1. «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ» деген сөздөр кыргыз жана англис тилдеринде. 2. Кыргыз Республикасын айырмалоочу белги - «KG». 3. «ЭЛ АРАЛЫК АВТОМОБИЛЬ КЫЙМЫЛЫ» деген сөздөр кыргыз жана англис тилдеринде. 4. «ЭЛ АРАЛЫК АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК» деген сөздөр кыргыз жана англис тилдеринде. 5. Күбөлүктүн номери. 6. «1968-ЖЫЛДЫН 8-НОЯБРЫНДАГЫ ЖОЛ КЫЙМЫЛЫ ЖӨНҮНДӨ КОНВЕНЦИЯ» деген сөздөр кыргыз жана англис тилдеринде. 7. «КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ» деген сөздөр кыргыз жана англис тилдеринде, киргизилүүчү маалыматтар цифралар менен толтурулат. 8. "БЕРГЕН МЕКЕМЕ" деген сөздөр кыргыз жана англис тилдеринде, киргизилүүчү маалыматтар тамгалар жана цифралар менен толтурулат. 9. «БЕРИЛГЕН ЖЕРИ» деген сөздөр кыргыз жана англис тилдеринде, киргизилүүчү маалыматтар тамгалар менен толтурулат. 10. «ДАТАСЫ» деген сөз кыргыз жана англис тилдеринде, киргизилүүчү маалыматтар цифралар менен толтурулат. 11. «УЛУТТУК АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТҮН НОМЕРИ» деген сөздөр кыргыз жана англис тилдеринде, киргизилүүчү маалыматтар тамгалар жана цифралар менен толтурулат. 12. Күбөлүктү берген ыйгарым укуктуу адамдын колу (ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт). |
Мукабанын биринчи бетинин ички жагы | Төмөнкүдөй мазмундагы сөздөрдү камтыйт: «Бул күбөлүк менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө болбойт. Ал тиешелүү улуттук айдоочулук күбөлүктү берген учурда башка баардык Макулдашуучу тараптардын аймагында жарактуу. Айдоого укук берген транспорт каражаттарынын категориялары китепченин аягында көрсөтүлгөн. Бул күбөлүк өзүнүн ээси үчүн кадимки жашаган жери болуп калган башка Макулдашуучу тараптын аймагында өзүнүн күчүн жоготот.» |
1-4-беттер | 6-беттегидей эле кыргыз, орус, англис жана испан тилдеринде толтурулат |
5-бет | Бош |
6-бет (француз тилинде толтурулат) | 1. Төмөнкүдөй сездөрдү жана цифраларды камтыйт: «АЙДООЧУ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ» Фамилиясы:....................................................................1 Аты, башка ысымдары:.................................................2 Туулган жери:................................................................ 3 Туулган датасы:.............................................................4 Туруктуу жашаган жери:..............................................5 АЙДООГО КҮБӨЛҮК БЕРИЛГЕН ТИЙИШТҮҮ КОДДОРУН КӨРСӨТҮҮ МЕНЕН ТРАНСПОРТ КАРАЖАТТАРЫНЫН КАТЕГОРИЯЛАРЫ ЖАНА КАТЕГОРИЯЧАЛАРЫ». Киргизилүүчү маалыматтар цифралар жана тамгалар менен толтурулат. 2. Таблица категориянын коддору/пиктограммалар менен. Таблицанын алдында «КОЛДОНУУНУ ЧЕКТӨӨЧҮ ШАРТТАР» деген сөздөр жайгашкан |
7-бет (француз тилинде толтурулат) | 1. Айдоочу тууралуу маалыматтарды жазуу үчүн 5 сап калтырылган (фамилиясы, аты жана башка ысымдары, туулган жери, туулган датасы, туруктуу жашаган жери). 2. Таблица категорияларды көрсөтүү менен, анда транспорт каражатынын ар бир категориясы/категориячасы үчүн күбөлүк берген ыйгарым укуктуу органдын мөөрү үчүн орун калтырылган. 3. Таблицанын оң жагында күбөлүктүн ээсинин сүрөтү жана анын колу үчүн орун көрсөтүлгөн. 4. Таблицанын алдында «Өзгөчө учурлар», «Күбөлүктүн ээси аймак боюнча айдоо укугунан ажыратылды», «чейин», «датасы» деген сөздөр жайгашкан, ошондой эле кол коюу үчүн жана өзүнүн аймагында айдоочулук күбөлүктү колдонууну жокко чыгарган ыйгарым укуктуу органдын мөөрү үчүн орун калтырылган |
8-бет | Бош |